Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Бүгүн кыргыз тилдүү “Учур” гезити гана жарык көрдү.

“Сохтун айланасындагы маселени кантип чечсе болот?” Ушул суроого жооп издеген айрым атуулдардын ой-пикирин бүгүн жарык көргөн “Учур” гезити жарыялады.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдрахман Маматалиев: – Чек ара маселеси абдан оор маселе, бирок чече турган шарттар бар. Мисалы, Бүргөндүгө жол куруп, Сох менен көпүрө салып койдук. Эми ошол 52 чакырым жолду тезинен асфальтташ керек. Жаңы салынган көпүрө менен түз эле Чоң Карага чыгат, андан ары Баткенге кете берет. Сох аркылуу өтө турган Кан сыяктуу көптөгөн айылдар бар.

Сохтун үстү жагына дагы бир жол салып, жакындатып койдук эле, аны да аягына чыгарыш керек. Ошондо бардык айылдар бири-бири менен Сохко кирбей эле байланышып калат. Азырынча андай байланыш жок.

Сох анклавы биздин аймактын ичинде тургандыктан Өзбекстанга барчу жол биз аркылуу өтөт. Ошол жолго пост коюу керек, ошондо коңшулар чек арага кол салып, элди барымтага алмак түгүл, тескерисинче бизге суранып келгенге аргасыз болот. Азыркы проблемалар жергиликтүү бийликтин алсыздыгынан, принципсиздигинен болуп жатат,–деп,

"Достук" үйүнүн деректири Жаныбек Атамбеков:– Баткендеги окуя 22 жылдан берки эгемен Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин алсыздыгынын, эрксиздигинин ачык көрүнүшү. Баткенге Айбалаевдей эрки күчтүү жетекчи керек,–деп,

Бир кездеги тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министрлигинин Сох анклавындагы окуяга реакция кылуусунун үч варианты бар экенин белгилеп, буларга токтолду:

–1-чек аралардын коопсуздугун талап кылуу боюнча тиешелүү талаптар менен өзбек тарапка нота жиберүү,
2-Кыргызстандын элчисинин Ташкенге демарш жасоо мүмкүнчүлүгү,
3-Өзбекстандын Кыргызстандагы убактылуу өкүлүн тышкы саясий ведомствого чакырып, бул боюнча республиканынын позициясын билдирүү.

Мен биздин Тышкы иштер министрлигинин үн катпаганына таң калам. Ташкен Фергана өрөөнүндөгү кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөрү белгилүү, ошондуктан кыргызстандык, өзбекстандык бийликтердин биргелешкен аракети менен мындай жаңжалдарды болтурбоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүшү кажет. Азыр көйгөйдү жөнгө салуу боюнча конкреттүү кадамдарды жасай турган мезгил келди, биринчи орунда Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы туруш керек. Соңку кездери чет элдик маалымат каражаттарында Борбор Азияда чыр-чатактар чыгышын боолгологон көптөгөн аналитикалык макалалар пайда болууда. Региондогу азыркы кырдаалды эске алып, мындай чыр-чатактарды алдын алуу президенттин, өкмөттүн, парламенттин ишинин негизги багыты болууга тийиш. Чек араларды тастыктоо үчүн Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тезинен жумушчу топту түзүү зарыл,–деп айтты.

“Учур” гезити ушуга улай эле “Ата Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров менен Сохтун айланасындагы окуяга байланыштуу маек курду.

Кочкоров эң башкысы кыргыз тарап да, өзбек тарап да социалдык маселелерди, атап айтканда – жер, суу, жумушсуздук, жайыттарды пайдалануу, чек арадан өтүү маселелерин чече албай келаткандыктарын, 20 жылдан бери Өзбекстан менен жакшы кошунага окшоп бир үстөлдө отуруп мамиле түзө албай койгонбузду айтып кейиди.

Депутат мунун бир эле мисалы катары Сохтун тургундары турмушун жалаң мал менен өткөргөндүктөн илгертеден эле Кыргызстандын жайыттарын пайдаланып келаткандыгын, жайыт Өзбекстанга керек болгондуктан бизге келип жайыт сурап, малын биздин жайлоого жайышарын, демек бул боюнча эл аралык келишим түзүлүшү керектигин, бирок муну коңшулар жасабай келатканын, биз жайыт бербейбиз деп кашайсак эле алар бизди жолдон өткөрбөй кыйнап, ортодо эки жактын эли кыйынчылык тартып атканын, ошондуктан бул маселе эки айылдын башчыларынын эмес, эки өлкөнүн бийлик төбөлдөрүнүн чече турган маселеси экендигин, маселе канчалык тез чечилсе, ошончолук жакшы болорун айтып чыкты.

Ушул эле санга белгилүү публицист Кубан Мамбеталиевдин президенттин айрым жолугушууларда айткан сөздөрүн сынга алган макаласы “Ажонун чымындары” деген ат менен жарык көрдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG