Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Гезиттер өлкөнүн турмушундагы окуялар тууралуу ар кандай көз караштагы макалаларга, маектерге орун берди.

“Учур” гезити бул санын депутат Жылдыз Жолдошеванын гезит кабарчысы Зулпукаар Сапановго берген маеги менен ачты. Жылдыз айым Ош окуясы, Кадыржан Батыров, Текебаев, Убактылуу өкмөт тууралуу сөз кылды. Ал Текебаевдин сотунан да, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн да коркпой турганын, эки жылдан бери унчукпай келгенине карабастан Текебаев чийинден чыгып кеткенин, эми мындан ары булардын кысымына чыдабай, катуу кармашарын айтты.

Ушул эле гезит депутат Канат Исаевдин “Өкмөт тымызын Бакиевдерге жан тартууда” деген маегин басты. Депутат айтканына далил катары “Мегаком” компаниясы 100 процент Елисеевге таандык экенин билип туруп, анын 49 пайызын өкмөткө алымыш болуп, 51 процентин калтырып койгонун, Жогорку Кеңеште “51 проценти да улутташтырылсын” деп токтом кабыл алынса да токтом аткарылбаганын, “Аврора Грин” пансионатындагы Ширшов менен Максимге тишелүү объектилер соттон утуп алганын, кыскасы өкмөт Бакиевдерге тымызын жан тартып атканын айтты.

“Де-факто” гезити “Кумтөр” мафиясы: кечээ жана бүгүн” деген баштема менен алтындын чуусун баяндады

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев маегинде өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, президенттин иши тууралуу суроолорго өз көз карашын, ойлорун ортого салды.

Буга удаа эле Атай Садыбакасовдун маеги жарык көрүп, бирөө тамашалап интернеттен бир жакшынакай үйдү сүрөтүн алып чыгып, “ушул үй Отунбаеванын үйү экен” деп жазып койсо, таң калыштуусу аны кыргыз гезиттеринин баары, анык-бышыган иликтебей туруп эле, үй Отунбаеваныкы экен, кошуналары Маргарет Тетчер, Агата Кристи менен Марк Твен экен деп жазып чыгышканын, мына ушундан улам анын үй-бүлөсү тууралуу ушактарга теңелүүнүн деле зарылдыгы жок экенин байкаганын, кайра күлгөнүн, Бишкектин Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде квартирасы барын, болгону ошол үй экенин айтып берди.

“Айат” гезити ушул 6-күнү журналисттер Мелис Эшимкановдун элесине арналган футбол мелдешин өткөрөрүн, Жолдошева Текебаевди эл аралык сотко берерин, Ширшовдун энергетикалык кара схемалары дагы эле иштеп жатканын, Коррупция эми “Ата Мекен” партиясына жеткенин, түрк тилинде жазып, сүйлөгөндөгү мыкты жетишкендиги үчүн Алтынай Бакыт кызы алтын медал утуп келгенин, буудай аз болгон менен ун кымбаттабай тургандыгын кабарлады.

“Параграф” гезити врач нарколог Шайлообек Өмүралиевдин аракечтик оорусуна байланыштуу маегин жарыялады. Маегинде аракеч адам эч качан аракка берилгендигин мойнуна албай тургандыгын, күн сайын ичип келсе дагы “аракеч эмесмин” деп, “ичпе” деп айткан адамды жаман көрөрүн, аракечтиктен арылтуу үчүн тамырына 8-12 түрдүү дарыны аралаштырып сайып, 5 күн дарыларын, мээси ордуна келгенден кийин бул оорудан кантип кутулуунун жолун түшүндүрөрүн баяндап берди.

“Интер гезит” деп талган жаңы гезиттин 3-саны жарык көрдү.

Аталган гезит белгилүү ортопед-травматолог Сабыр Жумабековдун “Министр болом деп бир жыл убактымды жоготтум” деген маегин окурмандарга тартуулады.

“Чөнтөгүңдү көрсөтчү, кайсы окууга барарыңды айтайын” деген теманын алдындагы макалада студенттердин 90 проценти бүгүн акы төлөп окуй тургандыгына токтолуп, жогорку окуу жайларындагы төлөө акыларынын суммасын жазып чыкты. Маселен Оштогу медициналык факультетте билим алгың келсе 29 миң сом төлөсөң, Бишкектеги медакадемияга кириш үчүн 41 миң сом төлөшүң керек. Акаевдин убагында Жогорку окуу жайларына түшкөн акчанын 50 процентин мамлекет тартып алып келсе, Бакиев бийлиги да Жогорку окуу жайларынын капчыгына кол салып, 20 проценттик салык дегенди киргизгенин, ошентип биздин өлкө жогорку окуу жайларынан салык алган дүйнөдөгү бирден бир өлкө экендигин ушул макаладан окуса болот.

“Де-факто” гезити алыскы Ат-Башы районундагы Казыбек айылындагы орто мектептин тарых мугалими Касымбек Кадыракуновдун “Мектеп формасын киргизип, тестти жоюу керек” деген аталыштагы маегин тартуулап, эки бетин айыл мектебиннин проблемаларына арнады. Мектепти бүтүргөндөрдүн айрымдарынын ойлорун ортого салды.
XS
SM
MD
LG