Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

“Пресс.kg” гезитине Эмил Үмөталиев маек курду.

“Учур” гезити жаңы санын саясатчы Азимбек Бекназаровдун маеги менен ачты. Азыркы бийликти, айрыкча президент Атамбаевди катуу сынга алган айтылуу саясатчы Кыргызстандын эли азыркы бийликтен жүз эсе күчтүү болгон Акаев менен аялы жана балдары, Бакиевдин 7 үкөсү, эки баласы менен кармап турган, өмүрү кулабастай болгон бийликти кулатканын, Ала-Тоо аянтындагы аккан кан кургай электигин, Атамбаевдин кабинетинин тушунда Шералынын чокоюндай болуп ак менен карага бөлүнгөн таш эстелик, өлгөн балдардын аты жазылып турганын, үч жылдан бери ошол балдарды аткандардын соту бүтпөгөнүн, президенттин администрациясы жалаң Акаевдин адамдарына толуп кеткенин, эл дагы бир жыл, эки жыл күтүшү мүмкүндүгүн, андан кийин жарыларын, азыр да ревоюцияга жеткирбей кырдаалды оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды. Кумтөр, Салянова, Сатыбалдиев, Ташиев, Жапаров тууралуу ойлорун айтты.

Ушул эле “Учурга” курган маегинде экс-министр Айгүл Рыскулова “Дагы бир жолу бийлик алмашса, өлкөбүз жок болот” деп атаса, депутат Ахматбек Келдибеков “Атамбаевди талкалаш үчүн айланасындагылар тескери жолго салышты” деп атады.

“Арена kg” гезити укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын “Текебаевдин чайында балээ бар” деген ат менен маек куруп, 7-апрелдеги окуяларга кенен токтолсо, генерал Артур Медетбеков маегинин атын “Кечээги санаалаштар душманга айланып, Бакиевдерди торго түшүрмөк тургай, бийлик талашып калышты” деп атап, Кыргызстанга авторитардык режимди эмес, парламенттик системаны киргизүү керектигин, бирок адегенде дүйнөлүк парламентаризм боюнча сабак алуу зарылдыгын, азыр жооп берген эч ким жок, бирин-бири чукумайдан өйдө көтөрүлө албаган парламенттин оозун тиктеп отурганыбызды, эгер депутаттардын саясий эрки болгондо өзүлөрүн таратып жиберсе, туура болмогун, бирок булар деги эле тарабастыгын, ал эми президент Атамбаев күчү жетсе оппозиция, позиция деп элди бөлбөй жыйын өткөрүп, бардык маселени ачык талкуулап, алдыга жылуунун аракетин көрүп, өч алуудан өйдө болушу керектигин, кокус жараат ырбап кете берсе кеч болуп каларын эскертти.

Ушул эле гезит “тарых барактарын тана албайсыңар!” деген рубриканын алдында учурунда “Каркырага добуш бергендер” менен “Үзөңгү Кууштун сатылышына макулмун деп жана макул эмесмин” деп добуш берген депутаттардын тизмесин жарыялады.

“Пресс.kg” гезити менен коомдук ишмер Эмил Үмөталиев “Кайсы жерде салык көп болсо, ошол мамлекеттердин баары ураган” деген ат менен аңгемелешип, жеке менчикке сый-урмат болмоюн эч качан өнүгүү болбосун, мисалы, Кытай жеке менчикти коргоо рейтинги боюнча дүйнөдө 5-орунда турарын, мыйзамды урматтаган өлкөгө акчалуу бирок шылуун эмес, акылдуу жана абийирдүү адамдар өздөрү агылып келип турарын, байыркы Чыңгызхандын мамлекети деле салыкты болгону 10 процент гана чогултканын, ал эми Кыргызстанда иш алып барган ишканалар 70 процент салык төлөрүн, мындай проценттин арты көмүскө экономикага түртүп, узак мөөнөт менен иштеп аткан ишканалар салыктан качып, аргасыздан салыкчылар менен жашыруун пайда бөлүшкөнгө өтүп аларын кеп кылды.

Эмил мырза андан ары бирдеме болсо эле саясатка байлай коюп коркуп отура бергенден өткөн коркунуч жоктугун, биз эмес, бизге кожоюндук кылган күчтөр өзүлөрү коркуп отурганын, аба жолдордун 70 проценти Москванын оозун карап, учактардын баары Орусияны көздөй учарын, бүгүн бизде глобалдуу көз караштар жетиштүү болбой жатканын, тоталитардык же авторитардык өлкөлөрдөн жаңыча ойлонгон адамдар чыгып кетерин же эскиче ойлонгондорду сүрүп чыгарарын, Орусияда азыр капитал да, чет тилин мыкты билген билимдүү адамдар чыгып кетип атканын мисал кылды.

“Айат” гезити айрым жарандардан ГЭСтерди курууга ойлорун сураганда коомдук ишмер Орозбек Молдалиев:

– Камбар-Ата–1 ГЭСи абадан маанилүү, стратегиялуу курулуш болгондуктан көз карандысыз эксперттерди, журналисттерди катыштырып, абдан бышкыча талкуулаш керек,–деп,

Коомдук ишмер Жаныш Рустенбеков: –Эгер өлкөдө туруктуулук болсо орустар куруп берет. Стабилдүүлүк болбосо куруп бербейт,–деп,

Депутат Нурлан Төрөбеков:

– Өзүбүздө акча болбосо, анан акчасы бар өлкө куруп беребиз деп жатса, эмне үчүн макул болбошубуз керек,–деп жооп берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG