Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Алака


Гезиттер Кыргыз президенти Атамбаевдин Бээжиндеги иш сапары ийгиликтүү болгонун жазып чыгышты.

“Де-факто” гезити “Кумтөр” боюнча түзүлгөн комиссия келишимге кол койгон жана Акаев заманынан бери алтын жеп келеткан чиновниктердин аттарын атайбыз” деди деп кабарлады.

Гезит Атамбаевдин Бээжиндеги расмий сапары жемиштүү болгонун журналист Айгүл Бакееванын макаласы аркылуу баяндады.

Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү завод Борбор Азиядагы геосаясый кырдаалды өзгөртөрүн, анткени заводдун ишке кириши менен Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болуп, күйүүчү-майлоочу май менен өзүн-өзү камсыздап, башка өлкөлөрдүн көзүн карабай калары ушул завод тууралуу жазылган макалада сөз болду.

Тарых илимдеринин доктору, КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегиндин “КТРК калайык калкка кызмат кылса” деген ат менен маеги жарыяланды.

“Арена.kg” гезити “Таластын “смотрящийи” Кыргызбай Култаевди ким куткарды же министр эмнеге нааразы?” деген баштема менен бүгүнкү санын ачты. Министр Зарылбек Рысалиев ички иштер министрлиги да сот, прокуратура кызматкерлерине каршы иштерди козгой ала турган укукка ээ болушу керектигин, маселен 6-июнда Аламүдүн райсоту Талас облсотунун чечими менен 16, ага чейин 2 адамды өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою түрмөгө кесилген Кыргызбай Култаевди боштондукка чыгарып жибергенин, дагы бир мисал Жайыл райсотунун судьясы Чырмашев 13 жаштагы кызды зордуктаган кылмышкерди шарттуу түрдө гана жазалап тим болгонун кейиш менен кеп кылды.

“Айат” гезитиндеги Балбак Түлөбаевдин макаласы “Атамбаевдин Кытайга сапары же Каримовдун колдоосу” деп аталып, Кытайдагы чоң чогулушта өзбек президенти Ислам Каримов акылдуу киши эмеспи кыргыз президенти Атамбаевди толугу менен колдоп чыкканын, Каримовдун колдоосу казак президентинин көңүлүн чөгөргөнүн, биздин президенттин чоң жетишкендиги казактардын бидеме болсо эле чек араны бууй салган бөтөнзордугунан кутулуп темир жол салганы калганын, экинчиден өзбек туугандардын “светиңди өчүрөм” дегенинен кутулуп, Датка-Кемин линиясын тартканга кол коюп келгенин кубануу менен жазып чыкты.

“Мегакомдун” күнөөлөнүп абакта олтурган башчысы Азамат Мурзалиевдин жубайы Жаңыл Мурзалиева кабарчынын:

- Камчыбек Ташиев “Азамат Мурзалиевдин уулу менен Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов "Мегакомдон" 2 млн. долларды Германиядагы жеке фирмасынын эсебине которуп жиберген дегенине:

-Эң улуу балабыз 12 жашта. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, 12 жаштагы бала кантип чоң компаниядан ушундай акчаны уурдаганга алы келсин? Бул ушак сүйлөгөндөрдүн фантазиясы, - деп жооп берди

Депутат Ширин Айтматованын маеги “Парламент мурунку “Ак жолдун” кейпин кийип калдык” деп аталды. Ат-Башыдагы номур биринчи арызчы аталган же немистерге ок ташыган иттин ээсинин баласы Калыбек Арбаевдин маегин да ушул “Айат” гезитинен окуйсуздар.

“Учур” гезити “Контрабандист “атамекенчи” деген макала менен жаңы санын ачты. Анда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматов тууралуу кеп болот. Экс-депутат Кубанычбек Кадыровдун маеги “Бабанов баштаган өкмөт тез арада отставкага кетиши зарыл” деп аталды.

Депутат Каныбек Осмоналиев маегинде прокуратура молдолордун байлыгы менен аялдарын текшербесе болбой калганын айтса, депутат Турат Мадылбеков коррупция гүлдөп жатканын, кылмышкерлер сайрандап жүргөнүн жакында боло турган жыйында ачыкка чыгарарын айтты.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытов “Асман press” гезитинин кабарчысы менен маектешип атып, бизнесмендер бийликте олтурганда адилеттүүлүк болбостугун кеп кылса, депутат Алтынбек Сулайманов тарыхтын такталганы улуттун сакталганы болорун, ошондуктан тарыхты тактап, аны калың элге жеткире турган жатык тил менен жаздыруу үчүн аракеттерди көрүп жатканын баяндады.

Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Нарбаев “Жер басып алуудан улам Бишкекке 1182 гектар жер тилкеси берилген маалыматты маегинде шардана кылды.

“Асаба” Улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Салмоор Дыйкановдун маеги “Ооба, мен улутчулмун” деп аталса, “Генерал Ысакбек - мекенчил демилге” коомдук фондунун деректири Абдувахаб Мониевдин маеги “Ата Мекен” жөнүндө оюмду күздө айтам” деп аталды.

Депутат Курмантай Абдиев “Арена.kg” гезити аркылуу парламенттен башка өлкөнүн бир дагы министрлигинде мамлекеттик жыйындар кыргыз тилинде өткөрүлбөгөндүгүн, баягы совет доорундагыдай эле орус тилинде өтүп келатканына көңүлдөрдү бурду.

"Параграф" гезити аркылуу оюн айткан белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов уялбай этпей эле өз байлыгы тууралуу билдирүүсүндө болгону 19 эле миң долларым бар деп эсеп бергенин сынга алды.
XS
SM
MD
LG