Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Бүгүнкү гезиттер парламентаризм тууралуу макалаларды жарыялашты.

“Алиби” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун “Бир эле улуттун жарымы өнүккөн мамлекет курса, жарымы кура алган жок. Эмне үчүн?” деген ат менен кезектеги макаласын тартуулады. Макалада өнүккөн Батыш, Чыгыш өлкөлөрүнүн мисалы алынып, алардын мамлекетти куруу тарыхына, тажырыйбасына иликтөө салган депутат, аягында: азыр айрым адамдардын “бизге парламенттик башкаруу эмес, күчтүү президенттик бийлик керек, антпесе тартип болбой калды” дегендер арбын. Кыргызстандын шартында президенттик бийлик өтө опурталдуу экендигин эки жолку революция далилдесе да “күчтүү президент келип, жашообузду жакшыртат” деп куру кыялдын кучагында жүргөндөр да аз эмес” деп айтты.

Дагы бир депутат Исмаил Исаков интервью берип, өзү иштеп келаткан парламенттин ишин баяндады. “Садыр Жапаров менен Талант Мамытов эмнеге абакта отурат түшүнбөйм, Ташиевдердин артында чоң күчтөр бар дегенге ишенбейм” деди.

Боршайкомдун экс-төрагасы Акылбек Сариев интервьюсун “Жогорку Кеңеш “шарашкина контора” болбош керек!” деп атап, добуштарды уурдоо же добуштарды бурмалоо эң оор кылмыш. Бул деген адамдын жан дүйнөсүнө кирип, анын аруу максатын, жашоого болгон, келечекке болгон үмүт-тилегин уурдап алууга тете жорук экендигин белгилөө менен акыйкатчыны шайлоо учурундагы добуш берүү аракетин сынга алды.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин “Мамлекеттин маалымат коопсуздугу кыйроо коркунучунда” деген макаласы жарыяланды.

Акын-сатирик Жолочу Рысбаевдин өкмөткө жолдогон арыз ыры да “Алиби” гезитинин ушул санында.

“Кереге” гезити белгилүү ишкер Аскар Салымбеков “Кыргызстандын идеялык картасы” деген стратегиялык долбоорду жүзөгө ашыруу аракетин көрүп жатканын, долбоордо мамлекеттин көйгөй маселелерин анализге алуу, чечүү, өлкөнүн келечегине болгон жоопкерчилик менен мамиле кылуу каралып, бул стратегиялык долбоордун ачылышы эртең борбордогу Тарых музейинде болорун кабар кылды.

Журналист Элизат Турсунова “Лидерлер корбашыга айланганда” деген макаласында бүгүн Кыргызстанда бийликтеги 5 партиянын, бийликтин сыртында турган 150 партиянын лидерлери барын, мындан башка дагы жолдун “карасы” менен “агына” түшүп алгандардын өзүнчө лидерлери барын кейиш менен кеп кылды. Парламентти таратуу президентке пайда алып келбесин, анын үстүнө өз позициясын толук колуна ала албаган президент үчүн парламенттин өз ичинде ыркырап турганы пайдалуулугун, парламентти таратууга болбой турган дагы бир чоң себеп Башмыйзамга ылайык президент парламентти тарата албастыгын, анткени Текебаев өз колу менен жазган мыйзам аркылуу аны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө тыюу салганын, ал эми кийинки вариант боюнча парламент өзүн-өзү депутаттардын экиден 3 бөлүгүнүн макулдугу менен гана тарката аларын баяндады.

Генерал Мирослав Ниязов тескерисинче парламентаризм мамлекеттүлүктүн негизги фундаментин ичинен иритип жатканын, парламентаризм деген биздикине окшоп айыл өкмөттөрүнө чейин партия-партия болуп бөлүп алуу эместигин, ошондуктан эң башкысы азыр бийлик институтун аныктоо милдети турганын, жалгыз жоопкерчиликти, демилгени президент гана колго алышы керектигин, өлкөнүн ушундай кырдаалында президенттик-парламенттик башкарууну ордуна алып келбесе бул сормо саздан чыгалбай турганыбызды айтты.

Генерал андан ары парламентти революция жолу менен кетирүү акылга сыйбай турган жорук болорун, өлкө мындан ары үчүнчү революция дегенди көтөрө албастыгын, “ал эми азыркы Жогорку Кеңеш жалаң бизнесмендерден жана мамлекеттик кызматта тажырыйбасы жоктордон куралган парламентаризм араң турган Кыргызстанды жардан алыс түрткөнү жатат” деп билдирди.

Ал ошондой эле ушул эле оюн кезинде Бакиевге да айтканын, Атамбаевге да ачык кайрылуу жолдоп массалык маалымдоо каражаттарына жарыялап келгенин, ал гана эмес расмий түрдө президенттик аппаратка да барып тыпшырып келгенин кошумчалады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG