Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

“Де-факто” гезитине Аскул Кенжебаевдин ГЭСтер тууралуу ою жарыяланды.

“Де-факто” гезити окурмандардын көңүлүн курулушчу Мидин Исмаиловдун “Жер титиресе, 16 кабаттуу үй калып, анын тегерегиндегилер кыйрашы мүмкүн” деген түшүндүрмөсүн жарыя кылды. Исмаилов көп кабаттуу үйлөрдүн фундаменти 6 метрге чейин жер астына киргизилгенин, көбү Жапониядагы үйлөрдүн чиймеси менен курулуп атканын жүйөгө тартты.

Мирлан Дүйшөнбаевдин макаласы “Текебаевдин элде өчү бар беле? Же мародерлук жөнүндө чындык баары бир ачыкка чыгат” деп аталды.

Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Сот тарабынан акталсам кайрадан мамлекетке кызмат кыла берем” деп интервью берди.

Аскул Кенжебаев аттуу автор "Камбар-Ата–1 ГЭСинин курулушу канчалык маанилүү?” деген суроого жооп издеп, алтындын кени акыры бир күн түгөнөрүн, мүмкүн 20-30 жыл казышарын, андан кийин ал жерде алтын да, алтыны бар тоо да калбастыгын, ал эми суу деген жараткандын түбөлүк агып тура берчү байлыгы болорун, ГЭСтердин курулушуна көбүнчө дилетанттар же бул тармак деген эмне экенин түшүнбөгөндөр каршы чыгып атканын, булардын айрымдары ГЭСтерди Кумтөргө салыштырып жибергенин, бул такыр ойдон чыгарылган куру сөз экенин, ошондуктан ГЭСтерди куруп алып жакшылап иштетсек, 100 жылга чейин жарыгын чачып, пайдасын гана берерин билдирди.

“Фабула” гезити Боршайкомдун мурдагы төрагасы Акылбек Сариев менен маекти басты. Акылбек мырза көрүнгөн жерде кыйкыра бермей таланты жоктугун белгилөө менен, акыйкатчыны шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүнө токтолуп, кемчиликтерин бюллетендер аркылуу санап көрсөтүп, ушундай иштерди жасаган депутаттар бүгүн “шайлоону таза өткөрдүк” деп айтып жатканына уяларын, булар тууралуу кеңири маалыматты кийин берерин билдирди.

“Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабировго гезит кабарчысы:

–Жазында Кыргызстанда кырдаал курчуйт деген кептер күчөөдө. Арасында “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов да “катуу камынып жатыптыр” деген сөздөр бар. Камактагы кесиптештериңиздин тарапташтары да масштабдуу акцияларга чыгары айтылууда. Бул боюнча кабарыңыз барбы?–деген суроо менен кайрылды.

Максат Сабиров: –Эми бизге Бабанов “камынып жатам” деп айткан жок. Кеп чыкса чыгып аткандыр. Бирок “Республика” партиясы элди алып чыгып, бийликти басып алуу тууралуу ою жок. Биздин партия жаштардан турат. Жаштар деген алдыга умтулат. Быйыл жылан жылы. А жылан деген алдыга гана жылат, артка жылбайт. Кыргызстан алдыга жылыш керек. Митинг, революция деген өлкөбүз үчүн эч кандай пайда алып келбейт. Ал эми камактагы депутаттардын тагдырын сот чечет,–деп жооп берди.

“Алиби” гезити “Каяшага каяша” дегени рубриканын алдында пенсионер Акылбек Маткеримовдун белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун гезиттин өткөн санындагы “Коомдук жактоочу - мыйзамдуу жактоочу” дегенине “Коомдук жактоочу – мыйзамсыз жактоочу” деген жооп катын тартуулады.

Акылбек аксакал юстиция тармагын эске албаганда эле сотто 40 жылдан ашуун эмгектенгенин, кийинки кездери “коомдук жактоочумун” деп эле сот жүрүшүн митинг аянтына, ораторлордун клубуна айлантып алгандарына чыдай албай ушул каяша каты аркылуу өз нааразылыгын билдирип жатканын мыйзамдын тили менен баяндап берди.

Ушул эле “Алиби” гезити “Атаханов таластык милицияларды эмнеге куугунтуктоодо?” деген ат менен Нурбек Таалай уулу деген автордун макаласын басты.

Гезиттин Ош облусу боюнча өз кабарчысы Кайрат Жапаровдун “Айдаркенди “ажатканага” айландырган Гүлшанга мыйзам барбы?” деген макаласы басылып чыкты. Макалада Айдаркен шаарында канализация бузулуп, анын саркындылары таза сууга аралашып, бир жарым жылдан бери жергиликтүү тургундарга залакасын тийгизип келатканын жана 15-20 жылдан бери шаардын коммуналдык тейлөө башкармалыгын башкарып келген Гүлшан Илязованын ишмердигин сынга алган.
XS
SM
MD
LG