Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Маалымат майданы үчүн кармаш


“Асман пресс” гезитиндеги маегинде өлкөнүн түштүгүн кыдырып келген “Багыт” саясий партиясынын лидери Самаган Асанов бийлик маалымат “согушунан” уттуруп жатканын айтты.

“Айат” гезити аялдарды 8-март майрамы менен куттуктады. Толкун Курманованын “Бай мамлекетте жашасак, аялдар саясатка аралашпайт” деген, Талас облусунун губернатору Койсун Карасартованын “Акын болсом жаз жөнүндө ыр жазмакмын” деген интервьюларын жарыялады.

“Асман пресс” гезити Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов менен аңгемелешти.

Кабарчы өлкөнүн Башкы чек арачысына кайрылып: “Белый парус” деп аталган интернет гезит жакында Ала-Букадагы Көк-Таш жана 1-Май чек ара бекеттериндеги аскерлер мас болушуп, командирлери тартипке салууга чамасы жетпей жүрөт деп жазды. Ушул чынбы? –деп сурады эле генерал:

– Биз бул маалыматты майда баратына чейин текшердик. “Белый парус” жазган бир дагы факт аныкталган жок. Мындан башка деле гезиттер чындыкка коошпогон макалаларды жарыялай калып жатышат. Тилекке каршы сөз эркиндигин биздин айрым массалык маалымат каражаттары өтө эле аша чапкандык менен пайдаланып жаткан сыяктуудай. Ошол макаланы кунт коюп окуп чыгып, айрым сөздөрү өзбекче жазылганын көрүп бүдөмүк ойдо калдым. Мына ушундан улам атайлап кыргыз-өзбек элдеринин ортосуна чок ыргытып жаткан күчтөрдүн жасап жаткан ишиби деген ойго кетесиң. Башка кандай максат болушу мүмкүн,–деп жооп берди.

Токон Мамытов андан ары армиядагы ата-энелердин да, аскер балдардын да көкөйүнө тийген “дедовщина” маселесин чечүүнүн жолу табылганын, мындан ары бир чакырылыштагы жоокерлерди өзүнөн мурункуларга аралаштырбай, өз чакырылышы менен кызмат кылсын деген бүтүмгө келишкенин, өзү бул орунга келгенден бери застава начальниктеринин айлыгын 50 процентке көтөргөнгө жетишкенин, азыр алыскы Лейлектеги чек ара бекетинде 70-80 офицердин үйү жоктугун, мына ошолорго мамлекет үй куруп бериш үчүн 16 млн. сом бөлүп бергенин, буйруса 16 квартиралуу үй куруларын, мындан тышкары 2008-жылы курулушу башталып келип токтоп калган 72 квартиралуу үйгө да акча бөлүнгөнүн, бул да бүткөрүлөрүн, дагы бир көйгөйлүү маселе “Поликлиника” деген аты гана болбосо заты жок оорукана барын, Оштон көчүрүлүп келген менен эмгиче имараты жоктугун, ошону куруп алыш үчүн Чоң-Арыктан ыңгайлуу жай чыгып атканын, президент да бул маселени чечкиле деп көрсөтмө бергенин, бирок Атамбаевдин буйругун Мамлекеттик мүлк фонду аткарбай жатканын айтты.

“Асман пресс” гезити “Багыт” саясий партиясынын лидери Самаган Асановдун “Бийлик маалыматтык согуштан утулуп жатат” деген маегине орун берди. Ал жакында түштүктү кыдырып келгенин, Кумтөр маселеси, июнь окуялары, Ташиев менен Жапаровдун камалганы боюнча эл бүгүнкү бийликке өтө нааразы экенин, азыркы бийлик Бакиевдин бийлигинен да жаман болуп кетти деген кептерди укканын, Атамбаевди Акаев менен Бакиевдин убагындагы кадрларды чогултуп алды деп жектеп атышканын, райондук, облустук бийликтер чынында эле эл көйгөйүн чече албастыгы менен алсыз экендигин айтты.

Мисалы, түштүктө Коомдук 1-каналды жалган айтат деп такыр көрүшпөсүн, анын ордуна 7-каналды кунт коюп көрүп, чындыкты ушул айтат деп ага ыктап алышканын, деги эле түштүк аймагынын калкы борбордук телеканалдардан алыс калып, коңшулардын телеканалдарын көп көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калганын, гезиттерде да бийлик тууралуу жакшы ою бар макалалар жазылбастыгын, ошондуктан бийлик маалымат майданында да аябай уттуруп жатканын айтты. Самаган Асанов ошону менен бирге эле баары бир эл ишенген саясий фигура жоктугун, эл Бекназаровго ишенбестигин да кошумчалады.

Самаган Асанов муну менен бирге эле мамлекеттин бүгүнкү саясий абалы өтө кооптуу экенин, өзгөртүлгөн Конституция максатына жетпегенин, кайра эле баары президенттин колуна топтолгонун, парламент жоопкерчиликти өзүнө албай эскиче өкмөткө жүктөй салып келатканын, мындай парламенттин кереги жоктугун билдирди.

Гезиттин бул санына өмүрүнүн көп бөлүгүн кыргыздын күүлөрүн чогултууга арнап, артына өлбөс-өчпөс мыкты эмгек калтырып кеткен агабыз Асан Кайбылдаевдин байбичеси Тоту Сыдыкова эжебиздин залкар комузчулар Кара Молдо, Ыбырай жана Асан аганын өзү жөнүндө айтып берген кызыктуу баянын журналист Динара Бейшеналиева жазып алып окурмандарга тартуулады.
XS
SM
MD
LG