Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

“Кыргыз туусу” гезити пенсия тууралуу ойлоно турган макалага орун берди.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Мырзакат Тыналиевдин “Пенсия: бийлик тарабынан кимге канчадан эмес, ар кимдин иштеп тапканына жараша” деген макаласынын 1-бөлүгүн окуучуларга тартуулап, жакшы жашаган өлкөлөрдө ар бир жаран өзүнүн карылыгы жөнүндө өзү алдын ала кам көрүп, ар жылдын аягында өзүнүн персоналдык эсебине канча каражат топтолгонун эсептеп турарын, ошондуктан алар пенсияга чыкканда, биздин айрым чал-кемпирлердей болуп, ар кандай саясатчылар тарабынан уюштурлган пикеттерге чыгып акча табам дебестен, өзүнүн ак эмгеги менен топтогон каражатына кенен жашап турарын кеп кылды.

Автор жыйынтыгында жаран канчалык чоң кызматтарга туруп, анысына чиренип, ичип-жеп, мыйзам бузуп, наам-сыйлыктарды алып алгандан кийин пенсияга чыкканда да олчойгон акча койдуртуп алып жашап келатканын, бүгүнкү капитализм доору ушул адилетсиздиктин ак-карасын таразалап, ар кимдин кызматына эмес, тапкан кирешесинин көлөмүнө жараша пенсия чектөө керек деген маселени койду.
Аталган гезит президент Атамбаев тарабынан сунушталган “Жол картасына” карата окурмандардын сунуш-пикирлерин жарыялады.

“Алиби” гезити бул санын журналист Болотбек Таштаналиевдин “Доор кулаганда” деген макаласы менен ачты.

“Алиби” бүгүнкү санына “Кыргыз гезиттери биримдигинин” төрагасы Бабырбек Жээнбековдун “Көзүбүз сокур, кулагыбыз дүлөй боло албайбыз!” деген макаласын жарыялады. Анда: “Акыркы кездерде “Кыргыз гезиттеринин биримдиги” деген уюмдун түзүлүшү негизинен журналист журтчулугу бутага алган бийлик ээлерин гана түйшөлтпөстөн, айрым бир алардын чоорун тартып, обонун созолонткон акындарыбыздын да түн уйкусун буза баштаган окшойт, мунун айкын далили катары 15-декабрь күнү “Баракелде” сайты Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевге шилтеме жасап жарыялаган “Мурункудай журналисттерди бычактап, түрмөгө тыгып жатабы?!” деген “салатты” көрсөтсө болчудай, “Кыргыз гезиттеринин биримдиги” коомдук биркимеси Шайлообек Дүйшеевдин кайсы жерин тырмап алганын билбейм, “Баракелде” сайты берген маалыматтардын бири дагы чындыкка төп келбестигин айтып коюуну адамдык дагы, атуулдук дагы парзым катары сезип турам” деп жазды.
“Алибиден” ошондой эле “Мыйзамды бузган судьяларга сурак жокпу?, “Адам баасы 50 миң сомбу?, “Россия өз энеби же өгөй энеби?”, “Москвада “Алиби” саткан гезитчи?” деген жана башка макалаларды окуйсуздар.

Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Чардагандар саунада... шордуулар караңгыда бири-бирин сүзүп турганы, тоңуп дагы” деген макаласын тартуулап: “Азыркы энергетика министри Автандил Калмамбетовдун жарыктын өчүшүнө анча чоң күнөөсү жок. Ал жигит мурдатан эле коррупцияга белчесинен батып бүткөн министрликке жаңы эле келди. Бул тармактын көйгөйү бир кыш менен эле чечиле койбойт. Эң биринчиден, министр Калмамбетовго тиешеси жок же тагыраак айтканда министрликке баш ийбеген ортомчу кызматтарды кууп таратуу керек. Мына ушул коррупциялашкан схеманы кыйратуу керек. Мына ушуну токтото турган күч биздин өкмөттө жок болуп жатпайбы!” деп жазды.

“Жыйырма чакты кыргыз басылмасынын өкүлдөрү учурдагы бийликке бир тараптуу оппозицияга өтүшкөнүн жарыя кылышты. Мындай кадам туура жасалган кадамбы же бийликке болгон таарынычпы?” деген суроо менен кайрылганда:
Айтылуу публицист Алым Токтомушев: Эгер оппозицияга өткүлөрү келсе, “биз оппозицияга өттүк” дебей эле өтүш керек болчу. Минтип коркутуп жаткандарына караганда аны уюштуруп жаткандардын кимдир бирөөсү бийлик сурап жаткан го? Өлкөдөгү абалды эч кандай изилдөөгө албай, анализдебей эле, бир гана Атамбаевди сөккөндөн оппозиция болуп калбайт да. “Биз бийликке каршы оппозицияга өттүк” дегендери Атамбаевди сөгөбүз деген эле кептери да.

“Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков: Басма сөз эч качан оппозицияга же позицияга өтпөш керек. Бүгүн оппозицияга өтүп, эртең позицияга өтө качуу дагы жакшы көрүнүш болчу беле? Өнүккөн өлкөлөрдө мындай түшүнүк жок. Басма сөз качан болсо дагы, кандай кырдаал болсо дагы так маалыматты гана жеткирүү керек, –деп жооп беришти.

Аталган гезит “Тилим өлсө, менин тирүүлүгүм курусун!” деген аталыштагы тил деп күйгөндөрдүн ойлоруна орун берди.

“Биринчи сүйлөп алып, анан ойлонгон Бекназаровдун бейнесине сүртүмдөр” деген макаланын автору Жанкороз Эсенгелдиев белгилүү саясатчынын ишмердигине байкоо салды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG