Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Бийлик кумары


Гезиттер өлкөнүн ички-тышкы маселелери тууралуу макалаларды жарыялады.

“Фабула” гезити күз келери менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоо болорун эске салуу менен шаар депутатынын 44 орунуна азыртан эле кармаш башталганын, шайлоого айрыкча “Республика” партиясы жанын аянбасын, непадам парламент Бабановду отставкага кетирсе, “силер антсеңер, мен минтем” деп, премьердик орундан түз эле шаар башчысынын ордуна келүүгө аракет кыларын, бул шайлоодо деле акча айрыкча роль ойнорун, эгер бир дагы партия жеке жеңишке жете албаса, анда азыркы парламент сыяктуу коалиция түзүлүп, шаар бийлиги да талашка түшөрүн жазды.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов ушул эле “Фабуланын” бүгүнкү санына маек куруп, президент Атамбаевдин казино тууралуу кол койгон мыйзамы иштеп кетерин, бул мыйзам боюнча эми телекоммуникациялар жана интернет аркылуу кумар оюндарын уюштургандар 1 жылдан 3 жылга чейин, ал эми жашыруун автомат оюндар менен казинолорду уюштургандар 5 жылдан 10 жылга чейин жазаланарын, буга кошумча үй-мүлкү камакка алынарын айтты.

Казинолорду жабууга жана Атамбаевдин аталган мыйзамына Финансы көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Тойчубеков каршы чыгыптыр деген суроого депутат Жетигенов Тойчубеков каршы чыкканын, себеби казинолор дал ушул киши башында турган агенттиктин “кормушкасы” болуп келгенин, ачтыралбай аргасы кеткенде эми “чет элдиктер үчүн казино оюнуна уруксат берели” деп далбас уруп жатканын, бул дагы туура эместигин, анысы да ишке ашпастыгын, кумарканалардын бардык түрү мыйзамга ылайык катуу көзөмөлгө алынарын, башталган иш аягына чыгарын билдирди.

Ушул эле санга парламент тууралуу Айнагул Калчаеванын макаласы жарыяланды. Автор парламенттин, анын ичиндеги элге таанымал депутаттардын, алар түзгөн партиялардын ишмердигин талдап келип: “Эми коррупция менен камалгандарды кустурабы, төлөтөбү, башка кылабы, айтор кандай кылса да өкмөттүн алсыздыгын, элдин айкөлдүгүн карасанатайлык менен пайдаланып мындан кийин эмес, буга чейин уурдалган мамлекеттин байлыгын кайтарып алуунун жолдорун аныктагандар жана аны кайтарып берүүгө аргасыз кылгандар гана жалпы журттун ишенимине арзый тургандыгын, бийликке элдин койгон суроосу да талабы ушул экендигин, калктын маанайын көтөрүп, казынаны толтуруп, жашоосун жакшырткан бийликти эл качан да болсо колдоп берерин белгиледи.

“Алиби” гезити жеке оокаты, айлыгы менен байлыгы, там-ташы тууралуу декларация толтурган Ак үйдөгү чоңдордун дээрлик баары жалган кагаз толтурганын, арасында 25 министр барын, четинен санаганда Учкун Ташбаев, Юруслан Тойчубеков, Төрөгул Беков, Каныбек Нарбаев, губернаторлордон Жеңиш Разаков менен Койсун Курманалиева болуп чыккандыгын, баарынан да кызыгы мамлекет өзү талап кылып аткан декларацияны толук толтурбай, дүнүйө-мүлкүңдү жаап-жашырып койсоң кылмыш тургай, эч кандай административдик да жоопкерчиликке тартылбай турган таң каларлык жагдайлары бар экенин жазды. “Карап турсаң мингендери миллиондорду чапчыган машинелер, бирок байкуштардын жашаган үйү жок” деп кошучалаган “Алиби” гезити Башкы прокуратура кыргыз бийлигинде отургандардын былыгына кол салганын кошумчалады.

“Алиби” гезити булардан тышкары Кумтөр алтын кенинин тегерегиндеги чууга, айрыкча аны улутташтыруу демилгесине чет өлкөлүк инвесторлор чочулай баштаганын, бул чуу басылбай турган болсо Кыргызстандын инвестициялык климатынын келечегине балта чабарын, бул жаатта биринчилерден болуп Түрк мамлекетинин элчилиги үн катканын жазып чыкты.

Мындан сырткары Бабанов Лондонго барганынан шектенгендер жок эместигин, ал Лондон Фондулук биржасынын башчысы Жастхем Александр менен жолукканын, бул мырза Максим Бакиев менен абдан ынак мамиледе экенин, Жетим-Тоодо кайрадан кытайлар арбып, чон тралл машинелерди, экскаваторлорду, башка техникаларды ташып кире баштаганын, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академия коррупциянын очогуна айланганын сөз кылды.
XS
SM
MD
LG