Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Калпак менен элечекти чангандар


Турсунбай Бакир уулу кыргыз кыздарына хижаб кйигизүүнү каалап жатканын “Пресс.kg” гезити жазып чыкты.

“Пресс.kg” гезити Бакыт Молдалиевдин “Өзүңө сак бол, коңшуңду ууру тутпа” деген макаласын жарыялады. Анда өзбек президенти Каримовдун өзүнүн күч түзүмдөрүнүн жыйынында айткан айрым сөздөрүн шилтемеге алуу менен эки өлкөнүн ортосундагы отко май куюлуп кетчү маселелердин оңой эместигин талдоого алды.

Гезитке “Мадылбеков менен Төлөгөновду күнөөлөөнүн артында Бабановдун кулагы көрүнөт...” деген макала басылды.

Ушуга улай эле “Турсунбай Бакир уулу кыргыз кыздарына хижаб кийгизгенге неге кызыкдар?” деген суроолуу катты Жалал-Абаддан жазган Сарим Бекботоев, байыртадан эле кыргызды кыргыз кылып башка улуттардан айырмалап турган анын Ала-Тоодой ак калпагы менен ак элечеги болгонун депутаттын эсине салып, Алай ханышасы аталган Курманжан датка энебиз хижаб эмес, ак элечегин башынан түшүрбөй жүрүп кыргыз аялдары кандай болорун дүйнөгө таанытканын, кыргыз ак калпагы менен ак элечегинен ажыраса, буга чейинки өткөнүнөн да, келечегинен да ажырарын белгилеп, “Турсунбай Бакир уулу эмне үчүн өлкө ичинде арабдаштыруу саясатын жүргүзгөнгө кызыгып жатат?” деген суроо койду.

“Түндүкэлектр” ААК директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек Аргымбаев маек куруп, ушул кезде электр энергиясын арзан алып, элге кымбат баада саткан 44төн ашык ортомчу компания барын, буларга өкмөттөн башка эч кимдин алы жетпестигин кенен кеп кылды.

“Учур” гезитине маек курган улуттук онкология борборунун директору Накен Касиев медицина тармагындагы маселелер менен бирге эле азыркы саясатка, айрыкча кадр тандоо жагы аксап атканына токтолуп, шоопурлар губернатор болуп, таксисттер бийликтин рулунда отурганын, мамлекеттин кадыр-баркына доо кеткенин, бирок бийликти алмаштырабыз дегендерге караманча каршы экендигин билдирди.

“Учурдун” ушул эле санына саясатчы Жусупжан Жээнбеков: “Бекназаровдун артына тукуму келип калганда ой келди сүйлөй берерин, өзү болсо бирөөлөр дарбыса эле дарбый бербеген сабырдуу киши экенин, кезинде бийликте да болуп көргөнүн" айтты.

Гезит бүгүнкү санына орусиялык эксперт Александр Собяниндин “Анклавдардын проблемасын чечүү үчүн Ошко база ачуу зарыл” деген маегин “Общественный рейтинг” гезитинен которуп басты. Эксперт эгер Ошко Орусиянын аскер базасы ачылса, улуттар аралык кагылышуулардын кайталанышына, Фергана аймагында халифат түзүлүшүнө бөгөт коюп, Каримов президенттин, күч түзүмдөрүнүн оозу менен Кыргызстанды коркутушу мүмкүн, бирок Орусия менен чыр-чатакка баралбайт” деди.

“Асман press” гезити бул санын “Иса Өмүркулов иттин досубу?” деген баш тема менен ачып, шаар жетекчилеринин боору калаанын бузулган жолдоруна эмес, көрүнгөн жерде үйүгүшүп, каңгып жүргөн иттерге ооруп, шаар бюджетинен жылына 15 млн. сом бөлүп, келерки жылга чейин үшүгөн-шишиген иттерге үй куруп бермекчи болгонун сынга алган маалымат менен ачты.

Экс-губернатор Бектур Асанов гезиттеги маегин: “Атамбаев революция болбосун десе парламентти таркатсын” деп атап, революция болуш керек дегенге макул эместигин, бул абалдан тынчтык жолун издеп, бийлик менен оппозиция бирдей чечимге келип, мунаса жолу аркылуу саясий кризистен чыгып кетиши зарыл болуп турганын айтты.

Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовдун маеги “Балдарга күнүнө 40 сом, итке 95 сом бөлүнөт, бул эмне деген шумдук?” деп аталып, Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын балдарынын тамак-ашына болгону 40 сом бөлүнөрүн, бийчилердин мектебине 60 сом бөлүнөрүн, ошол эле убакта ит баккан кинологдордун итинин тамак-ашына күнүнө 95 сом бөлүнөрүн, өкмөттөн сураган акча чечилбей келе жатканын сөз кылды. Министр мырза маданияттын мындан башка дагы жан кейитерлик абалына токтолду.

“Айат” гезитинин 1-саны жарыкка келди. Президенттин ишмердиги тууралуу сураганда: экс-министр Айгүл Рыскулова "өлкөдөгү туруктуулукка Атамбаевдин абдан чоң салымы бар", – деп.

ишкер Турусбек Мамашев: "Өндүрүштү өнүктүрүүгө көңүл буруп жатканы жакты", – деп,

саясатчы Эмил Алиев: Жаңы Конституция боюнча тиги же бул тарапка тартпай, өз ишин мыкты аткарып жатканын айткым келет, – деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG