Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:26

Гезиттер өлкөнүн тышкы жана ички саясаттагы ордун талкууга алды.

“Де-факто” гезити бул санын “Казак ишкерин “крышалаган”, 10 миң долларлык саат тагынган, иттерге 24 млн. сом сарптаган вице-мэр Красиенко” деген башкы тема менен ачып, мэриянын 1 гектар жерге жолбун иттер үчүн кантип үй салгысы келип жатканын жазып чыкты.

Саясат жана дин борборунун башчысы Кадыр Маликов “Араб жазы башталуу коркунучу бар” деп аталган интервьюсунда саясий чыр-чатактардын баары жазында башталарын, Ислам Каримов аскерлерине чек араны чыңдоо милдетин койгонун, бул жерде АКШ менен Орусиянын кызыкчылыгы турганын, улуттар аралык, чек арадагы жана өлкөнүн ичинде саясий жаңжалдар болуп кетиши ыктымалдыгын, ошондуктан дал ушундай татаал кырдаалда оппозиция, ар кандай саясий күчтөр бийлик үчүн таарынычты унутуп, тагдыры устаранын мизинде турган мамлекетти сактап калуу үчүн биригиш керектигин, “араб жазы” Борбор Азияда башталуу коркунучу бар экенин айтты.

“Жаңы агым” гезити: “Ош окуясы боюнча күнөөлүүлөр да актала баштады” деген, “Таарынып, таштап кете бергидей армия атаңардын төрү беле?” деген, “Эгер үчүнчү революцияга жол беришсе, анда бийлик да, оппозиция да элдин душманы” деген макалаларды тартуу кылды.

Ушул макалада бүгүн президент Атамбаев үчүн эң башкы маселе президенттин өзү экенин, 3-революция Кыргызстан үчүн эч кандай жакшылык алып келбестигин, эгер революциялар менен өнүксөк эмгиче эбак өнүкмөгүбүздү, революциядан тапкан пайдабыз өзүбүздү өзүбүз кырып алганыбызды, өлкөнү талкалап алганыбызды белгилеп: “Жакшынакай эле жашап жаткан Ливия, Египет, Сирия бүгүн эмне күндү көрүп жатат? Биздеги бийлик талашкан бир ууч топ өздөрүнө байлыктын баарын топтоп алышты. Эми жок дегенде Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн революцияга эмес, эс-акылга келүү жолун беттеш керек” деп жазды.

“Алиби” гезити “Талап-тоноочулукка шектүү” делген депутаттардын бири – Райхан Төлөгөнов боюнча жаңы жагдайлар ачылды” деген аталыш менен Райхан Төлөгөнов телефон аркылуу сүйлөшкөн объектилердин схемасын Назира Салиеванын эки бет макаласы аркылуу сунуш кылды.

Талас облустук революцияны коргоо комитетинин төрагасы Соотбек Токтагазиевдин “Ултан менен Султанга улуу агаңардан ачык кат” деген кайрылуу катын президентке жолдоп, Атамбаевдин революцияны чогуу жасаган санаалаштарын унутуп салганы туура эместигин, бул күндөр да өтөрүн, “доско таба, душманга күлкү” болбой, мурдагыдай биригүүгө мезгил келгенин, ошондо гана ортодогу реваншисттердин, бузукулардын ой-тилектери таш кабарын агалык акыл сөзү менен айтып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин “Кыргызды бөлүп кетчү күчтөр бар” деген макаласын, жалалабаддык автор Сарим Бекботоевдин “Кыздар, хижаб эмес, кыргызча кийингиле!” деген катын жарыя кылды.

Жакиев өлкөнү исламдаштыруу, тагыраак айтканда арабдаштырууну каалаган күчтөрдүн иш-аркети күчөп жатканын, динчилдер акырындык менен бийликтен ачык эле орун сурай баштаганын, дал ушинтип бийликке жетип, ислам партиясын түзүп алгандан кийин ушундай партия Тажикстанда элди экиге бөлгөн кыргын согушка алып келип, тажиктер биринин канын бири суудай төккөнүн, молдокелер алтургай кыргыздын акыл-эсинен өчүрүп жогото алгыс Манасын Аллага каршы койо баштаганын, Турсунбай Бакир уулу ачык эле “Ислам Кыргызстандын мамлекеттик дини болуш керек” деп чакырык таштаганын жазып чыкса,

Сарим Бекботоев катында: “Эмне үчүн Турсунбай Бакир уулу өлкө ичинде арабдаштыруу саясатын жүргүзгөнгө кызыкдар? Же бул кызматы үчүн арабдардан айлык акы алып турабы?” деп суроо коюп, ак калпагы менен ак элечегинен айрылган элдин өткөнү да келечеги жок болот деген оюн билдирди.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” макаласынын кезектегисин басты. Автор Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Максим Бакиев кармап турган канкор бийлик менен азыркы бийликти салыштыргандарын акыл-эсин бир аз текшерип көрүү керектигин, болбосо өткөн менен азыркыны салыштырууга болбой тургандыгын, 7-апрелде бир дагы адам Ак үйдүн ичинде атылбаганын, баары сырттан атылып кырылганын, аткандарды жактагандар митингчилерде курал болгон деп жандарын жей баштаганын, Суталинов, Дунганов, Жолдошалиев сыяктуулар “бизде күнөө жок”, “аткыла” деген буйрукту Жаныш Бакиев берген деп жатканын, булардын эң чоң күнөөсү Бакиев бийлигине жанын таштап кызмат кылганында экенин, ушунун өзү эле жетиштүү экендигин эске салды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG