Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Сактансаң сактайт


“Фабула” гезити үй-жайсыз адамдарга эмес, үй-жайсыз иттерди үйлүү кылгысы келген Бишкек мэриясынын “жаңылыгын” жарыя кылды.

“Жаңы агым” гезити Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин кыргыз элинин мусулман экенине алымсынбай аша чаап бараткандарга карата макаласы басылды.

Бексултан Жакиев: ”Муфтияттын акыркы курултайында депутат Турсунбай Бакир уулу “Ислам Кыргызстандын мамлекеттик дини болуш керек” деген чакырык таштады. Бул эмне? Конституциялык түзүлүшүбүзгө каршы чыгуубу? Эмнеси болсо да, бул акылдуу саясатчынын айтар сөзү эмес. Өтө кооптуу жосун.

Тажикстанда ислам партиясы түзүлөр замат тажик динчилдери “кызый-кызый кыздын койнуна кирет” болуп, мамлекеттик бийликке жутунуп атып согушту баштап жиберген. Бизди Кудай андай алааматтан сактасын. Бирок баарына көз жумду мамиле кыла берсек, Тажикстандагы кызыл кыргын кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Исламдашуу деген төркүнүндө арабдаштыруу деген эле сөз. Пакистандын шалбыраган ыштан-дамбалы кыргыздын кийими эмес!” деп айтты.

Эл баатыры муну менен бирге эле молдокелер улам тереңдеген сайын койдун терисин жиреген бычакка окшоп, “карышкырга кой кайтартсаң койдун жайытын сурайт” болуп, эми кыргыздын улуттук дөөлөтү болгон Манасты Кудай менен каршылаштыргысы келип, Манасыңар да, арбагыңар да Кудай эмес деген суу кечпеген сөздөрдү айтып келатканын, Алланы Аллах дегиле, адалды “халал” дегиле деп, кийим эле эмес, ыйык эне тилге кол сала баштаганын адилеттүү да, далилдүү да сынга алды.

“Фабула” гезити Кыргызстанды тизелеп калганга жеткирген Акаевдин кайра-кайра мыйзамсыз шайланышына шарт түзүп берген “ак эмгеги” үчүн Чолпон Баекова 65 миң сом пенсия аларын, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын башчысы Айдар Мокеновдун бир жылдык тапканы 1 млн. 81 миң сомду түзөрүн, Кыргызстанда мындай айлыкты азырынча президент Атамбаев менен вице-спикер Асия Сасыкбаева гана аларын кабарлады.

“Фабула” гезитиндеги дагы бир жаңылык ички иштер министринин орун басары болгонуна аз эле болгон Болот Абакиров кызматынан кеткенин, ИИМди интрига борборуна айлантууга өзгөчө салым кошкон өкмөттөгү өкүлү Жеңиш Жакыпов да кызматтан алынарын, ошону менен бирге эле өзүнө 36 миң долларга “Лексус 470” үлгүсүндөгү жол тандабай жүргөн машина алып минген министр Шамил Атаханов өзү да кызматтан кете тургандыгы айтыла баштаганын, муну менен бирге эле Жаныш Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири Дмитрий Феодоров да кызматынан кеткенин билдирди.

Журналист Баратбай Аракеев кезектеги макаласында: “Азыр Бишкек шаарында маданиятыбызга өлчөөсүз салым кошкон мыкты жарандарыбыздын жашаганга үйү жок экендигин шаар башчысы Иса Өмүркулов билбейби? Мэр менен вице-спикер иттердин досу экен” деп жазуу менен мэрия ушул жылы үй-жайсыз калган ит менен мышыктарга үй салып бермекчи болуп атканын сынга алды. Батыштын өлкөлөрү байпагы манат болуп, байманасы ташыгандан эмне кыларын билбей, аялдары төрөгөндөн эринип, ит-мышыкты кучактап жүргөнүн, башчылар элибиздин менталитетине, жаратылыштын мыйзамына каршы, демек Кудайга каршы иш жасаганга өткөнүн катуу сынга алды.

“Де-факто” гезити аркылуу “Аш менен ур” деген рубриканын алдында депутат Өмүрбек Текебаевдин “Мен Бакиев болуп кеткидей Текебаевдин же Атамбаевдин үй-бүлөсүн түзүп атамбы?” деп интервью берип, депутат Равшан Жээнбековдун ага карата буга чейин айтып келгендери негизсиз жана өз амбицияларына ээ боло албаган адамдын пикири экендигин билдирди.

Гезит эне тил көйгөйүнө арналган ой-пикирлерге орун берди. Келдибек Назировдун макаласы “Түрк аба жолдору” кыргыз бийлигин колго алып койгонбу?" деп аталды.

“Кыргыз туусу” гезитине экономика министри Темир Сариевдин "Жерүй иштесе Талас эле эмес, жалпы Кыргызстандын экономикасына чоң өбөлгө болот” деген интервьюсу басылып чыкты.

Бул санда Гүлчехра Тажибаеванын “Эл тажады, чек ара маселеси чечилсин” деген макаласы Баткендин Чарбак айылына арналды. Айылдын эки тургуну Батма Мамасадыкова менен Айымсаат Нурбаеванын ойлоруна орун берилди.

“Алиби” гезити жаңы санын “Кумтөр – Кыргыз элинин ырыскысы” деген баштема менен бүгүнкү санын ачты.

Ушул эле биринчи бет “КТРКнын оозу менен сүйлөгөн бийлик” деген макала жарык көрдү. Гезитте “Илмиянов тууралуу дагы бир икая” деген чакан макала басылып чыкты.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин эки макаласы жарыяланды. Бири “Садыр Жапаровдун артынан самсаалашты” деп аталса, бири “Полковник Шоноевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин жашырууга кимдер кызыкдар?” деп аталды.
XS
SM
MD
LG