Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

Ошентип Сириядагы ич ара согуш толук масштабда алоолонуп, кырчылдашкан кандуу кармаш эми борбор шаар Дамаскка келди, деп кабарлоодо Батыштын массалык маалымдоо каражаттары.

Атышуунун өртү азырынча шаардын борборуна жете элек, бирок минтип отурса ага деле аз калган сыяктанат, деп жазды The New York Times гезити. Ал эми ВВС, СNN, "Евроньюс" сыяктуу эл аралык телеканалдар АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун “Башар Асаддын күнү бүтөөрүнө саналуу күндөр калды” деген сөзүн улам кайталап көрсөтүүдө.

Египеттин жаңы шайланган президенти Мухаммед Мурси болсо кызматына толугу менен киришти. Америкада болсо Барак Обаманын ташы өйдө кулагандай кейпи бар. Анын 34 миллионго жакын чөнтөгү жука америкалыктар үчүн убада кылган саламаттыкты сактоо боюнча мыйзамын Жогорку Соттон да утуп алып, күздө боло турган шайлоо алдында саясий позициясын бир топ бекемдеп алгансыды.

Time журналынын акыркы маалыматына караганда, Обаманын рейтинги кийинки кезде бир канча төмөн кеткенине карабастан, дале болсо атаандашы Ромниге караганда алдыда (Обама—47 пайыз, Ромни—44 пайыз).

Ташкенден чыккан “Правда Востока” гезити акыркы санында Тажикстан көптөн бери курам деп, бирок курганга каражат издеп аткан Рогун ГЭСи тууралуу эксперт-гидрологдордун пикирин жарыялады. Адистердин айтканына караганда, Вахш дарыясынын Рогун ГЭСи курулмак болгон жерлеринде сел жүрүү коркунучу илгертен эле абдан күчтүү экен. Анын үстүнө ГЭСтин негизги порталынын бийиктиги 350 метрден да жогору болуп, эгер аны сел каптаса, эртедир-кечтир дамба жырылып кетүүсү абдан ыктымал экен. Андай болсо бүткүл Ѳзбекстандын коопсуздугу коркунуч астында калаары түшүнүктүү нерсе го. Ошондуктан эки кошуна мамлекетти ачык душмандашууга алып келип жаткан опурталдуу Рогун ГЭСинин курулушу азырынча башы ачыла элек маселе сыяктанат.

Кийинки мезгилде Дүйнөлүк Банктын адистери да бул маселени 15 миллион доллар коротуп изилдеп чыгып, бирок алардын да пикири тескери болуп жатыптыр.

Ошону менен бирге өзбек мамлекетинин кошуна мамлекеттер менен ар дайым салкын алакасы, деле Ташкендин оомалуу-төкмөлүү тышкы саясаты башынан белгилүү нерсе. Орусиянын “Коммерсантъ” гезити өзбектер 2008-жылы ЕразЭСтен чыкса, эми азыр ЖККУдан да баш тартып жатканын анализдеди. Муну орус гезити Ѳзбекстандын Америка менен кезектеги “көз кысышуусу” деп атады. Эми Ташкент чыгып кете турган бир гана КМШ уюму калды окшойт, деп белгилейт “Коммерсантъ”.

Батыш менен “көз кысышуу” саясаты КМШнын барандуу мүчөсү Орусияга да мүнөздүү болуп баратат. Кыргызстан Америка менен кызматташканына ар дайым кызганыч менен мамиле кылган орус агайындар өздөрү да азыр аэропорттору менен автожолдорун, керек болсо темир жолдорун да Ооганстанга жүк ташыганга же ташып чыгып кеткенге кенен уруксатын берди.

Коммунисттер Мамлекеттик Думада бир топ эле ызы-чуу салганына карабай, премьер-министр Медведев өз токтому менен Ооганстанга жүк ташуу үчүн аба жолун да, башка транспорт түйүндөрүн да пайдаланууга Америкага жакшы шарт түздү. Бул мааалыматты "Интерфакс" агенттигине таянып, “Независимая” гезити кабар кылды.

Жакында Кремль Татарстан, Башкыртыстан сыяктуу автоном республикалар менен Борис Ельцин учурунда түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгуу демилгесин көтөрдү. Ачкыл жандуу, анча-мынча орусча алабармандыгы бар Борис Николаевич убагында татарлар менен башкырларга өзгөчө статус берип койгон жери бар. Ошондон кийин республика жетекчилери өздөрүн “президент” деп атап, аздыр-көптүр өз алдынча саясат да жүргүзүп, ал эми татар президенти Миртемир Шаймиев бир жолу башына кадимки таажы сыяктанган баш кийим кийгени да жакшы белгилүү.

Ушу тапта Кремль Татарстан менен Башкыртстандын жетекчилерин “президент” деп атабай, башкача аташ керек, керек болсо “губернатор” деп деле атап койса эмне болот деген идеяны жылжытты. Бирок бул жылжытма идея “Көк бөрү” деп аталган татар-башкырт патриоттук кыймылынын, татар улутчулдарынын катуу нааразылыгын жаратып, Казанда анча-мынча пикет сыяктанган иш-чаралар да болуп кетти. Азыр да абдан абройлуу экс-президент Миртемир Шаймиев Татарстандын өзгөчө статусу үчүн катуу турууда. “Россия унитардык эмес, федералдык мамлекет болушу керек”, деп билдирди М.Шаймиев.

Азырынча президент деген статустан дароо баш тарткан Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров гана болду окшойт. Федералдык казынанын миллиарддаган акча каражаттарын каалагандай сарптап, Кремлдин анык "эрке баласына" айланган Размандын илбериңкилигин түшүнсө болот го, бирок аз да болсо багымсыз болууга умтулган Казан менен Уфанын, мурунку союздук, азыркы эгемен республикаларга көз артып караган татар жана башкырттардын акыбалы кандай болот - аны келечек көрсөтө жатаар...

Акырында “РБК дейли” агенттигинин дагы бир маалыматын ортого сала кетели. АКШ ушул тапта арабдардан ташып жаткан мунай менен газды 2020-жылы эки эсеге кыскартуу планына киришти.

Сланец жана карамай кумдарынан газ бөлүп чыгаруу технологиялары азыр дээрлик жолго коюлуп, келечекте транспорттун бардык түрлөрүн газга которуу иши башталды. Бул технология Америка үчүн эле эмес, бүтүн Батыш мамлекеттери үчүн зор стратегиялык утуш болмокчу. Ошону менен бирге жалаң кара май менен газ сатып оокат кылган өлкөлөр үчүн бул зыяндан башка эч нерсе алып келбейт, деп белгилейт “РБК дейли” агенттиги.
XS
SM
MD
LG