Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

Бүгүн “Көк асаба” жана “Дело №...” гезиттери жарык көрдү.

Бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити жаш саясатчы Айбек Байымбетовдун коррупция менен күрөштү талдоого алган макаласын жарыялады.

Жазуучу Чын Темир Алтайдын же Асыкбек Оморовдун “Кыргыздын кырк уруусунун булактары чоглтулууда” деген макаласында жеке ишкер Рустам Маманов кыргыздын кырк урусунун тарыхын кайрадан тактап, жазып чыгуу үчүн өз жанынан 40 млн. сом жумшап, иш үч багыт менен жүрүп жатканын, акыркы багытын Тайван, Кытай, Индия, Пакистан, Ооганстан, Иран, Түркия, Сирия мамлекеттерине буруп, ошол өлкөлөрдүн архивин аңтарып, тарыхый материалдар чогултуларын, Чын Темир Алтай өзү жетектеген “Санжыра борбору” иштеп жатканын жар салды.

“Ысык-Көл – ден соолукту чыңдоочу эмес, бузуучу чөйрөгө айланып бараткансыйт” деген ат менен окумуштуу Бозум Алышбаевдин макаласы тартууланды.
Журналист Динара Бейшеналиеванын бир катар суроолоруна ырчы Гүлбү Орозкулова жооп берди. Журналист Айзада Авазованы эскерген замандаштарынын эскерүүлөрү да ушул санда.

“Дело №...” гезити полковник Толкунбек Шоноевдин өлтүрүлүшүнө арналган макаласын “Бандиттер окоптон чыга баштады” деп атап, Ички иштер министрлигиндеги булактар белгилегендей, кылмышкерлер кайрадан баш көтөрө баштаганын, ал тургай бир нече офицердин көзүн тазалоо боюнча түзүлгөн тизме былтыр пайда болгонун, башкы милиционер Шамил Атаханов өткөн чогулушунда “Биздин коопсуздугубуз үчүн ким жооп берет?” деген суроону койгонун, эми минтип анын жообу катары түштүктө полковник атып өлтүрүлгөнүн, Кыргызстанда 11-январь бандиттердин баш көтөрө баштаган күнү катары тарыхта калбас үчүн, кийин кеч болуп калбас үчүн азыртадан алдын алууга али убакыт бар экенин жазды.

“Дело №...” гезити Чарбактагы чатакты талдоого алды. Бул боюнча жарыяланган макаланын аягында эксперттердин ойлоруна орун берди.

Кубаныч Сарыбаев, Чек ара кызматынын Башкы штабынын мурдагы жетекчиси:
– Мындай чыр-чатактарды болтурбай коюу оңой-олтоң иш эмес. Биздин чек арачылар эмнени кайтарып жатканын так, даана билмейин ушундайлар боло берет.

Мамлекеттик чек ара деген мыйзамдуу күчү бар чек ара сызыгы болот. Мындай мыйзамдуу күчкө ээ чек ара сызыгы Кытай жана Казакстан менен чектешкен чек арабызда гана бар. Ал эми Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арада такташа турган талаш жерлер көп.

Эң башкысы мамлекеттер аралык келишимдер жок. Болгону протоколдор гана бар, мына ушундай чырдуу кырдаалдарда мындай протколдордун күчү тыйынга да арзыбай калат.

Эмне үчүн ушунча жылдан бери коңшу эки өлкө менен делимитация жана демаркация кылбай келатабыз? Анткени чек ара маселеси менен эч ким алпурушкусу келбейт.

Чек ара маселеси өзү менен кошо канча жылдардан бери чечилбей келаткан бардык экономикалык маселелрди кошо көтөрүп чыгары белгилүү. Анткени түштүктөгү чек арабыз жашап турган тургундардын баскан жолу, айдаган огороддору менен салган мал кепелери аркылуу өтөт. Мына ушундай татаал маселени чечиш үчүн адистер керек,–десе,

Саясат талдоочу Марс Сариев: –Бул чек ара чатагы атайылап жасалган провокациянын бири. Менин оюмча муну Өзбекстандын атайын кызматтары жасады.

Сохтун негизги тургундары – тажиктер. Чыр чатак кыргыз менен өзбектердин ортосунда эмес, кыргыз менен тажиктердин ортосунда чыкты.

Кыргызстан бүгүн Орусиянын кол чатырынын алдында турса, Өзбекстан бариккаданын башка жагында турат. Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун өткөн декабрдагы саммитине Өзбекстандын ыйгарым укуктуу өкүлү барып катышты. Ошондон кийин эле Ташкент “Биз Орусиянын курал-жарактарын сатып алабыз, өз аймагыбызга Американын аскер базасын курууга эч качан жол бербейбиз” деп айтып, Кремлди көздөй ыктаганын билдирди.

“Газпром” болсо Өзбекстандын газ чыга турган аймактарын изилдөөнү баштады. Өзбекстанга реалдуу тоскоол болуп жаткан ким? Албетте Тажикстан. Тажиктер куруп аткан Рогун ГЭСи өзбектердин пахта талаасынын ишпалдасын чыгарышы мүмкүн. Биз кыргыздар болсо ийкемдүүлүк кылып Камбар-Атаны өзбектер менен чогуу курмакчы болуудабыз. Ташкент болсо кыргыздар менен тажиктердин бир фронтто болушун каалабайт, тескерисинче өз ара араздашып турушуна кызыкдар. Ал эми Сохтун тургундары чоң саясат оюнунда жөн гана пешканын ролун аткарып жатканын ойломок турсун билишкен да жок,–деп айтты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG