Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба


Бүгүн жарык көргөн “Алиби” менен “Фабула” гезиттериндеги негизги макалалар мародерчулук тууралуу болду.

“Фабула” гезитине Баратбай Аракеев менен экс-министрдин “Зарылбек Рысалиев. “Серый кардинал” жана мародерлук” деген көлөмдүү интервьюсу жарык көрдү. “Кепти чоюп отурганым болбос, бир сөз менен айтканда мени кызматтан Текебаев менен Сатыбалдиев президентке какшап жатып кетиришти. Эгерде министр болуп иштей бергенимде тигилердин ар кандай жүрүштөрүн ачыкка чыгармакмын да. Изилдеткен иштин 85 пайызы бүтүп, такталып калган” деген сөзүн айтты экс-министр Зарылбек Рысалиев.

Андан ары ал дал ушул иш боюнча президент Атамбаев аны кабыл алган учурду эске салып: “Жолдош министр, жанагы депутаттардын катышы бар делген мародерлук ишти эч кандай бурмалабай, агын ак кылып, карасын кара кылып изилдеп бер, мен сага ишенем” дегенин айтып берди.

Кабарчынын "Рысалиев кайрадан министр болуп келиши мүмкүн деген кеп чыга баштады, өзүң уктуңбу?" - деген суроосуна Рысалиев мындай сөздү өзү да угуп атканын, ага азырынча жообу жоктугун, бир кейигени Атахановду министр кылып коюшканын, ал профессионалдарды иштен кетирип жатканын айтты.

Журналист интервьюнун аягын “парламент тарапта “мародерлук боюнча ишти текшерүүчү топ түзүп, анын башына Зарылбек Рысалиевди коюш керек, ошондо туура чечим чыгат” деп парламентте да, эл арасында айтылып жатканын, балким ушул эң туура чечим болуп жүрбөсүн” деп жыйынтыктады.

Ушул эле санда мародерчулук боюнча өткөн сессиянын жүрүшү, ал боюнча айрым жарандардын пикирлери да басылып чыкты. Гезит келерки санына комиссиянын материалын басмай болгонун да кулактандырды.

“Алиби” гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Өмүрбек Текебаев элдин башын айландырганды качан токтотот?” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, “Кумтөр” жана Текебаев тууралуу сөз кылды.

Мародерчулук боюнча даярдалган гезит бети: “Рысалиевди коркуткан Текебаев. Салянованы урушкан Жолдошева. “Кино көрбөйбүз” деп дисктен баш тарткан Жээнбеков” деп аталат.

“Жашыруун жыйын” деген рубриканын алдында жарык көргөн макала “Мекен шейиттери” менен бийлик жабык эшик артында эмнени сүйлөштү?” деген аталыш менен тартууланды. Макалада “Мекен шейиттери” менен өкмөт биргеликте Тарых музейинде жабык чогулуш өткөргөнү, жашыруун жыйынга президенттин кеңешчиси Эмил Каптагев, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, экономика министри Темр Сариев, депутат Болот Шер, жаштар министри Алиясбек Алымкулов, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев катышканын, бирок эмне жөнүндө сөз болгону белгисиз бойдон калганын, анткени журналисттерди жыйынга чакырбаганын жазып чыкты.

Аталган “Алиби” гезитинде булардан тышкары журналист Болотбек Таштаналиевдин “Президент мырза, КСДП сиздин аброюңузга көлөкө түшүрүп жатат” деген макаласы бар. Анда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоо жагдайы баяндалган. “16 кабаттуу үйдүн ызы-чуусу же мамдирекция “махинациясы” деген макаланы гезиттин өз кабарчысы Кайрат Жапаров Ош шаарынан жазып жөнөткөн.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Элдин үнү” деген баштема менен ачты. Кара-Кулжанын Кызыл-Жар айлынын жашоочулары кол койгон катта айылдыктар каралбай калган эски имаратты оңдоп-түзөп музыкалык мектепке айлантып, ага айтылуу обончу Жеңишбек Шамшиевдин ысмын ыйгарганын, Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков өз фондунан 150 миң сом бөлүп берем деп убада берип, азыр ошол акчаны күтүп отурушканы жазылса, Ак-Талаа районунун Туз-Талуу кыштоосунан кат жазган Жунусбек Туташев кезинде мыкты чабан катары СССР Жогорку Советине депутат болгонун, 8 баланы багып өстүргөн аялы бүгүн “Баатыр эне” дегенге жетпей, өзү болсо персоналдык пенсия албай, өткөн доордогу эмгеги бааланбай атканын, айтор алтек-телтек заманда канча жыл бою кара жанын карч уруп эмгек кылгандар эмес, айкырып барып митинг менен пикетте жүргөн адамдар ушундайлардын жолун оңой таап кетип атканына кейип, мамлекет айылга мал багуу үчүн насыя акчаларды берсе деген оюн билдирди.
XS
SM
MD
LG