Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Кимди күнөөлөйбүз?


Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен “Жаңы агым” гана жарык көрдү.

Гезиттердин дээрлик баары азыр Жаңы жылдан кийинки эс алууда. Бүгүн жалгыз “Жаңы агым” гезити жарык көрдү.

Биринчи эле беттеги “Янчук өлүм жазасына буйрулса да Бишкекте компаниясы гүлдөп атат” деген кабарда Кыргызстандагы эң белгилүү авиакомпаниялардын биринин кожоюну, Орусиянын жараны Алексей Янчук мурунку “Итек эйр” авиакомпаниясынын ээси, Орусиянын жараны Евгений Хапровду бычактап өлтүрткөндүгү үчүн Дубай соту тарабынан өлүм жазасына тартылганын, көрсө өлтүрткөнү да, өлгөнү да Челябинскидеги уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин, бул экөө кезинде Кыргызстандагы “Итек эйрге” теңата кожоюндук кылып келгенин жана Е.Хапров Дубай сотуна кайрылып, Алексей Янчукту үч жарым миллион доллар уурдаган деп доо коюп, анысы аныкталган соң уурдаган акчаны төлөп бергиси келбеген Янчук киллерлерди жалдап, Хапровду Дубайдан өлтүртүп качып кеткенин аныктаган” деп жазган “Жаңы агым” гезити Янчук азыр Кыргызстанга да келбей Германияда жашынып жүргөнүн, бирок Бишкекте анын авиакомпаниясы баягыдай эле өз ишин улантып жатканына таң калып атканын жазды.

Аталган гезиттин кабарчысы Мелис Совет уулу “Адилет” укуктук клиниканын башкы деректири Чолпон Жакуповага кайрылып, бир катар суроолорго жооп алды.
Парламенттик башкаруу жөнүндө оюн билдирген Чолпон айым кайсы гана парламенттик системада болбосун аткаруу бийлигинде кризис башталса жок эле дегенде коалициялык көпчүлүк тарап кетерин, бирок бизде андай болбогонун, анткени Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды ушундай кылып жазып салганын, бул деген парламенттик башкаруу дегендикке жатпай тургандыгын айтып сынга алды.

Ал ошондой эле парламент болбой эле маселе чыкса, аны өз ара соода жолу менен чечүүчү жайга айланганын, Акаевдик система да так ушундай болгонун, анткени Акаев да болгон күнөөнү өкмөт башчысына жаба салып, улам алмаштырып турганын, министрлер кабинети канчалык тез алмашып турса, депутаттардын капчыгы ошончолук калыңдап турарын эске салды.

Чолпон Жакупова андан ары дал ушундай жоопкерчиликсиз парламенттин келишине шайлоочулардын да салымы чоң болгонун, анын үстүнө мындай Конституция менен өнүгүүгө болбостугун белгилеп: “ар бир шайлоо сайын “элдин канын соргон, өз өлкөсүн талап-тоноп келаткандарды шайлабагыла!” деп бардык жерден кыйкырабыз да кайра эле ошолорду шайлап келатабыз, ошол шайлагандар мугалимдер менен врачтар, эми булар ошол парламенттин оозун тиктеп үшүп-шишип отура беришсин” деп жаны кашайды.

Эл ишенген оппозиция чабал жана мокок экендигин, ошол эле Камчыбек Ташиевдин депутат башы менен коргондон ашып түшкөнү даана маскарачылык болгонун, бирок аны бул аракети үчүн камаганы туура болбогонун, кыскасы азыр ал оппозициямын дегендерди түшүнбөй тургандыгын, бир гана реалдуу иштеп аткан Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов экенин, ал жөнүндө эмнелерди гана айтып ушакташпасын унчукпай, жасачу иштерин жасап келатканын, бир эле мисал Бишкек мэриясы менен Ош мэриясынын ишин салыштырып көрүү керектигин айтты.

Кабарчынын: –Жазында митинг болот, 3-революция болуп кетиши мүмкүн деп элдин үшүн алып жаткандардын айтканы канчалык чындыкка жакын?–деген суроосуна

Чолпон Жакупова: – Кырдаал өтө оор. Мен революция болушун каалабайм. Болуп кетишинен да корком. Анткени дагы бир революция болсо, өлкөбүз жоголот. Кайрадан талап-тоноо, кайрадан калп айтуу, кайрадан чаң-тополоң болушун эч ким каалабайт. Кандайдыр бир эл ишенген адамдардан турган бир орган түзүү зарыл болуп турат,–деп жооп берүү менен Кыргызстандагы адилетсиздикти, кемчиликтерди айта берип чарчап бүткөнүн, кыргыз элинин илгертен келаткан кайраттуулугу, чыдамкайлыгы, сабырдуулугу, меймандостугу менен ачык-айрымдыгы жана акылдуу, жакшы адамдарды сыйлай билгендиги гана чыйралтып келатканын, бирок бул касиеттер да акырындап жоголуп баратканын, азыр жаштар интернет сайттарында болобу, коомдук транспорттордо болобу, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнөрүн, бир жаман нерсе болсо эле баарыбыз башка бирөөлөрдү күнөөлөп жатып каларыбызды, жаңы жылда кыргыз элине руханий жактан жаңыланууну, байыртадан сактап келген жакшы касиеттерин кайра калыптандырууну кааларын айтып өттү.
XS
SM
MD
LG