Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

“Алиби” гезитиндеги маегинде ыңкылапчы Т. Тургуналиев революция өз балдарын өзү жей баштаганын айтты.

Бүгүн жарык көргөн “Кереге” гезити Ички иштер министрлигиндеги башаламандыкты, атап айтканда сойкуканаларды көзөмөлдөгөн атайын топтун кармалганы, мамлекеттик өзгөчө маанидеги №1 резиденцияны кайтарып турган жоокерлердин карышкырдан үрккөн койдой кайтарып турган аскер ордун жапырт таштап баса берген жоругу, айтор бийлик канчалык жандырайын десе да министр Шамил Атахановдун жылдызы жанбай тургандыгын биринчи беттеги кабарында жазып чыкты.

Гезит ошондой эле бүгүн бир нече коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү Ак үйдүн алдына митингге чыгарын, алар "Ата Мекен" фракциясынын 2010-жылдын 7-апрелинен кийинки талап-тоноочулукка тиешеси бар делген депутаттарды жоопкерчиликке тартуу талабын коюшарын билдирди.

Турду Акматалиев аттуу автордун “Кереге” гезиндеги макаласы “Жер үй да жегичтерге жем болобу?” деген ат менен тартууланды.

“Алиби” гезити мындан ары ушул 3-күнү да жарыкка чыгып турмай болду. Бүгүнкү санын гезит “Башкы прокуратура Текебаевдин заказын аткарып жатабы?” деген баш тема менен ачты.

Ушул эле санга Аскар Акаевдин “Центеррада” акционер экендиги маалымдалып, бир кызыгы буга дейре “Кумтөрдү” канча комиссия текшерип чыкса да Акаев тууралуу бири дагы бир ооз маалымат айтышпаганын, экономика министри Темир Сариев: “Биз акционерлер менен соттошпойбуз, биз менеджерлер менен соттошобуз” дегенин угуп таң калып турабыз. Эмне үчүн? Анткени акционерлердин арасында 30га жакын мамлекеттик чиновник бар болгону үчүнбү?” деген суроо коюп, “Центеррадагы” Акаевдин аты аталды, эми калгандарынын атын атоого кыргыз өкмөтүнүн кудурети жетээр бекен?” деген суроону койду.

“Алиби” гезитине булардан тышкары Бабырбек Жээнбеков менен айтылуу революционер Топчубек Тургуналиевдин маеги жарыяланды.

Тургуналиев бул бийлик да элдин ишенимине кире албаганын, эгерде жакынкы айларда жакшы өзгөрүүлөр болбосо, анда эл бул бийликтен да биротоло үмүтүн үзөрүн, тажаган, чыдамы кеткен топтор мүмкүн кайрадан революция жасашы ыктымалдыгын, тилекке каршы бир дагы революциядан кийин эл каалагандай турмуш жакшы болбогонун, буга алыс барбай эле Египеттеги жаман жагына ооп алган абалды айтса болорун кеп кылды.

Тургуналиев Кыргызстандын беш жарым миллион элин гана эмес, 10 чакты миллион адамдарды бай турмушка жеткире турган эбегейсиз байлыктары бар, Кудай өзү берген бейиштей алтын жерибиз турса да, бардык ырысыбыз эл аралык авантюрист-мафиоздордун, өздөн чыккан жат – кыргыз жетекчилеринин, миллионнер, миллиардер болгондордун капчыгына түшүп жатканын, ар бир революциянын эртеси эле элге жанын сабап таза иштеп бере тургандар, революциянын жеңишине чоң салым кошкондор көчөдө калып, бийликти мурдагылар эле кайра ээлеп алып келатканын айтты.

Алгач Акаев куугунтукка алган Бекназаровду кийин Бакиев бийлиги куугунтуктаганын, эми бул бийлик да ошолордун жолуна түшкөнүн, “революция өз балдарын өзү жей” баштаганын, биз дале кечээкилердин жолунан кете албаганыбызды, анткени бийликте дал ошол кечээкилер үстөмдүк кылып турганда жакшылык болбостугун, бийликке кыргыз үчүн башын сайган, жүрөгү, ыйманы, пейили таза, мамлекетти башкара ала турган көкүрөгү көрөңгөлүү көсөм адамдар келмейин кыйын боло берерин, мындай асыл сапаты барлар бери дегенде бийликте 60-70 процент болгондо гана өлкө оңолорун, азыр болсо тескерисинче 60-80, кээ бир жерде 90 процентке чейин мурда бийликтен жыдыгандар келип дагы жыдытып жатканын ачык айтты.

– Деги оңолобузбу? – деген суроого Тургуналиев:

– Буйруса оңолобуз, элдин алдыңкы тобу бийликтин ыкшоо жоруктарын карап отура бербейт. Же кадралар тарапта ревоюциялык чукул өзгөрүү болуп бийликтеги көпчүлүккө мыктылар келет же элдик революция келет, мен адегенде кадрдык революция болушун каалар элем, эгер бул ишке ашпаса, анда мени элдик революциянын алдыңкы сабынан көрөсүңөр,– деп жооп берди.

“Карапайым калк бийликке ишенбей калды” деген ат менен президент А. Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы А. Жээнбековго, өкмөт башчысы Ж. Сатыбалдиевге “Апрель байрагы” коомдук бирикмесинин төрагасы К. Дөөлөталиевдин колу коюлган кайрылуу жарык көрдү.

Анда бийлик аткара турган 10 талап коюлган. Эгер бул талаптар аткарылбаса, 2013-жылдын 7-февралынан баштап, Кыргызстан боюнча мөөнөтсүз пикет-митингдер, мыйзам чегиндеги нааразылык акциялары башталары эскертилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG