Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Бабанов менен Мадумаров биригеби?


Гезиттер Кыргызстандын ички турмушундагы маанилүү окуяларга баасын берди.

Көптөн бери маалымат каражаттарына үн катпай калган белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров бүгүн жарык көргөн гезиттердин бир тобуна интервью берди. “Учур” гезити жаңы санын дал ушул саясатчынын маеги менен ачты. Адахан мырза жаңы бийлик келди деген менен Бабанов жана “Ар-намыс” фракциясынын үч министринен башкасынын баары ордунда калганын, Кыргызстанды “чоң май токоч” деп эсептеп алган беш партия бөлүп алып майкандап жатканын, азыркы парламентте оппозиция деген жоктугун, анын ордуна бир гана соода саясаты бар экенин айтты.

Мадумаров андан ары өз позициясын билдирип, бийлик каалаганын кыла берсин, бирок эртеби-кечпи сурак берер мезгил келерин, сөзсүз эле 2005 же 2010-жылдардагыдай кууп, өрттөө жолу менен эмес, адамгерчилик жолу менен маселени чечсе болорун, азыр Атамбаев элге берген убадасын аткарайын десе мыйзамдык укугу жоктугунан башын мыкчып отурганын белгиледи.

“Пресс.kg” гезити Улуттук университеттин Экономика жана финансы институтунун деректири Айылчы Сарыбаев менен маек курду. Бюджеттин ансыз да куру чөнтөгүн курутуп келаткан көмүскө экономика экенин далай ирет айткан профессор, көмүскө экономика деген бул ууру экономика экенин, анын башында тургандар өздөрү байып, мамлекетке бир тыйын да салык төлөбөстүгүн, мына ушундай салык төлөбөгөндөрдүн баары Жантөрө Сатыбалдиевдин оозу менен “бюджет пустой” деп коюп бийликте отурганын, Кыргызстандын бюджети бүгүн аны талап-тоноп байып келаткандардын эсебинен эмес, аксак-тескек, жарды-жалчы, инвалид, пенсионер, жумушу жоктор менен бечаралардын салыгынын эсебинен толтурулуп келатканын, анан кантип Кыргызстан оңолуп, Кыргызстандын бюджети “бюджет пустой” болбосун деп жаны кашайды.

Айтылуу экономист Айылчы Сарыбаев жаштар десе бийлик катарына атын түзүк жазалбаган жаштарды көрсөтмө кылып апкелип жатканын, Ак үй акылман карыларынын кеп-кеңешин укпай калганын, “мен революция кылгам, ал карыды, 80ге чыкты, кетсин” деген ура патриоттор пайда болгонун, маселен ал 80ге чыккан Жамин Акималиевди 18деги 10 жигитке алмашпай тургандыгын да кошумчалады.

“Асман преss” гезити “Бузулган элге бучуктан бий болот” деген ат менен Курултай маселесин талкууга алды. Курултай кыймылынын башчысы Кадыр Кошалиев Баш мыйзамды өзгөртүп Улуу Курултай башкаруусун киргизүүнү жактаса, журналист Сабыр Мукамбетов бүгүнкү парламентте бирин бири кажып, биринин көзүн бири чукуп атканы жагып атканын, коом ушинтип тазаланарын, Баш мыйзамды улам оңдой берүүгө болбостугун, Улуу Курултай дегенге уялып барбай айтканын айтты.

Белгилүү публицист Эсенбай Нурушев ашкере патриотизм, мекенчилдик улутка кызмат кылуунун ордуна кайра экстремизмге алып барарын, кемчиликти өзүнөн көрбөй башкалардан көрүү оорусу тарыхта далай элдерди оңкосунан сайганын, азыркы күндө үч-төрт киши Батыштан грант алып, жарандык коом түзө коюп, элдин атынан сүйлөп атабыз деп чыгып жатканын, эл буларга эч кандай укук бербегенин, мындайлар чет мамлекеттин акчасын алган соң жалаң ошолор үчүн иштерин, ошондуктан курултайды ишке сала турган жалгыз жол аны элдин арыз-муңун бийликке түз жеткизе турган күчтүү жарандык институт кылса болорун айтты.

Жазуучу Токтобай Мүлкүбатов Мухаммед пайгамбардын тушунда 6 жашар баладан 80 жашка чейинкилер аракка мас болуп жатып калганын, анан оңдо деп Кудай Таала Мухаммеди алып чыкканын, коом аябай бузулуп бүткөндөн кийин анан кайра оңолоруна көңүлдөрдү бурду.

“Айат” гезити депутат Карганбек Самаковдун Кыргызстанга жапониялык инвесторлорду кандайча жолдор менен тартып жатканын баяндаган маегине орун берди. Депутат жапон ишкерлери Кыргызстандын өнөр жайына салым кошууга, мунун ичинен ГЭСтердин курулушуна катышууга, чоң фирмаларды ачууга даяр экендиктерин кеп кылды.

“Арена.kg” гезити бүгүнкү санын “Мал чечектен ууланып жатса кайдыгер болгон жаңы коалициянын жүзү”, “Бабанов менен Мадумаров биригеби?”, “Бермет Акаева Кыргызстанга эмнеге келген?” деген баштемалар менен ачты.

Аталган гезит журналист Жолдошбек Токоевдин “Убактылуулардын өзүм билемдигинен баш мыйзам талкаланган” деген макаласын жарыялады. Макалада Убактылуу өкмөт мүчөлөрү сапатсыз Конституция боюнча 2010-жылдын 27-июнунда Референдумга кеткен чыгымды толугу менен төлөп берип, ал акчаны кайрадан Баш мыйзамды реформалоого жумшаш керек деген оюн билдирди.
XS
SM
MD
LG