Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:09

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин айрымдары АКШнын "Манастагы" транзиттик борборунун айланасында кеп козгоду.

“Пресс.kg” гезити Бакыт Молдалиевдин “Куурчак саясат” деген макаласына окурман көңүлүн буруп, Кыргызстандын борборундагы Американын аскер базасы жайгашканына 12 жылдын жүзү болгонун, бул база 2014-жылы чыгат деп президент айткан күндөн тартып базанын тегерегинде саясый оюндар кайрадан жанданганын кеп кылды.

Макаланын автору, баары бир бул аскер базанын чыгыш-чыкпашы АКШ менен Орусияга байланыштуу экендигин, дал ушул база боюнча ойной коём деп мурдагы президент Бакиевдин “омурткасы” сынганын, кокус эле Американын бул базасы Кыргызстандан чыкты дегиче АКШнын Борбор Азия регионундагы кадыр-баркына оңбогондой сокку уруларын, базанын чыгып кетишине эң биринчиден Орусия кызыкдар болуп жатканын, муну беш колундай билген АКШ өкмөтү азырынча кыргыз бийлигинин тилин табууга аракетин жумшаганы турганын, буга болбой баратса, экономикалык кысымдарды жасабайт, керек болсо андан башка дагы иш-чараларга барбайт деп эч ким кепил боло албастыгын жазды.

Аналитик андан ары буга “жылжытма басып алуу” саясаты менен алектенген Кытайды кошпогондо да бул ири державалык мамлекеттердин Бишкектеги базанын айланасындагы айдактама саясаты бери эле болгондо эзелтен карым-катышта келген кошуналар менен алаканы алсыратуу, ар кандай чыр-чатактарга көмүскө тукуруу аракеттери менен коштолушу мүмкүндүгүн баарыбыз эле эң жакшы түшүнүп турганыбызды, буга шылтоо да табыларын, мисалы суу бөлүштүрүү маселесин көтөрүп чыга калышарын, суу болбосо деле чуу кыла турган андан башкасы да жетиштүү экендигин мисалга тартты.

Дал ушундай кырдаалда азыркы кылымдын эң бир зарыл товарына айланып бараткан суу ресурсуна ээлик кылган Орто Азия чөлкөмүнө, анын ичинен Кыргызстанга болгон саясый таасирлерин арттыруу, же ачык айтканда аны талашуу, ага бөтөнзордук менен үстөмдүк кылуу дымагы өз чегине жетиши мүмкүндүгүн белгиледи. Айрым бир эксперттер алтургай ушундан улам 2013-2014-жылдары Орто Азия аймагында согуш оту тутанып кетиши ыктымалдыгын айта башташканын, Роберт Блейктин Бишкекке келиши, кыргыз президентинин дагы эле “болбойт” деп жооп бериши ойго салбай койбостугун, демек кыргыз бийлиги бул сөздү Орусиянын гана кубат-күчүнө ишенип айтып жатат деген пикир коомчулукта басымдуу экенин, анын үстүнө Америка “кет!” десе эле түйүнчөгүн түйө калып жөнөп кете берчү “жаман катындардан” эместигин, дал ушундай кырдаалдан алганда да президент Атамбаевдин учурдагы абалы, “оңго барсаң өзүң, солго барсаң атың өлөт” деген байыркы макалдагыдай абалда тургандыгын эске салды.

“Арена.kg” гезити Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин интервьюсун тартуулады.

Ушуга улай эле Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытовдун кабарчынын суроолоруна берген жообу басылды. Өзбекстан менен болгон сүйлөшүү ойдогудай чечилгенин билдирген Мамытов чындап келгенде чек ара маселесине Кыргызстан Баткен окуясынан кийин гана көңүл бура баштаганын, акыйкат үчүн айтсак, 94-96-жылдары Өзбекстан да, Тажикстан да “келгиле кыргыздар, чек араны такташып алалы” деп кайрылганын, биздин бийлик башчылары буга да кайдыгер карап, комиссия жиберимиш болуп тим болгонун, ошонун айынан бүгүнкүдөй кырдаалга келип такалганыбызды айтты. Башкы чек арачы андан ары өзбек президенти Ислам Каримов айткандай, Сох чатагына тышкы күчтөрдүн таасири тийгенин, анткени кылымдар бою бир аймакта жашап келаткан кыргыз, өзбек, тажик, казак, түркмөн элинин ортосуна от жаккысы келген күчтөр, кайраштыргандар бар экенин, Сох чатагындагы кырдаалды байкасак, халифат кургусу келгендердин тымызын иштери экендигин, алардын ою анклавдын ичин бузуу болгонун белгиледи.

“Учур” гезити өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбековдун интервьюсун жарыялады. 87 процент дотацияда турган облуста бизнес-форум өткөрүп, 19 долбоор кабыл алып, анын 14ү ишке ашканын, бир жарым млн. сомго нан чыгарчу ишкана салдыртканын, шаар катары каралбай калган Нарынды колдон келишинче оңдоо иштери жүрүп жатканын, көмүр өндүргөн 8 ишкана 1 процент кирешесин облуска котормой болгонун, быйыл 1 млн. 600 миң сом беришкенин, кышы бою Нарында бир да жолу электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, авария деген болбогонун, алтургай 25 трансформатор запаста турганын айтып берди. Тариф кымбаттаган күндө да облустун эли кыйынчылык тартпастыгын, анткени нарындыктар электр энергиясынынын жеңилдетилген акчаларын аларын, былтыр 41 млн. сом алса, быйыл ар бир жарандын чөнтөгүнө 700 сомдон түшкөнүн кошумчалады Канатбек Муратбеков.

Окумуштуу Кусеин Исаевдин “Айкөл Манас атайын академияга муктаж” деген макаласы да ушул санда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG