Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Сүйлөшкөндөн артыгы жок


14-марттагы кыргыз гезиттерине баяндама.

“Айат” гезити журналист Балбак Түлөбаевдин “АКШбы же оруспу? Же өлкөнүн тышкы саясаты бир багытка өттүбү?” деген макаласына окурман көңүлүн бурду. Автор макаласында Кыргызстандын кошуналар жана дүйнө өлкөлөрү менен өз ара карым-катышы, тышкы саясаттагы орду тууралуу сөз кылып, кандай болгон күндө дагы Кыргызстан тарыхый жана маданий жагынан оруска тагдырлаш, тарыхташ өлкө экенине токтолду. Америка Кошмо Штаттарынын аскер базасы жылына 150 млн. доллар берип, көз карандысыз өлкөгө айланган күндөн бери 1 млрд. долларга жакын акчалай жардамын берсе, Орусия жарым млрд. доллар карызын кечип, Камбар Ата-1 ГЭСин курууга 2 жарым млрд. доллар жумшап, мындан тышкары “Кыргызгазды” сатып алуу менен келечекте 1 жарым миллиардга жакын акча койгону жатканын жазды.

Автор андан ары Орусиядагы кыргыз мигранттарынын салымы жөнүндө кеп козгоп убагында түрктөр да кыйналып, өз өлкөсүнөн иш табалбай дүйнө кезип кеткенин, көп түрк ошондо Германияга мигрант болуп барып, азыркы күндө түрктөр Германиядан Түркияга миллиарддаган доллар инвестиция алып келип турарын эске салды.

Журналист Балбак Түлөбаев муну менен бирге эле оппозиция жана позициядагы кээ бир депутаттар энергетика жаатын канча сынга алса дагы президент Атамбаев элге ачык маалымат берип келе жатканын, керек болсо өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдер интернет булактарына ачык эле жарыяланып келатканын, энергетика боюнча мындай макулдашуу буга чейин Казакстан, Тажикстан, Грузия жана Арменияда болгон менен бизге берилгендей жеңилдиктер алардын бирине да берилбегенин белгилеп, эң башкысы кыргыз саясаты сымаптай кылтылдабай, элдин ойлогон, ошол эле убакта достору жана пикирлештери менен ачык, айкын, так жолго түшкөнү кубандырбай койбой турганын жазып чыкты.

“Арена.kg” гезити “Ажо тактысына ээ болгон адам сөзү менен элге үлгү боло албай жатат” деген баштеманын алдында президенттин сүйлөгөн сөзүн сынга алган бир катар журналисттердин пикирлерине орун берилди.

“Эл үнү” оппозициялык кыймылынын башчысы Азимбек Бекназаров маегин “Президент Ташиев менен ортомчусу жок сүйлөшпөйбү?” - деп атады.

Депутат Равшан Жээнбеков маегин “Мэрдин бир кудайы Атамбаев. Ал кандай чечим кабыл алса, ошого жараша болот” деп атап ал боюнча өз көз карашын билдирди. Жээнбеков Ташиевдин таламын талашып чыгып аткан элдин да чындыгы барын, бирок биз эч убакта бийликти күч менен басып алууга болбой турганын түшүнүшүбүз керектигин, анткени мындай адат мамлекеттин келечегине чабылган балта болорун, муну менен бирге эле бийлик элден мыйзмадуулукту талап кылгандан мурда өзү да мыйзамды сыйлаарын көрсөтүшү керектигин, президент өзү баш болуп мыйзамдарды бузуп атса, элде да, коомдо да акырындап отуруп мыйзамды сыйлабаган адат пайда болорун белгиледи.

Депутат Равшан Жээнбеков муну менен бирге эле бүгүн 7 партиянын президентти сүйлөшүүгө чакырып жатканын туура багыт деп эсептээрин, анткени кандай гана кырдаал болбосун андан чыгуунун бир гана жолу сүйлөшүү экендигин, демек оппозицияда чачыранды болуп жүргөн саясатчылардын башын бириктирип, президент, өкмөт сүйлөшүүгө барышы зарылдыгын, бирок сүйлөшүү маселеси кайсыл бир регионду тынчытуу максатында эмес, мамлекетти канткенде өзгөрүү системасына салабыз деген маселенин айланасында болсо максатына жетерин белгиледи.

Кокус мурдагыдай эле, бул регион каршы чыгып атат, алардын тың балдарын бийликке тартып, элди тынчыталы, же тигил саясатчы катуу кыйкыра баштады, ага кызмат берип оозун баса туралы деген сүйлөшүү болсо андан эч кандай жыйынтык чыкпасын, бул сыяктуу саясаттын жыртык, тешигин бүтөй коймой адаты мурдагы бийликтерде болуп келгенин, ошондуктан ал убактылуу туруктуулукка алып келгени менен оор абалдан чыгара албастыгын билдирүү менен башкаруу системасын өзгөртүүгө басым жасоого токтолду.
XS
SM
MD
LG