Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Качкындар кайда?


Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн, буга чейинки иштеген иштери менен тааныштырган материалды жарыялады.

Андан кийин эле Бакиевдин качып жүргөн жакындары тууралуу макала тартуулады. Бакиевге эң жакын деген 20 кишинин бири Пайзуллабек Рахманов ички иштер министри Зарылбек Рысалиев отурган терезеден мурдуңду чыгарсаң тумшугуң тие турган бул эле Тараз шаарынын абагында 3 айдан бери “качан келип алып кетет” деп зарыгып жатса, убагында ушул эле Пайзуллабек түзгөн коррупциялык схемаларды жүзөгө ашырып турган Электр станциялар ачык акционердик коомунун генералдык деректиринин мурдагы орун басары Пулат Иминов, Материалдык резерв фондунун мурдагы деректири Эргашходжа Исматуллаев, Пайзуллабектин бир тууган жээни, анда-санда башы Минскиден көрүнө калып жүргөн милициянын подполковниги Айбек Абдыразаков дегендер күч органдарына куйругун карматпай качып жүргөнүн баяндады.

Ушул эле “Дело №...” гезити Жаныш Бакиевдин Минсктеги бир кафенин жанынан түшкөн сүрөтүндөгү 3 киши тең ким экендиктери аныкталганын, бири Жаныш Бакиев башкарган Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы орун басары Тахир Рысалиев болсо, бири “Кыргызмунайгаз” ачык акционердик коомунун деректирлер кеңешинин төрагасы, Жаныштын жакын досторунун бири Болотбек Кошоев экенин, угармандарыбызга айта кетели, бул Кошоев Кыргызстандын мурдагы аскер прокурору Марат Кошоевдин бир тууганы, кадимки партиялык ишмер Темирбек Кошоевдин карачечекей уулу болорун айта кетели.

Бир кызыгы, Жаныш менен Минскиден кандайча сүрөткө түшүп калганын сураганда Болотбек Кошоев өзүнүн бизнеси боюнча Минскиге барганын, анан курсагы ачканынан кафеге кире калса, ал жерде күтпөгөн жерден Жаныш Бакиев отурганын, анан ал комсомол кезинен берки таанышы менен учурашып, эстеликке сүрөткө түшүп койгонун айтып бергенден кийин милийсалар Кошоевди кармоого эч кандай негиз жок деп койо берип жибергенин кабарлады.

“Дело №...” гезити мына ушул караанын көргөзүп коюп карматпай жүргөндөр тууралуу “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын оюн сураганда, ал Кыргызстандын күч органдарынын Жаныш Бакиевди алып келгенге кудурети жетерине ишенбей калганын, күч органдарын талкалап аткан эң башкы нерсе кыргызчылык болуп атканын, кадрлар дал ушул кыргызчылык, тууган-уруктук жол менен тандалып алынарын, бул аз келгенсип эми ага партия дегендер кошулганын, партия дегениң деле жер-жерден, тууган-урук, дос-тамырлардан куралган нерсе экенин, мамлекетти жеп, курутуп бараткан мындай опурталдуу көрүнүштү кыргыз эмес, башка бирөө келип эле токтотпосо, кыргыз токтотпой калганын, бүгүнкү бийликтин кебете-кешпирин карап туруп, өзү кыргыз болуп туруп ушуга көзү жеткенин айтып берди.

Эми кайрадан Пайзуллабек Рахмановго кайрылалы. Рахмановго издөө салганда ал Казакстанга өтө качкан, анткени анын колунда Казакстандын жараны деген паспорту болгон, анан ошол паспорт менен беларус жарандыгын алган.

Жакын кишилеринин баарын канатына калкалай баштаган Курманбек Бакиев кыргыздын ырыс-кешигин талап-тоноп алып качып жүргөн жакындарына беларус паспортун алып берүүгө жардам берип жатат деген да сөздөр бар.

Баса, Пайзуллабекти ушул турган Тараздан Бишкекке алып келүү маселеси чечилбеген бойдон кала берүүдө. Анткени Кыргызстандын жөнөткөн кагазына Казакстандын Башкы прокуратурасы жооп бермек тургай үн каталек. Ал эми Рахманов болсо казак бийлигинен саясий куугунтук жеген адам катары качкын статусун сурап жатат дешет.

Ал эми Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу качып жоголгон, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармасынын мурдагы начальниги, Пайзуллабектин бир тууган жээни Айбек Абдыразаков Орусиянын жарандыгын ала койгонун, анын бул документке ээ болушуна Калининград облусунун ГАИсинин чоңу Ысык-Көлгө эс алууга келип проблема болгонун, ошондо ага Абдыразаков жардам бергенин, анан тигил кетип баратып: “кокус башыңа иш түшүп калса мага кайрыл, кааласаң Орусиянын жарандыгын алып берем” деп кеткенин, анан Бакиевдер аласалып, Садыркуловдун иши боюнча кылмышка катышы барынын бети ачылары менен Калининграддагы баягы ГАИинин чоңуна жетип барып, орус жарандыгын алып, ошол бойдон “житип” кеткенин кенен баяндады. Бүгүн Кыргызстандын күч органдарына анын жер үстүнүн кайсыл бурчунда жүргөнү белгисиз.
XS
SM
MD
LG