Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Миң түркүн жүздөр


12-июлда “Учур”, “Пресс.кg”, “Арена.кg” , “Параграф” жана башка гезиттер жарык көрдү.

“Учур” гезити башкы прокурор Аида Салянованын учурдагы ишмердүүлүгүн талдоого алган макалага орун берди. Анда айрымдар Аида Салянованы кайраттуу, коррупция менен чындап күрөшкөн жетекчи катары мактаса, укук тармагында сабаты барлары баш прокурорду иш билги кадрларды жумуштан кетирип, өзүнүн тааныштарын кызматка койгонун, коррупция менен чындап күрөшпөй эле, өзү акчага азгырылып, издөөгө алынган Елисеевди калкалап жүргөнү талдоого алынат.

“Учур” гезити ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен орун басары Мелис Турганбаевдин тирешүүсү, пикир келишпестиги чегине жеткенин жазды.

Аз күн мурда Жаныш Бакиев Ошко телефон чалып, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кекетип, мурдагы жоруктарын эске салып, катуу тапшырмаларды бергени жөнүндө жана Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин эмне себептерден улам камалганы тууралуу макалага орун берди.

“Жүзүңдү ач, “Ата Мекен?” деген рубрика менен “Акылдуу” Өмүрбек Текебаевдин “былык” кадрлары” деген макала жарыялады. Анда бир күн бизнес кылбай туруп, өлкөнүн эң бай адамдарынын бири болуп калган Өмүрбек Текебаевдин ишмердүүлүгү, анын кадрлары Райкан Төлөгөнов, Равшан Сабиров, Асия Сасыкбаева, Дүйшөн Чотонов, Эркинбек Алымбеков, Дүйшөн Сатыбалдиев жана Абдимуктар Маматов тууралуу кеп болот.

“Текебаевдин кадр тандоодогу чабалдыгы ачык билинип, көрөңгөсү тайыз экени көрүндү. Айтор, “эл жана мамлекет” деген түшүнүктөрдөн “акча жана байлык” бийик турарын Өмүрбек Текебаев көрсөттү. “Коррупция жана криминал менен күрөшөбүз” деген партиянын министри пара алуу менен кармалып, дагы башка толгон былыктары чыгууда”, - деп жазат кабарчы Керим Мурас.

“Параграф” гезити коомдук ишмер Мирослав Ниязовдун “Өмүрбек Бабановдун программасы жыйынтыгы чыкпаган программа” деген маегин жарыялады. Анда Кыргызстанда объективдүү экономикалык программа жоктугу, ички карыз 12 млрд. сомдон ашканы, эл керектеген негизги продукция дале сырттан келип жатканы, учурдагы калктын жакырчылыгы айтылып, өкмөттүн коррупция менен күрөшү жөн гана куру сөз экени сынга алынат.

“Пресс.kg” гезити “Өмүрбек Бабанов артистпи же Ата түрк болом дейби?” деген макала менен жүзүн ачты. “Жакында эле Кумтөргө иш сапары менен барган барган Өмүрбек Бабанов таштандылар менен ууланган заттарды өрттөө боюнча чет элдик инвесторлорду каарып, “кыргыздын ыйык жерин, суусун мындай кылганыңар эмнеңер” деп кекетип, мокоткону, түштөн кийин калп эле кейигени, актердук чеберчилиги өтө жогору экенин көрсөтөт" деп жазды кабарчы Диана Жанакова.

“Арена.kg” гезити “Нариман Түлеев каржылаган тасма өзүн каматты”, “Президент жана Нариман” деген фотоколлаж менен жүзүн ачты. Анда “Президент жана бомж” деп аталган тасмадагыдай болуп, көчө жээгинде Түлеев “Урматтуу президент, чындыкты угуңузчу!” деген плакат көтөрүп турат.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун “Аскар Акаев “Кумтөрдү” каратып туруп сатып жиберген” деген темада интервьюсун жарыялады. Ошол учурда “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасын жетектеп турган Дастан Сарыгулов “Кумтөр” келишимин түзүүдө өзү сүттөн ак экенин, келишимге Апас Жумагулов кол койгонун, депутаттык комиссия жалаа жаап жатканын, алтын кени боюнча адис болуп жүргөн Орозбек Дүйшеевдин кесиби көмүр боюнча гана инженер экенин, эми баары кеч болуп баратканын, канадалыктар өз үлүшүн биржадан сатып жиберишкенин айтып, актаган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG