Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Окшуй баштады...


Гезиттер коррупцияга каршы күрөш акыры ордунан жылганын, буга байланыштуу кимдер кармалганын, дагы кимдер кармаларын жазды.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековдун “Президент тышкы саясатты аныкташ керек” деген макаласы менен жаңы санын ачты.

Коррупцияга каршы күрөштү катуу башташ керек деген президент Алмазбек Атамбаевдин демилгесин “бул жөн эле “кампанейшина” деп чыккандарыбыз да болду, бирок акыры күрөш туура жолдо баратканына калк ыраазы болуп жатканын маалымдаган гезит, мисал катары министр Равшанбек Сабиров 20 миң доллар пара алды деген шек менен сурак берип жатса, Ички иштер министрлигинин алдындагы Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги Тлек Алибаев, орунбасары Базарбек Абдраимов Башкы прокуратура тарабынан камакка алынганын, Тлек Алибаев бир аз күн мурда эле Башкы прокуратурага чакыртылып, 5 саат бою сурак бергенин, ал өзүнө баш ийген Марс Зейналов дегендин кылмышын жашырып, документтерин оңдогон деп шектелип жатканын, анткени Зейналов ушул жылдын апрель айында героин сатып алып жаткан жерден колго түшкөнүн, колго түшүрүү убагында тапанча менен аткылап каршылык көрсөткөнүн жазып чыкты.

“Фабула” гезитинин бул санына редакциянын атынан “Кербен жүрө берсин да” деген макала басылды. Гезиттин өткөн санында Улуттук университеттин ректору Искендер Исамидиновду жаманатты кылуу далбасы менен "Эрөөл" аттуу макала басылганын, бул макала илгерки “тоголок арызга” окшоп, аты-жөнү жашырылган Бороон Таласбай деген ат менен келип, эптеп эле өч алуу максатын, кыргыздын байыртан берки келаткан көр албастыгын көздөгөнүн, Улуттук университеттин ректоруна жапкан жалаасы эле аксакал академиктерди мыйзамсыз кеңешчи кылып алып, 11 миңден, 16 миңден акча берип келди дегенин, бүтундөй мамлекетке, элге эмгеги сиңген кеңешчилер болгону айына 2 миң гана сомдон аларын, жаманатты кылгысы келген адам алардын 6 айдан бери алгандарын чогултуп келип көрсөткөнүн белгилөө менен гезит кийинки санында ректордун өзү менен маектешип, университеттин ишин кеңири жазып чыга тургандыгын баяндады.

“Жаңы агым” гезити “Куралданган Курманбек Бакиев кыргыз бийлигин кайрадан басып алабы?” деген теманын алдында гезиттин Ош облусу боюнча өз кабарчысы Алишер Токсонбаевдин макаласын окурман көңүлүн бурду.

Орус тилдүү “Комсомольская правда” гезитинин ушинтип жазганы, андагы Абдымажит Мадмаров деген адамдын айткандары кызылдай жалгандыгын, эмне кыларын билбегендер жөн жаткан элди дүрбөтүп атканын, ушул тапта Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов тумоолоп үйүндө дарыланып жатканын, “боевиктерди мэр Мелисбек Мырзакматов жана качкан президент Курманбек Бакиевдин тууган-уруктарны финансылап жатыптыр” деген сөз акыл-эси бар адамдын оюна келбеген карандай калп экенин, Бакиевдердин арам тилине кирип, элди бөөдө дүрбөткүсү келген Абдымажит Мадмаров өңдөнгөндөр токтоосуз жазага тартылышы керектигин жазып чыкты.

“Де-факто” гезити Өмүрбек Бабанов сатып алганын, жегендерди кустурмай Нариман Түлеевден кийинкилерге жетип, “республикачы” Исках Пирматов менен "ата журтчу” Нурлан Сулайманов “окшуй” баштаганын, жакын арада дагы бир министр алкымынын азабынан абакка барып түшөрүн кабарлады.

Ушул эле санга табият кырсыктары эмне үчүн мынчалык көп болуп жаткандыгына божомолун коомдук ишмер Дастан Сарыгулов айтып берди.

“Алиби” гезити "Кыргызбай Култаев-кутумдуктун курмандыгы” деген макала менен бул санын ачты. Айрым документтер менен тастыкталган көлөмдүү бул макаланын автору, гезиттин башкы редактору, юрист Бабырбек Жээнбеков. Автор макалага карата өз ойлорун билдириүү үчүн республиканын юристтерин талкууга да чакырды.

Ушул эле санда “Нариман Түлеевди камакка алган Жаныбек Салиев ууру кылганбы?” деген макала да бар.

“Пресс.kg” гезити “Кумтөрдүн артында дүйнөлүк олигархтар турат” деген теманын алдында айрым атуулдардын ойлоруна орун берди.

Дастан Сарыгулов:- Кумтөрдү бүгүн кыргызстандыктар иштете албайт,-деп,

Марс Сариев:- Мындай чоң компаниялардын артында дүйнөдөгү чоң олигархтар турат,-деп,

Бейшебай Мамыкеев:- 15 жылдан бери Кумтөрдөн Кыргызстан глобалдык экологиялык кыйроону гана тапты, башка эч нерсе тапкан жок,-деп,

Темир Жумакадыров:- Кумтөрдүн келишимин кайра карап чыгуу керек,-деп,

Мирлан Бекитаев:- Иштете албайбыз деп күмөн санабаш керек. Иштетип кетсе болот. Буга чейин түзүлгөн келишим кылмыш келишими,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG