Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Ынтымак качканда...


“Кыргыз туусу” гезити алтын кени боюнча ой-пикирлерге орун берди.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүн Ооган согушунун ардагерлеринин күнү экендигин окурмандардын эсине салды. Гезит “Сот өкүмү Бакиевдер кайтарылганда гана күчтүү” деген макала жарыялады.

“Тоо-кен тармагында бирдиктүү саясат жок” деген ат менен жарык көргөн макаласында кен адиси Орозбек Дүйшеев Кыргызстан эгемендүү башкарууга өтөөр алдында жан башына жылына 3280 доллар ички дүң продукция өндүрүү менен КМШда 4-5-орундарда турса, азыр миң гана доллардын тегерегинде өндүрүп, эң артта калганыбызды, эл кызыкчылыгын ойлобогон жетекчилер, чет элдик аферисттердин айткандарын угушуп, өлкөгө жапайы капиталисттик системаны киргизип, өндүрүштү талкалаганын, талаганын, бүгүн аларды кайрадан калыбына келтирүү өтө оор экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев сөз алып, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын сынга алсак да, жактырсак да, баягы жаатташмай ит адатыбызга түшүп, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай Кумтөр маселесинде “бир жакадан баш чыгарып”, өлкөнүн кызыкчылыгын туу туткан биримдиктүү эл кыргыздар экен дедиртсек деген ниети күчтүү экенин, эгер ага кудуретибиз жетпесе, өзүмчүлдүк, кур намыска жеңдирип, ыркырашмайыбызды карматып турсак, “Центеррабы”, башкабы, ким менен сүйлөшүү жүргүзүлбөсүн, оппоненттердин гана чырагына май тамызарыбызды, жарма таарынычтан өйдө көтөрүлө албаган эл экенибизди көрсөтүү менен сүйлөшө электе эле уттуруп койорубузду алтын чуусунда жүргөндөрдүн эсине салып, “ынтымактуу элди душман да сыйлоого аргасыз болорун унутпайлы” деди.

“Алиби” гезити “Мародерлордон колуңарды тарткыла!” деген баштема менен ачып, саясатчы Азимбек Бекназаровдун юрист Акылбек Маткеримовдун ушул эле гезиттин 8-февралдагы санында жарык көргөн “Коомдук жактоочу – мыйзамсыз жактоочу” деген макаласына “Коомдук жактоочу – мыйзамдуу жактоочу” деген каяшасын басып чыкты.

“Депутаттар Мадылбеков менен Төлөгөновдун иштери мыйзамсыз токтотулду” деген аталыштагы Токтайым Үмөталиеванын парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбековго багышталган орус тилиндеги эки беттен турган көлөмдүү кайрылуусу жарыяланды.

Ушул эле гезит мародерчулук боюнча өткөн Жогорку Кеңештин сессиясын чагылдырган макалага орун берди.

Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчы Майрамбек Адылбековдун макаласы “Мекенге кызмат кылуу үчүн президент болуунун кереги жок” деп аталды.

“Жаңы агым” гезити “Республика” партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Бабанов шаршембинин кечинде оппозция лидерлерин кабыл алып, жыйынга парламенттеги барандуу депутаттар да катышканын, анда жазга даярдык көрүү сыяктуу орчундуу маселелер каралып, ар бир дубанда штаб ачуу демилгеси көтөрүлгөнү айтылганын, жазгы план боюнча оппозиция митингдердин сезонун Таластагы Жерүй алтын кенинен баштап, нааразылык акциясын бүткүл өлкөгө жайылтып, акырында ат тизгинин Бишкекке бурат деп жатышканын, андыктан канча жылдан бери элди пайдалануу менен бийлик десе жантыгынан жата калган эргулдар “ит оюнун” токтотуп, Кыргызстандын бүтүндүгүн ойлосо болбойбу, “оюндан от чыгып” кетип араң турган мамлекетибизди талкалап алсак, эмнени талашабыз?” деп жазды.

“Жаңы агым” гезити бул санына “Эсеп 1:0. “Ата Мекен” убактылуу жеңишке жетишти” деген макаласына окурман назарын бурду.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын “Ата-Бейиттин сырын ачкан апаны Түлеев 7 саат жалдыраткан” деген баш тема менен ачты.

Мародерчулук боюнча талкууга “Фабула” гезити да катышып, Баратбай Аракеевдин “Эгин эгилердеги элдин абалы”, Алмазбек Темирбек уулунун “Бүтпөгөн жара” деген макалаларын сунуштады. Мародерчулук боюнча Чубактын кунундай чубалган чырлуу ишти мурунку спикер Ахматбек Келдибеков козгой койом деп ээлеген кызматынан кол жууганын, андан кийин өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов жаманатты болуп кызматтан кеткенин, андан кийин министр Зарылбек Рысалиев арызын жазганын, эми парламент колун куушурганын, муну менен Текебаев Кыргызстандагы алчы-таасын жеген, бирден бир саясатчы экендигин көрсөткөнүн, Атамбаев болсо үн ката электигин айтты.

“Де-факто” гезити “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясын Өмүрбек Бабанов калкалайбы? деген суроо койду. Сейсмология институтунун деректири Канатбек Абдрахматов Бишкектеги 14 кабаттуу үйдө жашоо коркунучтуу экендигин айтуу менен, азыр курулшучулар Кытайдын арзан курулуш материалдарын пайдаланаарын, мындай материалдардын канча баллдык жер титирөөгө туруштук берери текшерилбегенин, буга мисал катары Аалы Токомбаев жана Жукеев Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги 14 кабаттуу үйдүн курулуп аткандыгын мисалга тартып, бул үй 10 кабат үйгө паландалып, бирок 14 кабат болуп курулуп жатканын, ошондуктан жашоочулар үчүн опурталдуу экендигин белгиледи.
XS
SM
MD
LG