Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:25

“Алиби” менен “Фабула” гезиттери жарыкка чыкты.

“Коррупцияга каршы күрөшкө эл ишениш үчүн биринчи ирет Азимбек Бекназаровго окшогондорду камаш керек!”. Жаңы санын “Фабула” гезити мурдагы депутат Зайнидин Курмановдун мына ушундай сөзү менен ачты.

Пара алды деген шек менен камакка алынган министр Равшан Сабировду кызматтан бошотуу өтүнүчү менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөткө кайрылганын, бул чечим эң туура болгонун, анткени буга чейин Башкы прокуратура Шадиевге кылмыш ишин козгогондо “Республика” партиясы, Түлеев камалганда “Ата Журт” партиясы жан үрөп коргоп чыга калганын, эми “Ата Мекендин” мындай чечими башка партияларга сабак болушу керектигин кулак кагыш кылды.

“Фабуланын” бул санына депутат Ширин Айтматованын “Мен Саляновага эмес, жалпы эле коррупцияга каршы иштеп жатам” деген ат менен маеги жарык көрдү. Ширин маегинде башкы прокурор Салянованын тегерегиндеги кеп-сөздөргө кенен токтолду. Ал ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун “Жер жана флейта” деген жаңы романы табылганын кабарлады.

“Фабула” гезити “Алибаев менен Абдураимовдун камалышына көз карашыңыз кандай?” деген суроонун алдында жоопторду басты.

Генерал Мелис Турганбаев: Тергөө учурунда бакыйган эки полковникти алып барып камап коюу туура эмес болуп калды, алар ансыз деле чакырган сайын суракка барып турушкан,-деп,

Генерал Өмүрбек Кутуев: Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын камакка алынышы күч тармактарынын ортосундагы уланып келаткан күрөшкө байланыштуу болуп калды. Кантип эле баңгизатка каршы күрөшүп аткан башкы фигура ушундай ишке барсын? Биз милиция кызматкерлеринин тагдырына кайдыгер карай албайбыз-деп,

Генерал Алимбай Султанов: Далил барбы, жокпу билбейм. Эгер булардын күнөөсү болсо, анда катуу жазаланыш керек. Азыр 3-4 саясатчыны кармашты. Чынында бизде 100 саясатчыны кармашса, Атамбаевдин кадыр-баркы көтөрүлмөк. Буга чейин жеп-ичкендерди куймулчагынан басып, кекиртегинен чыгарып, мамлекетке кустуруп алыш керек,-деп,

Генерал Кубатбек Кожоналиев: Алибаевдер Садыркуловдун иши боюнча катуу иштешти. Ошон үчүн бул иш ортодогу бирөөлөрдүн “заказы” да болушу мүмкүн. Бирөө бирөөнүн камчысын чаап жатат окшойт. Кыскасы бул иште сыр жаткансыйт,-деп,

Депутат Туратбек Мадылбеков: Алибаев таза, чынчыл жигит, чоң кылмыштардын бетин ачып жүргөнүн билем,-деп,

Саясатчы Азимбек Бекназаров: Болор-болбос иш үчүн камап коюшту окшойт. ИИМдин ичиндеги жана ИИМ менен Башкы прокуратуранын ортосундагы “оюндар” окшойт, балким орду бирөөлөргө керек болуп жатабы, ким билет?-деп жооп берди.

“Алиби” гезити журналист Канышай Мамыркулованын “ИИМ инфаркт болгон Ибраимовдун ишин карайбы?” деген ат менен башкы прокурор Аида Саляновага жана ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге ачык кат жарыялады.
Катта 300 доллар пара алып жатканын далилдөө максатында чала жан болгончо тепкиленип, инфаркт болуп ооруканага жатып чыккан жабырлануучу Рамис Ибраимовдун тагдыры жөнүндө сөз болот. Тепкиге алган милиция кызматкерлерине юридикалык жактан баа берилиши керек деген талап коюлган.

Ушул эле Канышай Мамыркулованын “Молдокенин селдеси түгүл дамбалына чок түштү” деген макаласы жарык көрдү. Орозонун алдында бүтүндөй муфтиятты уят кылып, болгондо да бала окуткан мугалим-молдокенин дамбалына чок түшкөнүн, бир аял 9 жаштагы уулунун зордукталганы тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, ал боюнча кылмыш иши козголгонун, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун маалыматы боюнча “Сулайман тоо” медресесинин мугалими балага зомбулук көрсөткөн деп айыпталып, бала болсо ооруканада дарыланып жатканын жазуу менен, “мына ушул айбан да жасабай турган жорукту адалдыктын уясы делген медресе, анын мугалим-молдокеси жасап жатса, анда адал иштерди кимдерден күтсө болот?” деп суроо койду. Ата-энелер балдарын диний окууларга берерден мурда “жети өлчөп, бир кесип” туруп, окутуулары керектигин эстерине салды.
XS
SM
MD
LG