Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Өгөйлөгөн өлкө


“Фабула” гезити белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун ишкерлик жөнүндө маегин жарыялай баштады.

“Кыргыз туусу” гезити “Быйыл 1000 даана айыл чарба техникасы келет” деген баш тема менен бул санын ачты. Анда Түркиянын Кыргызстанга берип жаткан 105 млн. доллар насыясынын 5 млн. долларына айыл чарба техникалары алынары тууралуу кеп болот.

Кыргыз эл мугалими Кусейин Исаевдин “Аймактык башкаруу жаңы муундагы белгилерге муктаж” аттуу макаласы жарык көрдү.

Гезитте “Өспүрүм балдардын сөгүнүүсүнө эмне себеп?”, “Оюнчуктар балдардын ден соолугуна зыян алып келүүдө” деген макалалар бар.

“Мен ырымды суудан сузуп жазбадым, ийне менен таш чеккенсип тапкамын” деген теманын алдында өткөн жылы 100 жашка толгон атактуу акын Абыдрасул Токтомушев жөнүндөгү баянды анын уулу Кайнарбек Токтомушев окурмандарга тартуулады.

“Алиби” гезити аркылуу журналист Адилет Айтикеев “АКШга “акырайган” Атамбаев же кош стандарттуу саясат” деген макаласында АКШнын буга чейинки Кыргызстанга берген жардамы жана анын ролу, аскер базасы тууралуу кеп кылды. Автор макаласынын аягында эгер Кыргызстандын аймагында жайгашкан АКШ базасы чыгарыла турган болсо анда өлкөдөгү бардык аскер базалары чыгарылышы керектигин, президент АКШны алимент төлөгөн атасындай, ал эми Орусияны бир боор энесиндей көрүп жаткандыгы өкүндүрөрүн, баарына бирдей мамиле зарылдыгын белгиледи.

Бул санга саясатчы Азимбек Бекназаровдун президент Атамбаевге багышталган “Чындыкты чыркыратпа, досум!” деген кайрылуу каты да жарыяланды.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Биз Орусия, Кытай жана Америка тепкен топпузбу?” деген макаласын басты. Автор “Мамлекетибиздин эл аралык аренада “койкойо” басышы же “бүжүрөп” турушу, биринчи иретте бийлик башында турган адамдарга жараша болорун, демек мамлекет жетекчилери мындай алакаларда ашынып кетпей, басынып да кетпей, тең ата саясат жүргүзүшү өтө зарылдыгын курула турган ГЭСтердин мисалында айтты.

Ушул эле санга “2013 жылы ары же бери болобуз...” деген ат менен “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун ишкерлер менен мамлекеттин ортосундагы мамиле тууралуу баяндап, ишкерлер өз арбайын өзү согуп, мамлекет өз арбайын өзү согуп жашап келатканын, ишкерлик тууралуу мыйзам 2008-жылы кабыл алынган менен ал кагаз жүзүндө гана калганын белгилеп, өкмөт ойлоно турган өтө олуттуу ойлорун ортого салды.

Президенттин парламенттеги өкүлү Орозбек Молдалиевдин интервьюсу “АКШнын транзиттик борбору өлкөдөн чыгарылса, мамилебиз солгундайт деген туура эмес” деп аталып, президент Атамбаев Бакиевге окшоп АКШга базаңарды таптакыр эле жаап кеткиле деп жатпаганын, ал тескерисинче транзиттик борборду, аскердик базаны жаап, жөн гана жүк ташуучу борборго айландыргыла, кааласаңар аэропорт аркылуу жүгүңөрдү ташып өтө бергиле деп жатканын, бул АКШ үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин, анткени АКШнын базасына ошол эле казактар, башка мамлекеттер кызыгып турганын, биз бул саясатта өтө кылдат болуп, Орусия менен да, АКШ, Кытай менен да мамилелерди эч качан бузбашыбыз керектигине токтолду.

“Де-факто” гезитинин суроолоруна жооп берген депутат Равшан Жээнбеков “Бакиевдин жолу Текебаевге жага баштаганы өкүндүрөт” деп аталып, шаарлардын мэрин шайлоо мыйзамы тууралуу кеп кылды.

Ош шаарынын тургуну Аманбек Алтымышевдин макаласы “Ак үйдүн тосмосунан “ийгиликтүү” ашып өтсө – революция, ал эми ийгиликсиз ашса - кылмыш болуп саналабы?” деген ат менен жарык көрүп, Ташиев азыркы бийликке өтө коркунучтуу фигура эместигин, тескерисинче президент Атамбаев, Жылдыз Жолошева айткандай, Өмүрбек Текебаев, Феликс Куловдой саясатчылардан көбүрөөк корксо болмоктугун, анткени бийлик үчүн ачык айткандарга караганда ар убакта кошоматчылар коркунучтуу болорун, азыркы бийликти “арзыматтар” курчап алганын сөз кылды.

“Жаңы агым” гезити “ГЭСтердин курулушу Кумтөрдүн кейпин кийбеши керек” деген ат менен депутат Өмүрбек Текебаевдин маегине окурмандын көңүлүн бурду. Депутат орус тарап болгону 15 млн. доллар акчасы менен кирип атканын, ал акчаны техникалык-экономикалык негиздерге жумшаарын бетке кармап, ишти өзүбүз кылабыз деп атканын, ошентип Орусия эч нерсе кошпой эле 50 процентти алып отурганын, ал эми ГЭСти курууга кеткен каражат Кыргызстандын эсебинен төлөнөрүн, ал муну туура эмес деп эсептээрин, айтор келишимде өкмөтүбүз тактап ала турган көп кемчиликтер бар экенин баяндады.
XS
SM
MD
LG