Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Бүгүн кыргыз тилдүү “Кереге”, орус тилдүү “Дело №...” гезиттери жарык көрдү.

“Кереге” гезити журналист Элизат Турсунованын “Бабановдун эйфориясы же түпкө жетчү жети пайыз” аттуу сын макаласын тартуулады.

“Ак калпак” саясий партиясынын башчысы Улук Маматаевдин маеги “Июнь окуясына убактылуу өкмөттөгүлөрдүн баары күнөөлүү” деген ат менен жарык көрдү.

Ушул эле санга “Аферисттик менен шугулданган “DIAMOND REWERDSтин” артында кимдер турат?” деген макала жарыяланды. Макалада гезит редакциясына “коомчулук да бизге окшоп жабыр тартып калбасын деп көз жашын көлдөй төгүп, аферисттерге алдаткан аялдар келгенин, алар алданган компаниянын өкүлдөрү кымбат баадагы асыл таш алып келебиз деп карапайым адамдардын акчаларын жыйнап алып, ошол бойдон "куйруктарын түйүп" жок болгонун маалымдап, компаниянын артында “депутат Ахматбек Келдибеков турабы?” деп суроо койгон.

Маселен Таластын Чат-Базарынанмын деген Күлүмкан аттуу аял бул компаниянын артында Ахматбек Келдибековдун аялы менен кайненеси, Парханова Орозгүл деген кайнежеси иштегенден кийин алдабайт экен деп ойлогонун, бирок алданганын, уюн, торпогун сатып кыз-күйөөсүн ошол компанияга 32 миң сом төлөп киргизгенин, мында иштегендер Роза Отунбаеванын атын жамынып аферисттик кылганын айтып берген.

“Дело №...” гезити сотторду тандап алуу Кеңешин каржылоодон Минфин баш тартканын, келерки окуу жылына карата 72 наамдагы окуу китептери 3 млн. нускада басылап чыгарын, өкмөттүн иш башкармалыгы деген кызмат жоюлганын кабарлады.

“Ушул да жашообу?” деген рубриканын алдындагы чакан кабарда эки бөлмөлүү тамга жетиш үчүн Кыргызстанда жашаган жаш үй-бүлөгө орточо эсептегенде 20 жылдан ашуун мезгил кетерин, Бишкекте эки бөлмөлүү батирдин баасы 45 миңден ашуун доллар турарын маалымдады.

Ушул эле гезит мындан ары мас болуп машине айдаган шоопурлардын жоопкерчилиги күчөтүлөөрүн, МАИнин башчысы Талантбек Исаевдин айтымында, мас болуп машине айдагандарга салынган айып пулдун көлөмү көбөйтүлөрүн же айдоо укугунан 2 жылга ажыратыларын, кокус мас болуп айдап баратып жүргүнчүлөрдү авария кылса 20 миң сомго чейин айып пул салынарын же 3 жылга машине айдоо укугунан ажыратыларын маалымдады.

“Дело №...” гезити журналист Артур Исаевдин “Пресс-шантаж же “Учкундун” башкы деректири үчүн “счетчик” деген макала басты.

Макалада 11 миң сом алып аткан жеринен күч органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган “Майдан.kg” гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов тууралуу сөз болот.

Ошентип расмий билдирүүлөргө таянсак Нургазы Анаркулов адегенде “Учкундун” башкы деректиринен миң доллар талап кылган. Анан кеп-сөзгө келишүүдөн кийин акчанын көлөмүн 15 миң сомго түшүргөн. Бирок миң долларды кечиктирген ар бир күн үчүн миң сомдон кошулуп турарын эскерткен. “Майдан” гезитинин башкы редактору Анаркулов бир эле учурда Камчыбек Ташиев башкарган “Ата Журт” фракциясынын пресс-катчысы да болуп иштеген. Ошентип коркутуу жолу менен акча өндүргөн журналист камакка алынды.

Ал эми гезиттин башкы редактору Гүлзат Турдалиева “Майдан” гезити ар дайым бийликти, айрыкча өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановду жана президент Атамбаевди сындаган материалдарды басып келгендиктен бул деген саясий куугунтук деп эсептей тургандыгын билдирген.

“Дело №...” андан ары “Майдандын” оппозиционер редактору “Учкундун” башкы деректири Болоткановго кандай компроматтарды даярдап койгону азыр да белгисиздигин, редакциянын Болотканов менен байланышкысы келгенинен майнап чыкпаганын, кабылдамасына чалса телефонду алган эркек адегенде деректир кызмат ордунда жок деп айтканын, андан кийин чалса Болотканов кабинетинде, бирок колу бош эмес дегенин жазган.

Гезит андан ары Нургазы Анаркулов күч органдары тарабынан камакка алынгандан бир жума мурун анын гезити “Майданга” "Болотканов “Учкунду” боткого айлантты” деген макала басылганын, андан аталган ишкананын мукабалоочу цехинин жүзгө жакын жумушчулары жетекчиге нааразы болуп митингге чыкканын, митингде айлык акыларын өз убагында төлөп берүү, жакшылап шарт түзүү өңдүү талаптарды койгонун, Кубат Болотканов митингге чыккандарды оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, анан күзөт кызматындагылардын күчү менен залга айдап киргизип, ар биринин оозун басыш үчүн 500 сомдон таратып бергенин, жумушчулардын айтымында, алар алтынчы күнү да, кээде дем алыш күнү да иштээрин, бирок айлык акыны аларга келгенде ишкананын башкы бухгалтери Айнагүл Акматкулова өз жанынан төлөп аткансып араң-араң берерин, эптеп тапкан 5 миңден 8 миңге чейинки эмгек акыларын да жөн бербей бөлүп-бөлүп берерин жазып чыккан макаланы орусчага которуп жарыялаган.
XS
SM
MD
LG