Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Пенсия: иштегенге жараша


“Кыргыз туусу” гезити журналист Мырзакат Тыналиевдин пенсия тууралуу макаласынын 2-бөлүгүн жарыялады.

“Кыргыз туусу” гезити кыргызстандыктарды келаткан Жаңы жылы менен куттуктап, бакыт, таалай каалады.

Гезит адаттагыдай эле жаңы санын окурмандардын каты менен ачты. Нарынкүл Назаралиеванын макаласы президент Алмазбек Атамбаевдин “Ала-Арча” резиденциясында өткөргөн маалымат жыйынына арналды.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин “Пенсия: бийлик тарабынан кимге–канчадан эмес. Ар кимдин иштеп тапканына жараша” деген олуттуу маселени козгогон макаласынын уландысын жарыялады. Макала: “Пенсия жарандын менчигиби же мамлекеттикиби?”, “Пенсионерлерди иштен айдагандан көрө, элибизди камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө көндүрбөйлүбү”, “Макси” жана “мини”, “Пейджерим”.., ой, “чиним”, “сыйлыгым бар”...” деген майда темалардан турат.

Автор учурда биздин өлкөдө максималдуу пенсия 93 миң сом, ал эми минималдуу пенсия 2 миң сом болсо, жашоо минимуму 4 миң сомдон ашып кеткенин, жакында өкмөт совет доорунда республиканы башкарган Турдакун Усубалиевдин пенсиясын 300 процентке, ошондо аксакалдыкы 60 миң сом болот экен, Масалиевдикин 50 процентке көбөйтүү демилгесин парламентке сунуштаганын, булардын пенсиясынын көбөйүшүнө каршылык жоктугун, бирок пенделик көз караштан алганда, жогорудагы экс-жетекчилер же алардын үй-бүлөсүндө мынчалык муктаждык жок болгон соң, төмөн жактагы 2 миң сом алгандардын пенсиясын көтөрүү жагын ойлонсок болот го деген ойду ортого салды.

“Алиби” гезити бул санын саясатчы Дастан Сарыгуловдун “Мамлекетти кыргызга күйбөгөндөр башкарып келатат” деген макаласы менен ачты. Дастан мырза адатынча Эл, Тил, Нарк, Насил, Ыйман, Адилеттик тууралуу кенен кеп кылды. Элге эмес бийликке кызмат кылуу Акаевдин ууру доорунан башталганын, Бакиевдердин мүлктөрүнүн көбү улутташтырылбай Атамбаев, Текебаев тарабынан жаап-жашырылып жатканын, Үсөнов, Балкыбеков жана анын камчысын чапкан спикер, салык, бажы, министр, “ак жолчу” депутаттар биригип, миллиард доллар уурдаганы үчүн Бишкекте 10-15 кабат имараттар курулуп, бүгүн да министр, депутат болуп, кыргыздын тамырына балта чаап келаткандарын айтты. Дастан Сарыгулов бирок булар кимдер экенин атаган жок.

“Фабула” гезити депутат Чыныбай Турсунбековдун “Жашыра турган мамлекеттик сырларыбыз деле калбай калыптыр” деген аталыш менен маегине орун берди. Чыныбай мырза газ тартыштыгы, энергетика, кыргыз тил маселелерине байланыштуу бир катар суроолорго жооп берди. Өкмөттүн отставкасы тууралуу суроого ал жаңы өкмөт болгону үч ай гана иштегенин, бул убакыттын ичинде анын ишине баа берүү эртелик кыларын, андан көрө анын ишине жардам берип, иштетиш керектигин билдирди.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун маегин “Акылбек Сариевдин укук коргоочу болууга таланты жок” деген ат менен жарыялап, акыйкатчы болуш үчүн талант керектигин, таланты болбосо карандай билими бар юристтер менен экономисттер да жарабай каларын айтуу менен акыйкатчылыкка аттарын кошуп жаткан жарандардын калк алдындагы салмагын таразага салды. Депутаттар колдоп берсе, өзү өтөрүнө бекем ишенерин, Түлеевге окшоп депутат болуп алгандан кийин жеп-ичкени чубалып жүрбөй, азыр Эсеп палатасына кайрылып өзүн өзү текшертип жатканын, камактагы Камчыбек Ташиевге бир эмес, жети жолу кирип чыкканын, ашказанында жарасы бар экенин, Турат Мадылбековдун уулунда гепатит дарты барын, абалы анча эместигин, Мамытовдун башы ооруп жатканын, ошондуктан үчөөнү тең ооруканага которуш керектигин, Кыргызстан азыр кемеде баратканын, Атамбаев аны чөктүрүп жибербеш үчүн баарын жасашы керектигин, тилекке каршы “кемени” чөктүрүп жибергиси келген күчтөр да барын, бирок чөктүрө албастыгын, эң башкысы элибиз буга жол бербестигин, өлкө өнүгөрүн, гүлдөгөн мамлекетке айланган кез да келерин белгиледи.

Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиевдин маеги “Нарындыктар кыштын камын жазда көрөт” деп аталды. Нарын районунун Дөбөлү деген жеринен тартып Нарын дарыясын бойлото Нарын шаарына чейин төрт ГЭС курулганы турганын, мунун айрыкча нарындыктар үчүн пайдасы эки эсе зор болорун, Теңир тоолуктардын бийликке көзү да, ой-пикирлери да түз экенин белгилеп, тоолуктар өз ишин кылып, мал багып, бала өстүрүп, жакшы тилек, жарык үмүт менен жашап жатканын баяндады.
XS
SM
MD
LG