Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Ишкерлер иштейм дейт


Бүгүнкү баяндамабызды жаңыдан жарыкка чыккан “Жаңы Кыргызстан маданияты” гезитиндеги макалалар менен жасадык.

Бүгүн мындан балким ар айына эки же бир жолу жарык көргөнү турган “Жаңы Кыргызстан маданияты” гезитинин кыргыздын таланттуу адабиятчысы, сынчысы Каныбек Эдилбаевди эскерүүгө арналган жаңы саны жарыкка чыкты.

Аталган гезиттин негизги бөлүгү тирүү болгондо 60 жашка чыга турган Каныбек Эдилбаевдин баскан жолу менен чыгармачылыгына, адамдык касиетине арналды. Өмүрлүк жары Рая Эдилбаеванын көлөмдүү маеги, замандаштары жана достору Майрамкан Абылкасымованын, Кубатбек Жусубалиевдин, Абдыганы Эркебаевдин, Эгемберди Эрматовдун, Сүйүндүк Олжобаевдин, Акбар Рыскулдун, Эсенбек Медербековдун, Нуралы Капаровдун эскерүүлөрү басылып чыкты.

“Жаңы Кыргызстан маданияты” гезитинен жазуучу Нуралы Капаровдун “Бейтааныш” аттуу аңгемесин, жаш акын Нуриза Өмүрбаеванын ырларын, айылдык аскиячы Абийирбек Абыкеевдин тамашаларын окуйсуздар.

Гезитте дагы бир көңүл бура турган жаңылык кыргыз адабиятынын алптарынын бири Түгөлбай Сыдыкбековго Бишкек шаарында эстелиги тургузулганы калганын, аны каржылоо жагын “Жетимен” кайрымдуулук фонду колго алганын Кыргыз эл баатыры, көрүнүктүү драматург Бексултан Жакиев айтып берген кабар да тартууланды.

“Жаңы Кыргызстан маданиятына” булардан сырткары “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков маек куруп, элибиздин мындан аркы өнүгүүсүнө токтолду.

20 жылдан ашуун убакыттан берки бийликтин элге жасап келаткандарына элде кадимкидей ишенбөөчүлүк калыптанып калганын, бийлик эмне айтса эле: “дагы баягыны айтып башты айлантып атат, баары бир кагаз жүзүндө кала берет” деп кол шилтеп коймой күч алганын, байкасаң президент Атамбаев да так ушул ишенбөөчүлүктүн тузагына чалынып атканын, ошондуктан биз эми ушул жолу “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болбошубуз керектигин, президенттин айткан “Жол картасы” жолдо калып калбаш үчүн аны катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты.

Маселен мамлекет менен жеке ишкерлердин өнөктөштүгү боюнча 2008-жылы эле кабыл алынган мыйзам бар экенине карабастан, бизде бул экөөнүн ортосунда өнөктөштүк деген такыр жоктугун, бир өлкөдө туруп ишкерлер өзүнчө, мамлекет өзүнчө жашап калганын белгилеген Салымбеков буларга токтолду:

“Мисалы, Саламаттык сактоо министрлигин алалы, канчалаган ооруканалары, клиникалары мышык ыйлай турган абалда жатат. Дубалдары көчкөн, керебеттери эки кылым мурдагы. Палаталарга кирсең таракандар таштанды ташып, аркы-терки чуркап жүрөт. Жадагалса кезекте турганда үчүн отура турган отургучу жок. Ошол эле убакта менчик клиникаларды кара! Айырмасы асман менен жердей. Канчалаган театрлар, китепканалар, клубдар оңдоп-түзөп алууга муктаж болуп турат. Ошолорду мамлекет ишкерлерге бериш керек. "Муну иштет, баланча процентин мамлекетке төгүп турасың, баланчасын өзүң аласың” деш керек. Антпесе кол алдындагы кызматкерлерине айлыгын араң берип жан багып келаткан бир дагы министрлик тармагын оңдой албайт. Айылдарда деле ошондой.

Ошон үчүн ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн мамлекет туура пайдаланыш керек. Чындап эле өлкөнүн, элдин тагдырын ойлогон ишкерелер көп. Мамлекет айтса эле жасайт. Артына бир из калтырбаса, анда ал эмнеге бизнес жасап жүрөт. Өзүнө хан сарай салып, “Мерседес” тээп жүрүп өмүрдөн өтүш үчүн келди беле? Андай өмүрдүн кимге кереги бар? Ишкер деле бирөөгө жакшылык кылайын, элге пайда алып келейин, аны менен бизнесимди да өнүктүрөйүн деп ойлонот.

Бул жерде аябагандай чоң резерв жатат. Ишкерлер менен мамлекеттин кызыкчылыгын бириктирүүдө мамлекет, аткаминер чиновниктер иштей албай жатышат. Азыр жерге эңкейген эле киши акча таба турган убак. Өнүккөн өлкөлөр бүт эле ушул жол менен ийгиликке жеткен. Бардык жерде ар кимдин, ишкердин да, мамлекеттин да, элдин да кызыкчылыгы айкалышканда иш оңуна түшөт.

Жеке менин элибиздин турмушунда жакшы өзгөрүүлөр болсо дегенде эки көзүм төрт. Президент да муну утурумдук кампания кылбай сабырдуу, токтоолук менен түшүндүрүп жатат. Ошон үчүн ишеним чоң, үмүт бар. Быйылкы жыл биз үчүн чечүүчү жыл болот, бурулуш жыл болот, же оңолобуз же... Кудай андан сактасын” деп айтты.
XS
SM
MD
LG