Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:47

Гезиттер өлкө турмушундагы окуяларды, өткөн тарыхты баяндаган макалаларга орун берди.

“Комсомольская правда Кыргызстан” гезити тоодогу суу тоскуч плотиналар жарылып кеткен күндө да Бишкекке эч кандай коркунуч туулбастыгын, кечээ көл жырылып каптай баштаптыр деген кабар алгач саат 10до тарап, анан “бузулган” телефон аркылуу заматта элди дүрбөлөңгө салганын жазып чыкты.

Көлдөн агып чыккан суу азыр секундуна 7-8 куб метр көлөм менен менен агып чыгууда, бул деген эл-журтка эч кандай коркунуч алып келбей турган, күн катуу ысыганда кирип турган кадыресе көлөмдөгү суу. Бирок кандай болгон күндө да кыргыздын “сактыкка кордук жок” деген жакшы сөзү бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул тапта кокустан күтүүсүз кырсык болуп кетпесин деп баарына көз салып турат.

Элди дүрбөлөңгө салгандарды оозун кантип тыйса болот? Эң биринчи эле ушак-айыңдарды жокко чыгара турган, баарына өз маалында, так, туура маалымат берүү болуп саналат. Гезит бул боюнча айрым ой-пикирилерди жарыялады. Бири “суу каптап келатыптыр” деп элди дүрбөлөңгө салгандарды жоопко тартуу керек десе, экинчиси минтип дүрбөлөңгө салгандар “паникер” эмес, чыныгы алдын алуучулар болуп саналарын, эгер минтип алдын ала “паника” салбаганда Крымда мындан да көп эл кырылып калмак деген ойлорун ортого салды.

“Көк асаба” гезити да сатууга түштү. Гезит бүгүн Бишкектеги опера жана балет театрында кыргызстандыктардын жана мекендештердин дүйнөлүк конгресси башталарын, конгресс эртең жана бүрсүгүнү Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Рух ордо” маданий комплексинде уланарын кабарлап, конгрессте негизинен Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча докладдар окуларын, тынчтык, биримдик боюнча талкуу жүрөрүн, ага Европа өлкөлөрүнөн, Орусия, Казакстан, Кытай, Америка, Африка, Австралия мамлекеттеринен келгендер катышарын маалымдады.

Кезинде гектарынан 600 центнерден ашуун кант кызылчасынын түшүмүн алып, кант өндүрүү боюнча 15 союздук республикалардын ичинен такай Украинадан кийинки экинчи орунда жүргөн, эгин-тегини кырманга батпай, жашылча, мөмө-жемиши дасторконго төгүлүп турган берекелүү Сары-Өзөн Чүйдү бозоргон талаага айландырып алсак, анда бизди келе жаткан келечек муун эч качан кечирбестигин кеп кылган карыя журналист Кенжалы Сарымсаковдун макаласы “Кеңирсиген кең Чүй - Сары-Өзөндүн аянычтуу абалы” деп аталды.

Макалада ошондой эле чарбалар менчикке айлангандан кийин туруктуу иштеген, каражат жана шайман жагынан толук камсыз болгон гидро-техникалык адистер жок болуп баратканын, ушу тапта Чүйдүн 55 миң гектардан ашуун жерин саз басып, шор каптап, камышка айланганын, түшүмдүү жерлердин баары туш келди салынган үйлөргө толгонун, эртеңкисин ойлонгон бир дагы мамлекеттерде мындай кайдыгерлик, мындай чарбасыздык болбостугун, Чүйдүн дыйканчылык жерин каралбай калгандыктан жумушсуздук, анын айынан көчө сагалап оокат кылган көбөйүп, алдым-жуттумдук, айла-мал күчөп, жердин баркы бааланбай, кесири менен кесепети элдин пейилине тийип жатканын жаны кейип кеп кылды.

“Көк асаба” гезити сандан санга жарыялап келаткан “Енисей кыргыздары, россомондор жана көйгөйлөр же ДНК – тарыхты бурмалагандарды ачыкка чыгарат” деген аталыштагы макаланын кезекктеги уландысын жарыялады.

Кочкор районундагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектептин кыргыз тил мугалими Өзүбек Абдыкалыковдун сабак октуунун көйгөйлөрү туурасындагы сандан санга басылып келаткан баалуу ойлорунун жыйнытык бөлүгү да ушул санда.

“Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы Бактыбек Максүтовдун “Үркүндүн чыгышына кыргыздар күнөөлүүбү?” деген макаласы жарыялана баштады.

“Көк асаба” гезити окурмандарга “Малик ата жана эски заман окуялары” деген ат менен тээ 76-жылы өз күчү менен Бүркүт деген капчыгайга, эч нерсе өспөйт деген 200 гектар какыр жерге бак-дарак тигип гүлдөтүп салган Малик аттуу карыя тууралуу баяндады. Бул баянда бир кезде бабаларыбыз Бүркүттүү деп атаган аймак кийин орустар отурукташкандан кийин орел деген сөздөн улам “Орловка” деп аталып кетип, Кеминдеги бул керемет аймак союз убагында Москвага карап турганы айтылат.

Журналист Айзада Тойгонбаеванын макаласы кытайлык кыргыз туугандар тууралуу. Макалада ушу кезде Кытайда 200 миңдей кыргыз жашарын, быйыл кыргыздар жашаган Кызыл-Суу обулусунда манасчылардын эл аралык 5-фестивалы, муну менен бирге эле сүрөтчүлөрдүн 4-эл аралык фестивалы болгонун, фестивалга дүйнөнүн 40тан ашуун мамлекетинен келип катышканын, Манастын эстелиги ачылганын маалымдады.
XS
SM
MD
LG