Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24
“Майдан.Kg” гезити “Ата Журт” курултайга чогулуп, жаңы лидер шайлайбы?” деген ат менен макала жарыялап, 14-июлда партиянын кезектеги курултайы болуп, партиянын парламенттеги фракциясынын отчету угуларын, жазында жүз миңдеген адамдарды уюштуруп митингге чыгып, бийликке катуу эскерткен менен койгон талаптары орундалбаганын, курултайда ушулар тууралуу кайрадан сөз кылып, мындан ары кандай иштерди жасай тургандыгын талкууга аларын маалымдады.

Гезит андан ары көпчүлүк калк “Ата Журт” партиясын өлкөнү өнүгүү жолуна сүйрөй турган реалдуу күч катары таанырын, анткен менен партиянын мүчөлөрү “Ата Журт” партиясын маскара кылышканын, партия ошентип 3 күндөн кийин өтө турган курултайында өз ичиндеги ушундай эки жүздүүлөрдөн тазалануу маселесин да коюп калышы мүмкүндүгүн жазып чыкты.

Ушул эле гезит “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын башчысы Адахан Мадумаровдун “Бийлик коррупция менен күрөшкүсү келсе, өздөрүнөн баштоосу кажет” деген аталыштагы маегине орун берди.

Кабарчынын “Өткөндө “Ата Мекенди коргоо комитети” деген уюмдун төрагасы Абдымажит Мадмаровдун 17-июлдан 25-июлга чейин Кыргызстандын түштүгүндө Бакиев жалдаган согушчандар активдешип, бийликти басып аларын айтты. Буга сиз кандай пикирдесиз?” деген сурросуна Адахан мырза:

- Жеке мен мындай жөө жомокторго ишенбейм. Биздин өлкөдө тукум тууган тоокторду коргоо комитетин түзүп алып деле ар кандай билдирүүлөрдү жасай берсе жараша берет.Ошондуктан буга окшогон сөздөргө күлкүң келет. Арийне, мындай сөздөр айтылып калганына караганда өлкөдөгү коомдук абалды бузууну каалаган күчтөрдүн кызыкчылыгы болсо керек. Бирок минтип элди коркута бергенди токтотуу керек. Эл азыр эч нерседен коркпой калган. Буга окшогон ушактар менен кызыккан адамдар канча каалабасын, коомдук абалды курчута алышпайт,-деп жооп берди.

Өкмөттүн айланасындагы сөздөргө токтолгон Адахан Мадумаров, саясий өзгөрүүлөргө балким аз калганын, анын оюнча парламент таркарын, бул чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарыхта эң пайдасыз, сабатсыз, коррупциялашкан жана жалкоо депутаттык корпус катары тарыхта каларын, мындай жүзүкара курамдагы парламентти Кыргызстан буга дейре көрбөгөндүгүн, пайдасыз өкмөт менен парламентти токтоосуз түрдө таратып, кыжыры кайнап турган элдин көңүлүн алуу керектигин айтты.

Азыр коррупционер аталгандарды камакка алуу окуяларына ой калчаган Адахан мырза, коррупцияга каршы күрөштү 7-кабаттан баштоо керектигин, мындан бөлөк натыйжалуу ыкма жоктугун, бир белгилүү ишмер ал жакка кирген адам ажыдаарга же кескелдирикке айланып кетерин айтканын, кескелдириктин куйругун чаап таштасаң, ордуна жаңысы өсүп чыга берерин, ажыдаарлар деле ошондой экендигин, мурда бизде бир баштуу ажыдаар болсо, учурда 3 баштуу ажыдаар пайда болгонун, демек өкмөт коррупция менен күрөшкүсү келсе өзүнөн башташы зарылдыгын белгиледи.

“Майдан” гезити ошондой эле бүгүнкү санына “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин “Президенттер өз ишинде Владимир Путинден үлгү алыш керек” деген маегине окурман көңүлүн бурду.

“Өкмөттү отставкага кетирүүнү кандайча негиздейсиз?” деген суроого Камчыбек Ташиев эң негизгиси өкмөт экономиканы көтөрбөй эле чөктүрүп жибергенин, бюджеттин тартыштыгы уламдан улам өсүп атканын, азыркы премьер-министрдин жана анын командасындагы адамдардын иштегендеринен Айдар Акаев менен Максим Бакиев түптөгөн коррупциялык схемалардын кулагы чыгып турганын белгиледи.

Ташиев андан ары бүгүн кандайдыр бир төңкөрүштү оппозиция да, өзү да каалабастыгын, жакында боло турган партиянын курултайында партиянын катарына жөн эле кошулуп калгандардан тазаланарын, “Ата Журт” патриот атуулдар менен толукталарын, азыркыдан да кадыр-барктуу, күчтүү партияга айланарын кабарлады.
XS
SM
MD
LG