Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Кенден чыккан кеп


“Алиби” гезити академик Шергазы Мамбетовдун тоо-кен тармагы боюнча айткандарын жарыялады.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити бул санын журналист Алмазбек Темирбек уулунун “Бажы биримдигине кирүү зарылбы?” деген макаласы менен ачты.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Эл нааразы, Ташиевдер бери жагы он жылга кесилиши керек” деген ат менен жарык көрдү. Автор Ташиевдердин соту жакында бүтпөстүгүн, шаардык сот, андан кийин Жогорку Сот бар экенин, Чыңгызханга айланып, өзү отурган бийликти өзү барып ылдам басып алгысы келип, жол турса темир дубалдан секирип барган Ташиевди жана ага кошуп эки депутатты 10 жылга кесип койсо, соттордун да эл алдында жүзү жарык болмогун жазып чыкты.

Жумагүл Барктабасованын кадимки эле жолбун иттер жөнүндө макаласы окурмандардын ой элегине салынды.

“"Кыргыздардын" тагдыры кандай болот?” деген кайрылуу катты Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев башында турган бир катар баатырлар, жазуучулар, акындар, депутаттар менен спортчулар, академиктер жазып, аны президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге багыштаган.

Кайрылууда сүрөтчү Үсөн Сарыбаевдин “Кыргыздар” деген картинасы жөнүндө сөз кылып, орустун улуу сүрөтчүсү Александр Ивановдун ушул өңдүү “Исанын элге келиши” деген картинасын убагында орус падышасы Александр II жогору баалап, көңүлүндөгү баасын төлөп, кийинки турмушуна да шарт түзүп бергенин мисалга тартып, Үсөн Сарыбаевге да сүрөтүнүн акысын төлөп, шарт түзүп берүү жагын чоңдорго кулак кагыш кылды.

Гезит эл жазуучусу Асанбек Стамовдун сандан санга жарыяланып келаткан “Нөшөрдөн кийин” повестинен үзүндүнү, профессор Советбек Байгазиевдин “Кыргыз коому канткенде адеп-ахлак кризисинен чыгат? Же Арстанбектин осуяттары” деген макаланы жарыялады.

“Алиби” гезити да жаңы санын журналист Темирбек Алымбековдун Ташиевдер тууралуу макаласы менен ачып, бийлик коомчулуктун реакциясын сынап көрүүнү чечкенин, Ташиевдерди такыр эле актап жиберсе, “анда эмнеге камадыңар эле?” деген балээге кабылмагын, айтор бийлик бул маселени дагы эле чече албай турганын, сот ушуну менен бүтпөстүгүн, үч депутат акыры жөн кутулбай, куйруктарына “соттолгон” деген калбыр байланып чыгарын, темир дубалдан секире элек кезинде “президент болчумун” деп жүрчү Ташиевди, саясатчылар С. Жапаров менен Т. Мамытовду ушуну менен кийин бирдеме болсо тизеге тепкенге шарт түзүлөрүн кеп кылды.

Журналист Канышай Мамыркулованын кезектеги макаласы “Баламдын каны Базарбаевди узаткан жок” деген ат менен ИИМ Академиясынын курсанты Нурландын күтүүсүз өлүмүн “3-кабаттан учуп өлүп каза болду” деп жалпыга жар салган окуу жайдын башчысы Алмаз Базарбаевди акыры уулунун каны куткарбаганын, Базарбаев жакында өз орун басары менен алкын ачып салып пара алып отурган жеринен кармалып, камакка түшкөнүн, баласы Нурландын жана ноокаттык баланын өлүмүнө байланыштуу жагдайларга күч органдары көңүл буруп, сыздап турган ата-энелер күткөндөй жыйынтык чыгарып берет деп үмүттөнөрүн, прокуратура, сот органдары бул окуяларга туура баасын бермейинче аракеттерин токтотпой тургандыгын каза болгон курсанттын атасы Орозакун Ниязбаев журналистке айтып берди.

“Алибинин” жаңы санына академик Шергазы Мамбетов “Депутаттар мамлекеттик сырды сактабай калышты” деп интервью берип, тоо-кен тармагы мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз таасир тийгизе турган стратегиялык маанидеги өзгөчө тармак болуп саналарын, ал тууралуу айрым нерселерди сессияда болобу, башка жерде болобу ачык айта берүүгө болбой тургандыгын, ушунун баары саясий сабатсыздыктан болуп жатканын, маселен Жогорку Кеңештин Отун энергетика жана кен байлыктар комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев жакында "чылапчындагы сууну төгөм деп, андагы баланы кошо төгүп" алганын, Кумтөр ачык талкууланып жатат деп эле алтындан он эсе, он беш эсе кымбат баалуу, сейрек кездешүүчү кендерди жарыялап салуунун эч кандай зарылдыгы жоктугун, орустарда “ушак анан жер тоголок болот” деген сөз бар болгонун, Кожобек Рыспаев комитеттин төрагасы катары мамлекеттик деңгээлде ойлонгондо болмогун, тоо-кен тармагын буга дейре бухгалтер, консерва жасагыч, жолчулар башкарып талкалап бүткөндөн кийин үч тилде эркин сүйлөгөн, тажырыйбасы мол, окумуштуу адам Чунуев келгенин, бүгүнкү күндө кен тармагынын абалы оор экенин, андыктан Чунуев сыяктуу адистерди ушакка ишенип кодулоонун ордуна иштетип алуу алда канча пайдалуу болорун айтты.
XS
SM
MD
LG