Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

“Кереге” гезити “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссиянын ишине айрым адамдардын ой-пикирлерин басты.

“Кереге” гезити “Кумтөр” боюнча өкмөттүн азыркы позициясына кандай карайсыз?” деген суроого жооп берүүсүн сураганда:

Тоо-кен тармагынын ишмери Орозбек Дүйшеев: – Комиссиянын позициясы туура. Баса белгилеп айтарым, бир гана 2009-жылкы токтомду жокко чыгарбай өзгөртүү гана керек деп ойлойм,–деп,

Журналист Сабыр Муканбетов: – Мамлекеттик комиссия абдан туура иш кылды. Садыр Жапаров жетектеген комиссиядан айырмаланып, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын жогору коюп туура чечим чыгарды. Бир айырмасы Садыр Жапаров “улутташтырабыз” деген. Мамлекеттик комиссия болсо жеке кызыкчылыкты көздөбөй туура кадам жасады. Комиссияны колдош керек,–деп,

Саясат талдоочу Марс Сариев: – Жакшы иш жасады, бирок арбитраждык сотто Кыргызстан утаарына көзүм жетпейт. Анткени биз Сингапур эмеспиз. Биз мыйзамы өнүкпөгөн өлкөлөрдүн бирибиз. Ошондуктан эл аралык сотко жеткирбей мамлекет өзү чечиш керек,–деп,

Саясый ишмер Жыпар Жекшеев: – Мамлекеттик комиссия чындыкты жаап-жашырбастан, инвесторлордун кылмыштуу ишин элге ачык жарыялады. Эмки чечим өкмөттө. Эл аралык сотко кайрылганыбыз туура. Биз күткөндөй жыйынтык чыгат десек жаңылышпайбыз,–деп,

“Ак калпак” партиясынын лидери Улукбек Маматаев: – Мамлекеттик комиссиянын кылган иши мурдагы оппозициянын баштаган ишинин уландысы. Бирок азыркы өкмөттүн кээ бир сөздөрү чындыкка дал келбейт, өкмөт эл аралык юристтерди жалдаганга акча жок деп айтты. Бул куру шылтоо, акча тапса болот,–деп жооп берди.

“Замандаш-Современник” партиясынын төрагасы Садык Шер-Нияздын “Ар бир саясатчы элинин оюн бийик коюшу керек” деген аталыштагы интервьюсу да ушул “Кереге” гезитине басылып чыкты. Анысында Садык мырза буга чейин кыргыз маданиятын көтөрүүдө жасаган мыкты иштери менен таанылганын, жакшы атка ээ болгонун, бирок акыркы 20 жылдан ашуун убакыттын ичинде далайлаган жүрөгү таза азаматтар саясаттын сыртында калып, саясаттын ичине көп учурда таза эмес адамдар кирип алып, саясат кир, саясат ыплас деп атып аны элибиз да ошентип түшүнүп калганын, ошондуктан Садык Шер-Нияз саясатты таза жол, таза кол менен жасаса болорун көрсөткүсү келип саясатка киргенин түшүндүрүп берди.

“Көк асаба” гезити айыл чарба илимдеринин кандидаты Качкынбай Кадыркуловдун “Даяр тарыхыбызды изилдебей танып, жазбай келебиз” деген ат менен интервьюсуна окурмандардын көңүлүн бурду.

Качкынбай окумуштуу өз сөзүндө Чыгыш Германиянын Люнебург шаарындагы академиянын ректору, Азия элдеринин тарыхы боюнча доктор Герхард Шольборгдун лекциясы менен таанышканын, кыргыздардын жашап өткөн доору мындан 2,5 миң жыл мурда болгондугун далилдеген так маалыматтарды алгандыгын, мунун мисалы катары “Кыргыз империясынын” карталарын көрсөткөнүн, маселен 1800-жылдагы картада Улуу Кыргыз ордосунун ээлеп турган аймагы Балхаштан Уралга чейин созулганын, андан ары Каракорум же азыркы Кытайдагы кыргыздар жашап турган жерден Тибетке чейин ээлеп келгенин баяндаган. Гезитте картанын сүрөтү да бар.

Качкынбай Кадыркулов Америкага барып, бир индеец аял менен сүйлөшүп калганын, ошондо анын көптөгөн сөздөрү кыргыздын сөзү болуп чыкканын, мисалы: алар Ай менен Күндү-Ай, энени-эне, апаны-апи, эжени-ажи, тузду-ачуу, сууну-туу, миңди-мил, башчыны-ажо же ага, бедени-бити, бугуну-бука, имаратты-кент, боз үйдү-бакан-кокон деп айтарын айтып берди. Дагы бир индеецтин аты “Жезкөй экендигин, бирок атынын маанисин өзү түшүндүрүп бере албаганын, бул аттын уңгусу Жез болуп, ага көй деген мүчө уланып, жездин мыктысы дегенди түшүндүрөрүн, биздеги Көйкашка, Көйбаатыр, Жезтаңдай, Жезбилек дегендерге үндөшүп кетерин, тарыхта али иликтей турган көп дың ачылбаган бойдон жатканын кеп кылды.

Ушул эле санга Кыргыз эл артисти Нурак Абдырахмановдун “Жерибизге өкмөт өз атадай мамиле кылабы? деген макаласы жарыяланды. Атактуу күүчү жерге болгон саясатты өзгөртмөйүн азык-түлүккө болгон каатчылык кыйындагандан кыйындай берерин, маселен Кытай даректеринде жаңы эранын 1-12-жылдарында да кудум ушул биздегидей жерди ар бир жаранга текши бөлүп берген саясат өкүм сүргөнүн, өлкө башкаргандар жер салыгынан эле мамлекетти байытабыз деп ойлогонун, бирок бардык эле жарандар жер менен иштегенди билбегендиктен далай жерлер иштетилбей бош калып, куурап, кум басып, акыры жердин бузулушуна, азык-түлүктүн азайышына, ачкачылыкка, анын кесепети каракчылыкка алып келгенин, ачкачылыктан адамдар биринин этин бири жегенге чейин барганын мисалга тарткан. Нурак күүчү Жер тууралуу мыйзамды өзгөртүп, жеке менчикти жоюп, аны кайра мамлекетке алуу саясатын жүргүзүү керектигин, ансыз азык-түлүк маселесин чечүү мүмкүн эместигин түшүндүргөн.
XS
SM
MD
LG