Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Шыбыр-шыбыр


Гезиттер өлкөнүн ички-тышкы маселелерине байланыштуу окуяларды чагылдыршты.


“Де-факто” гезити АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейкке президент Атамбаев “Манастагы” транзиттик борбор эмдиги жылы чыгарыларын дагы бир жолу эскерткенин белгилеп: “Чын эле борбор чыгарылабы?” деген суроо менен кайрылды эле буга,

депутат Равшан Жээнбеков: – АКШ гуманитардык жардам сунуштоо менен транзиттик борборду калтыруу аракетин көрөт. Бирок жашыруун эмес, борбордун тагдыры баары бир Кыргызстан эмес, Орусия менен АКШнын сүйлөшүүсү аркылуу чечилет,–деп,

саясат талдоочу Табылды Акеров: –АКШ борборду калтыруу үчүн болгон аракетин көрөт. Себеби Сириянын президенти Башар Асаддын режими куларына аз калды, ал режим куласа, анын артынан АКШ негизги душмандарынын бири болгон Иранга аскер күчтөрүн топтоого өтөт. Кыргызстандагы база АКШга ошондо керек болот. Менин пикиримде кыргыз президентинин позициясы бекем. Эмдиги жылы база жүргүнчүлөрдү ташуу кызамтын көрсөтүшү мүмкүн,–деп жооп берди.

Бул гезитте КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетовдун “КТРК “кара жашик” кейпине түшүп барат” деп аталган маеги басылды.

“Жаңы агым” гезити “Хан сарайлары үчүн карыз каймактар”, “Полковник Шоноев кимдин курмандыгы болду?”, “Уюшкан кылмыштуу топ полковниктин көзүн тазалады”, “Сох дагы эле солкулдап, эл кыйналып турат”, “Акчага да сатылбас нерселер бар экенин Кулбаевдер түшүнүшү керек” деген жана башка макалалар басылды.

Ушул эле гезит Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү Жеңиш Разаковдун ордуна экс-губернатор Мамат Айбалаев дайындалары айтылып жатат деп, апрель окуясынан кийин “Революциянын бульдозеру аталган Азимбек Бекназаровго байланыштырып, Швециянын Стокгольм шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин сүрөтүн электрондук почта менен салып: “мында Бекназаровдун 5 бөлмөлүү квартирасы бар, баасы 1 млн. 200 миң евро” деп жөнөтүп жиберип, ишенер-ишенбесибизди билбей турабыз” деп жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Чек ара көйгөйү өлкөнүн чекесине чыккан чыйканбы?” деген баш тема менен ачып, Адылбек Батыровдун макаласын жарыялады. Шербол Жапаралиевдин макаласы “Мектеп окуучуларына форма кийгизүүнүн зарылдыгы барбы?” деген суроого оюн билдирди.

“Алиби” гезити аркылуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев суроолорго жооп берип жатып: “Менде өтө көп маалымат бар, бирок мен аны айтпайм. Эгер сот туура чече турган болсо айтам, болбосо жашыруун сыр боюнча ичимде кала берет” деп айтты.

“Фабула” гезити “Министр Атаханов баш прокурор Салянованын укуктарын тартып алганбы же чоң акча жасаганбы?” деген теманын алдында журналист Айбек Шамшыкеевдин макаласын тартуулады. Анда ички иштер министринин дагы бир кыңыр иши тууралуу кеп болот.

Депутат Карганбек Самаковдун интервьюсу “Сапатсыз дарыларды кайрадан сатып, бизнес кылып жатышат” деп аталды. Депутат ошону менен бирге эле кайрадан баш көтөргөн кылмыш дүйнөсү менен күрөшүп, тартипке сала турган жигиттер Мелис Турганбаев менен Зарылбек Рысалиев экени талашсыз экендигин эске салды.

Ушул эле “Фабула” гезити скульптор Садырбек Макеевдин “Чокморовдун эстелиги коюлабы же дагы далайга чоюлабы, билбейм..” деген интервьюсун сунуш кылды.

Ардагер энергетик Эргеш Төрөбаев аксакалдын “Энергетикалык коопсуздуктан толук чыга алабыз” деген макаласы да ушул гезитке басылып, ал: “кудай буйруса быйыл “Датка” подстанциясы ишке кирери менен өлкөнүн түштүк аймагы энергетикалык көз карандысыздыкка жетет. Ал эми 2015-16-жылдары “Датка-Кемин” ишке кирсе, өлкөнүн түндүк аймагы башкалардын көзүн кароодон кутулат” деп айтты.
XS
SM
MD
LG