Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Гезиттер цементтин кымбатташы, кадр тандоонун кемчилиги, бийликтин алсыздыгы жана башка маселелер тууралуу жазып чыгышты.

“Де-факто” гезити: “Цементтин баасы асмандады, “кызыл кулактарды” өкмөт жазалай албайт” деген баштеманын алдында жарыялаган макаласын тартуулады. Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин башчысы Бакыт Исаев кышында цементтин баасы арзан болуп турганда, жайында кымбаттап кетет, алдын ала сатып алып коёюн деп ойлонбойт, биз экинчи рынокту көзөмөлдөй албайбыз десе, депутат Туратбек Мадылбеков заводдон өз баасында алып чыгып, элге кошуп сатып жаткандардын баарынын жогор жакта колдоочулары бар, өкмөт алып сатарлар менен күрөшүп, жергиликтүү бийликтин жардамы менен атайын түйүндөрдү ачып койсо кантип болбосун, өкмөттүн сүткөрлорго да алып жетпей калды, - деп айтты.

“Арена.кg” гезити менен маек курган КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков “Курултай саясый күрөштө жүргөндөрдүн гана куралы, элдик курултай деп ураан чакыргандардын көбү курултайды жамынып алып өз кызыкчылыктарын ишке ашыруунун аркетин көрүп жаткандай ой калтырат” деди. Ушул эле гезитке “Алиби” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков: “Цементтин, жолкиренин кымбатташына Сариев күнөлүү” деген аталыш менен маек берип, завод жетекчилеринин печкаларын антип атат, минтип атат дегени жөн эле шылтоо экендигин, бааны алып-сатарлар көбөйтүп жатканын айтты.

Публицист Папан Дүйшөнбаевдин “Күндарек” гезитинин өткөн санынан баштап жарыяланып келаткан “Айымкан эне ким болгон? Же Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянындагы бурмалоолор” деген макаласынын корутунду бөлүгү жарык көрдү. Журналист Бакай Чилтегинден “ИИМдеги өкүм-зордуктар качан токтотулат?” деген иликтөө макаласы да ушул санда.

“Айат” гезити борбор шаардын жүргүнчүлөрдү ташып жүргөн айдоочулардын ой-пикирлерин сүрөттөрү менен басып чыгарды. Аталган гезит муну менен бирге эле “Манастагы” АКШнын аскер базасы тууралуу макалалардын топтомуна да орун берди. Өнөржай ишмери Орозбек Дүйшеевдин маеги “Бийлик кадр тандоодо чоң катачылыктарды кетирүүдө” деп аталып, азыркы бийликтин ишине курсагы тойбой турганын, колунан иш келген чыныгы адистер менен иштөө дегенди бул бийлик таптакыр унутканын, оппозициясына да ичи чыкпаганын айтып кейиди.

“Учур” гезити “Прокуратура элдин ишениминен чыкты!” деген ат менен Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Кайрылуу катка кол койгон “Башпрокуратуранын кызматкерлери” деп жазылып турат. Кайрылууда Бакиевдин бийлиги келгенден баштап А.Бекназаров, К. Конгантиев, Н. Турсункуловго окшогондор прокуратураны коррупцияга белчесинен батырганы, булар курсташтарын, жердештерин, досторун жана капчыгы калың шылуундарын кызматка алуу менен паракорчулукту гүлдөткөнү тууралуу сөз болот. Айрым адамдардын аттары аталат.

Салянованын шалаакылыгынан улам 7-апрелден кийин Максим Бакиевдин коррупциялашкан достору Елисеев, Чудинов, Гурьевич, Надельдерге козголгон, тергелген иштер соттон акталып, мамлекетке келтирилген миллиондогон чыгымдар кайтарылбай, элди тоногондор сүттөн ак болуп акталып чыкканы сөз болот. Прокуратура тармагы байлык менен бийликтин куралына айланганы тууралуу айтылат.

“Параграф” гезити “Конституциялык реформа жасоо керекпи?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: Эгерде биз 3-революция болбосун десек, тез арада Башмыйзамды өзгөртүшүбүз керек.

Банкир Муратбек Мукашев: Мыйзамды өзгөрткөндөн эч кандай пайда жок. Саясатчылар өздөрү өзгөрүүсү керек. Эгерде саясатчылар өзгөрбөсө өлкөдө эч кандай өзгөрүү болбойт.

Экономика доктору Айылчы Сарыбаев: Мамлекет башчысы өкмөт башчысы эмес, өкмөт башчысы мамлекет башчысы эмес, президент менен өкмөт башчысы бири-бирине карама-каршы болуп калган. Биздин Конституция дүйнөдө жок жапайы Конституция. Бирок негизги мыйзамдар туура болсо өлкө Конституциясыз деле жашай берет. Бардыгын эле Башмыйзамга шылтай бербей бийлик башында тургандар мамлекетти алга жылдырууну ойлонушу керек, - деп жооп берди.

“Асман пресс” гезити генерал Мирослав Ниязовдун “Жоопкерчиликсиз башкаруу системасын түзүп алдык” деген интервьюсуна орун берди. Ниязов мырза азыркы бийликте олтургандардыын колу да, ою да таза эместигин, саясый багыты жок адамдар экендигин айтып сындады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG