Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Бүгүн “Фабула” менен “Кыргыз туусу” гезиттери жарык көрдү.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Өткөндөгү баатырдык. Ашкере интернационализм менен гуманизм” аттуу макаласын окурмандарга тартуулады.

Тарыхчылардын изилдөөлөрү менен уламыштарда жана эпостордо адамзат дүйнөсүнүн эң байыркы элдеринин бири болгон кыргыз элинин баатырдыгы жакшы чагылдырылганын, бирок айрым изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде өтө эле аша чаап бааланып, ааламдан кыргызга тең келе турган эл табалбай айлабыз кеткен кездер болорун кеп кылды.

Аракеев ашкере интернационализм менен гуманизмдин зыяндуулугун, кесепетин айтты. Ошону менен бирге эле кыргыз кезинде улуу калк болгону менен анын улуулугу тарыхтын барактарында калып, бүгүн бирин-бири сатып, эки-үч тургай, көчө-көчөгө бөлүнүп, пейли таза, ак жашагандарды ээрчибей эл жегендерди ээрчип, коррупцияга белчеден батып, бири-бирибиз менен тытышып, башка элге шылдың болуп келатканыыбызды, “кыргыз кыйын, кылымда кыргыздай эл-жерин коргогон баатыр эл жок, биз айкөл Манастын тукумубуз” деп өпкөбүздү барабан кылган менен тукум менен койгулатып жер сатып келатканыбызды, бирикпей келатканыбызды, жети атабызды көр дүйнө өлтүргөнсүп көр дүйнөдөн бөлөктү көрбөй калганыбызды, элдин пейилин акча, ач көздүк бузганын, бир эле мисал көзүн көр, этин май баскандар эң эле жөнөкөй светти төлөбөй, кутуруп, өз өлкөсүн өлкө санабай, кокус эртең элдин башына күн түшсө так ошол элдин жонунан сыйрып жыйнап келген байлыгын артынып алып, чет өлкөгө баса берчүдөй абалда жашап жүрүшкөнүн, бийлик ушундай бузукуларды кынына киргизсе, анан эл бийликке ишенерин, анан эпостогу баатыр кыргыздарды эмес, мына ушундай шылуун, жанкечти кыргыздарды көргөн коңшулар, башка элдер жерге түкүрүп атпайбы деп жаны ачып жазды Аракеев.

“Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариевдин интервьюсу “Апрель окуясында Убактылуу өкмөттүн күнөөсү жок” деген ат менен жарык көрдү.

“Фабула” гезитиндеги журналист Айбек Шамшыкеевдин көлөмдүү макаласы “Атахановдун кадамы, Жаныштын адамы...” деп аталып, автор макаласынын башында ички иштер министри Шамил Атахановдун кайдан жүрүп кайдан милийсага келгенин, бизнес кылып жүрүп Атамбаев менен таанышканын, эл түзгөн партиянын бирин ал да түзүп, анысын “Пенсионерлердин партиясы” деп атаганын, кийин анысынын дайыны чыкпай, өзү КСДПга мүчө болгонун баяндап келип, Ички иштер министрлигине барган сайын Жаныш Бакиевдин адамдары келе баштаганын кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити “Кыргызстанды өнүктүрүүнүн стратегиясы кабыл алынды” деп жар салып, ал тууралуу баяндаманы басты.

Нарынкүл Назаралиеванын макаласы Кумтөргө арналды. Бул санда булардан башка “Тышкы миграциянын күңгөй-тескейи”, “Ажырашуулардын көбөйүүсүнө эмне себеп?”, “Сак болгула, текшерүүчү келатат” деген макалалар бар.

Гезит кабарчысы Жыпар Исабаеванын “Көргөнсүңбү, помидорду бакта өскөн?” аттуу макаласы жайы-кыш дебей кызарып бышып турган помидорду Оштун Кара-Суусунда жашаган Мунавар аттуу багбан аялдын короосунан көрүп келгенин, ал дарак “Помидор дарак” дап аталарын, көп жылдык өсүмдүктөрдүн катарына кирген помидор дарактын жашоосу 12 жылга чейин созуларын, Мунавар айым аны адегенде интернеттен таап окуп, анан уругун Ленинграддан алдыртып отургузганын жазып чыкты. Эч кимге өпкөлөбөй эле, таман-акы, маңдай тери менен короосун гүлдөтүп, мөмө берчү бактардын 50 миңден ашуун көчөтүн өстүрүп, жазында анысын сатып, андан түшкөн акчага кайра “Помидор дарактын” уругун алып келип, тамырын жайып келаткан карпайым элеттик адамдын эң сонун ишин окурмандарга баяндап берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG