Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Бүгүнкү гезиттер коалициянын ыдырашы менен өкмөт кызмат ордунан кеткенин кеп кылып, ушул окуяларды талдоого алды.

“Де-факто” гезитине маек курган депутат Равшан Жээнбеков авторитардык мамлекетте гана саясатчылар бири-биринин былыгын чукубай тургандыгын, эгер биз кайрадан мурдагыдай премьер-министрге, президентке каршы ооз ачып, сөз айталбасак анда Бакиевдин режимине кайтып барарыбызды белгиледи.

Абдулло деген түрмөчүнүн НТС телеканалына айткандарына түшүндүрмө берген Равшан Жээнбеков акыркы бир жылда бир нерсе болсо эле мародерлук маселеси “атамекенчилерге” каршы саясый компромат катары колдонулуп келатканын, бирок “Республика” партиясы принципиалдуу болсо эмне үчүн аны бир жыл мурда көтөрүп чыкпаганын, ошондуктан бул мисал фракциянын принциби жоктугун билдирерин айтты.

“Өкмөттү түзгөн парламент өкмөттү көзөмөлдөп, терс иштерин ашкерелеп, айыбын чукуп, ачык айтып турса бул өлкөдөгү, коомдогу стабилдүүлүктүн фактору”, - деп айткан саясат талдоочу Аалыбек Акунов - "биз деген бүгүн парламенттик өлкөдө жашап жатканыбызды, премьерди калкалап кала тургандай мурдагы режимдер жоктугун, бүгүн өкмөт башчы жөн эле кетпей, айтылып аткан дооматтар далилденсе жоопко тартылып же сот тарабынан акталып кетиши керектигин, ошондо гана кийин келе тургандардын таза иштешине шарт түзүлөрүн", - белгиледи.

“Учур” гезити бул санын “Прокуратура тармагын кимдер талкалаган?”, “Коалиция кыйрады, өкмөт ыдырайт, парламент тарайбы?” деген макалалар менен ачып: “Биздеги маалыматтар боюнча, жарга такалган Бабановдун командасы да “жатып өлгөнчө атып өл!” принцибине салып, парламентти таратууга аракет кылып аткан окшойт. Бирок бул ишке ашпас куру кыял, арга кеткендеги амал. Себеби "Ата Мекен” менен “Ар-намыс” фракциялары өкмөттү кетирүү процедурасын өтө сабаттуу жасашты. Эми “бабановчулар” ага каршы эч бир юридикалык механизм колдоно албайт” деп жазды.

Ушул эле гезит менен маектешкен депутат Туратбек Мадылбеков Бабановдун башкы кемчилиги Бакиевдин командасы менен иштеп жатканында экенин, ал Бакиевдин кадрларынын 70 процентин өкмөткө алып келгенин, эми дагы эки ай тим койгондо Максимди баш кылып баарын кайра ордуна коймогун, бир эле мисал Максимдин кадры, тоо-кен тармагын башкарып турган Учкун Ташбаев дегени Максим берген лицензияларды кайра калыбына келтирүү иши менен аракет кылып жатканын, энергетика тармагында баягы эле Ширшовдун схемасы иштеп келатканын айтты.

Түрмөдөгү Абдулла Юсупов жөнүндөгү суроого Мадылбеков бул Абдулла деген эми Бабанов кеткенден кийин, баарын башкача айтарын, бул жигит Үсөн Сыдыковдун тукуруусу менен убагында Курманбек Эргешовду каралаганын, кийин аны Феликс Куловго каршы пайдаланышканын, Бакиевдер оппозицияга каршы антимитинг чыгарганда Абдулланы Жаныш Бакиев оппозицияга каршы алып чыкканын кеп кылуу менен “Алибинин” башкы редактору Бабырбек Жээнбеков жалганды жазганы учун ага: “мени жаш аял менен жашатып салыпсың, далилдеп бер, болбосо чөгөлөп кечирим сурагын деп аны ким заказ бергенин, ким уюштурганын таап бергенге чейин убакыт бергенин, болбосо баарыннын акмагын чыгарарын айтып жооп берди.

“Пресс.kg” гезитиндеги баш макаласында журналист Айзада Абазова: “Бабанов Башмыйзам боюнча бул кызматта турганга укугу жок, креслого курулай жармашпай кете бергени оң. Келдибеков ызасына чыдабай Алайга барып митинг уюштурду эле, эми Бабанов Таласка барып митинг уюштурабы? Кресло деген атадан калган мурас эмес. Иштей албаган соң кеткенди да үйрөнүшүбуз керек”, - деп жазуу менен эми президент Алмазбек Атамбаевдин айтар сөзү жакындап келатканын, бирок кандай болгон күндө дагы бири-бирине ботала болгуча ылай шыбашкан эки Өмүрбектин фонунда Атамбаев чыкыйына да чаң жугузбай утканын, эми жалгыз президенттин эмес, элдин утушу керектигин, андыктан эски патефондун табагындай болгон эски саясатчыларды айланта бербей, татыктуу адамды өкмөт башына алып келиши керектигин жазып чыкты.

“Параграф” гезити “Мураталы ажыны өлтүргөн топ башчы боштондукта”, “Чуулгандуу аргымактын сыры жана чыры” деген маалыматтарды жарыялады. Ушул эле санга Башкы прокурор Аида Салянованын “Саясый оюндар ишиме тоскоолдук кыла албайт” деген аталыштагы чакан маеги тартууланды.

Маегинде ал НТС теле каналы аркылуу анын күйөөсүн каралаган Абдулла Юсуповдун айткандарына жооп берип, булар Абдулла сөз кылган Дастан Оморовдун агасы менен кошуна турарын, күйөөсү ошол Дастан Оморовго апрель окуяларына чейин машина сатканын, анан ал акчасын аягына чейин бербей кача баштаганын, көрсө алардын үстүнөн мурда эле кылмыш иштери болгонун, Юсупов 2008-2009-жылдары алдамчылык менен соттолгонун, эми ал анын атын эмне үчүн аралаштырып жатканын түшүнбөгөнүн, бирок кандай айткан күндө дагы ишине тоскоол боло албастыгын сөз кылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG