Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Кайда келатабыз?


Бүгүн "Дело №..." гезити жарык көрдү.

“Машинеси менен адамды коюп кетип өлтүргөн милициянын подполковнигинин канынан спирт ичимдигин табалбай коюшту. Анда жол кырсыгын жасаган Арстанбек Ормушев эч нерсе ичпеген болсо, кырсык болгондон кийин эмне үчүн наркологиялык борборго кан тапшыргандан баш тартты? Эмне үчүн журналисттерден качты?” деген суроонун алдында макала жарыялаган "Дело №..." гезити, мыйзам боюнча машинесин мас абалында айдап баратып адам өлүмүнө алып келген кылмыш иши жабыр тарткан тарап күнөөкөрдү күнөөгө тартуудан баш тарткан күндө да токтобошу керектигин, ал баары бир жазага тартылышы керектигин эскертти.

Гезит бул боюнча интернетке келген каттардын бир тобуна орун берген экен, анын бири мындай деп жазган: “Күнөө кылган адам көз алдында турса дагы көрмөксөн болуп, ал жөнүндө телевизордон көрсөтүп жатса дагы билмексен болуп, гезиттер кайра-кайра жазып жатса дагы окубаган болуп, а кылмышкер жоопкерчиликтен оңой эле кутулуп кетип жатат. Бул эмне деген мамлекет? Биз мындан мурдагы бандиттик башкаруу бийлигин эмне үчүн кулаттык эле? Айткылачы, эми алардын ордуна погон тагынган бандиттер пайда болдубу? Мындайларды элдин сотуна коюш керек!"

Ушул эле гезит ушул эле темадагы дагы бир макаласын “Кош болгула, түшүнгүлө жана кечиргиле...” деген теманын алдында тартуулады.

Нарындын Эчки-Башы айылынын тургуну, 36 жаштагы Үсөн Турсуналиевдин өлөр алдында мындай кат жазган: “Алтыным, апа, кечирип коюңузчу. Ушундай болуп калды. Бактияр, Данияр, Урмат, Беккара, жандарым, туура түшүнгүлө. Гүлмира сенин убалыңа калдым. Бактияр бөбөктөрүңдү жакшы кара. Жакшы бала болгула. Түбөлүк кош.

Начальник ПОМ Илич деген 13000 сом коркутуп алды, дагы 20 000 сом бересиң, болбосо кестирип ийем деп.

АПА, алтыным кечириңиз. Ак сүтүңүздү актай албадым”
деп милиция коркутуп акча өндүрөрдөн ушинтип коштошуу катын жазып, чөнтөгүнө салган бойдон өз жанын өзү кыйып кете берген.

“Дело №...” андан ары бул өлгөн жигит ашып кеткен деле бай болбогондугун, эки жеңил, бир жүк тартчу машинеси барын, мал тартып соода кылып, үй-бүлөсүн, артында калган төрт баласын тың багып, орто жашап жүргөн адамдын бири болгонун, тилекке каршы арадан эки ай өтсө да Турсуналиевдин өлүмүнө күнөөлүү болгон нарындык милициялар эмдигиче жазасын албай жүргөндүгүнө коомчулуктун көңүлүн бурду.

Журналист Артур Исаев алыскы айылдардын биринде ичип-жебей, өз оокатын өзү кылып, балдарын багып келаткан адамды жөн койбой, акча талап кылып, коркутуп жатып өлтүргөн окуянын себептерин иликтеп чыгып, макаласынын аягында эгер бул чын эле ушундай болсо, дегеле Нарында бийлик жок дегенди билдирерин, андыктан Үсөн Турсуналиевдин ишин Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитети өздөрү колдоруна алышы керектигин, эгер бул ишке дагы эле көз жумду кылып койо турган болсо, экинчи революция дал ушундай иштерге кайдыгер карап, кол шилтеп койгондон, карапайым элди каакы ордуна көрбөй тебелеп-тепсей бергендиктен келип чыкканын эске салуу менен, эл дагы эле чыдап, ээрдин тиштеп, оң колунун ачуусун сол колу менен басып турганын, ошол эле убакта ар кайсыл жерден “азыр Бакиевдин убагындагыдан да жаман болуп кетти” деген сөздөр чыга баштаганын, бийлик эси бар кезинде этегин жаппай турган болсо, өкмөттүн өтүкчөн суу кечип телеге түшкөн сели эч нерсеге арзыбай каларын, баарынан элдин сели каптаса жаман болорун бийлик башында отургандарга дагы бир жолу коңгуроо кылып какты.

Ушундай эле себеп менен 7-июнь күнү Баткен облусунун аскер бөлүгүндө жаш офицер кат жазып калтырып, өз жанын өзү кыйган. Алдын ала алынган версиялар боюнча прокурор андан 100 миң сом талап кылган деген сөздөр бар.

“Дело №...” гезити ошону менен бирге эле “Чалдовардагы тополоң Кыргыз мамлекетинин абалын көрсөткөн күзгү” деген макаласында кыргыз чекисттери кыргыз менттерин коргогондор менен албууттанган туугандарынан сактаныш үчүн коңшу Казакстанга кантип кире качып баш калкалаганы тууралуу баяндады.

Аталган гезит келаткан бешинчи күнү республиканын Коргоо кеңешинин дал ушул Чалдовар окуясын талкууга алган чоң жыйыны болгону жатканын, ошондо көптөгөн фактылар сыртка калкып чыгарын, жыйын өтө катуу болот деп айтып атышканын, Башкы прокуратура алтургай Панфилов райондук Ички иштер бөлүмүнүн бүткүл составын иштен айдоо сунушу менен чыга тургандыгын, мындан ары кызматкерлерди өз жеринде эмес, бөлөк райондорго иштетүү практикасы кайрадан колго алынарын маалымдады.

Бул санга “Суу кошпогон популизм же Бабанов башкарган өкмөт коррупцияны кантип жок кылгысы келди?” деген ат менен журналист Вадим Ночевкиндин макаласын окуйсуздар. Макалада коррупцияны жок кылыш үчүн өкмөт тарабынан сунуш кылынган аракеттер талкууга алынат.
XS
SM
MD
LG