Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева ар кандай себептер менен Жер шарынын ар кайсы бурчунда жашап жана иштеп жүргөн мекендештердин 1-форумун 2-3-августта Бишкек шаарында өткөрөт.

Отунбаеванын максаты мындан бир топ жыл мурун өз мекенинен алыска иштегени, жашаганы, окуганы кеткендерди чогултуп, алардын бөтөн эл, бөтөн жерлерде кандай жашап жаткандыктарын, кандай маселелери бар экендигин, алар эмнелерди көрүп, өнүккөн өлкөлөрдөн эмнелерди үйрөнгөндүктөрүн арай көз чарай ортого салуу, өз ара пикир алышуу, бирин бирин угуу болуп саналат.

"Бүгүн бизде улутту улут кылып куруу, дүйнө кыл үстүндө кылтылдап турган маалда кыргыздын уугун учтап, керегесин бекемдеп, түбүн түптөп, түндүгүнө түркүк болуу маселеси башкы орунда турат. Ак калпак кыргыз уландары менен кыздары Ала-Тоодон алыста жүргөнү менен баары бир кыргыз жери түшүнө кирип, Кыргызстандын ак мөңгүлүү тоолору менен акактай тунук сууларын сагынат, эңсейт. Деги эле Кыргызстанды Мекеним, төрөлүп өскөн жерим деп санагандар экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен өткөнү жаткан мына ушул 1-форумга учуп келип, көкүрөгүндөгү көйгөйлөрүн айтып, жыйынга катышкандар менен, өкмөттүн мүчөлөрү менен кенен-чонон сүйлөшүүгө мүмкүндүк ала алышат. Экс-президент өткөргөнү жаткан форумдун катышуучулары 2-3-августта биздин бейиштен да артык жергебиздин проблемалары тууралуу кеп салып, канткенде өлкөбүздү өнүккөн өлкөлөргө теңей алабыз, кайдан келдик, кайда баратабыз, биздин алга кетүүбүзгө эмнелер тоскоол болуп жатат деген суроолорго жооп издешет" деп айтылат экс-президент Роза Отунбаеванын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

“Комсомольская правда Кыргызстан” гезити Өмүрбек Бабановдун өкмөтү мындан ары 20 миң доллардан ашуун акчага соода кылган жарандар сатып алгандарын кайсы каражатка алганын, ал акча кайсы булактардан топтолгонун тастыктаган кагаздар менен сатып алгандан кийин 30 күндүн аралыгында отчет берип туруш керек деген идея менен чыккандыгын маалымдады. Сингапур өлкөсүндө жарандардын тапкан кирешелери эле эмес, чыгашалары да көзөмөлгө алынып турат.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевдин айтымында, биздин өлкө коррупционер чиновниктердин жеп-ичкенинин айынан 30 миллиард сом же 636 миллион доллардан ашуун акчага зыян тартып келе жатат. Көмүскө экономика аркылуу айланган акчанын көлөмү астрономиялык чекке жеткен же 130 миллиард сомду чапчыган.

Экономика боюнча аналитик Азиз Алиевдин айтымында, көмүскө кирешелер боюнча проблема маселе өтө курч бойдон кала берүүдө. Кыргызстанда административдик аппараттар мыйзамдардын так, туура, өз убагында аткарылышын такыр эле көзөмөлдөй албай калган.

Гезиттин бул санына министр Темир Сариевдин “Экономикалык абал начарлоодо. Келаткан күз кыйын болот” деген сөзүн шилтеме кылган журналист Андрей Грассмихтин макаласы жарыяланды. Макалада дүң продукциянын 6 процентке төмөн түшүп кеткени, колдогу ресурстарды натыйжалуу пайдалана албагандын себептери айтылат. Келаткан күз чындап эле оор болчудай. Орусияда Краснодардан Алтайга чейинки чөп, эгин күйүп кетти. Темир Сариевдин айтуусунда өткөн жылы өлкө 335 миң тонна көмүр казып алса, жарым жылдын ичинде араң 68 миң тонна көмүр казган. Эл болсо өкмөттөн иштеп жаткансыган көрүнүштү эмес, көзгө көрүнө турган аракеттерди күтүп жатат.
XS
SM
MD
LG