Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Академик Жамин Акималиев өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев айыл чарбасы боюнча 4 ай мурда берген убадасын аткарбай койгонун айтып, "Кереге" гезитине маек курду.

“Көк асаба” гезити “Билим берүүдө зарыл сабактар мектептерден неге алынууда?” деген суроону койду.

“Жаңы технологиялар” деген шылтоо менен кыргыз тили, тарых, математика сабактары кыскартылып, республиканын айрым мектептеринде ушул сабактарды окутуп келген мугалимдердин бир тобу бошоп жатканын, мисалы, Жыргалаң шахтасындагы Асанбаев атындагы мектепте алтургай кыргыз классын орус класска кошуп салганын белгилеп, айрым мугалимдерге кайрылганда:

Ат-Башыдагы Казыбек айылынын Үсөналиев атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Замира Жумабаева: – Окуу сааттарынын кыскарышы сабатсыздыкка алып келе баштады. Кыргыз тили, кыргыз адабияты мурда жумасына эки саат окутулса, эми анын бир сааты кыскарды. Кыргызстандын тарыхы 8-9–класстарда 1 эле саат окутулса, география сабагы таптакыр алынып салынды,–деп,

Баткендик мугалим Кеңешбек Мырзаев: – Сабактардын кыскарышы мугалимдердин да азайышына алып келет. Түпкү негизи өкмөт мугалимдерге айлык төлөй албай калып кыскартып жатабы деп да ойлоп жатабыз. Эми мектептерде аракетсиз окуучу, арабөк мугалимдер көбөйөт. Мындай кыскартууга биз, мугалимдер караманча каршыбыз – деп айтты.

“Жаңы муундун коалициясы” деп аталган жаштардын коомдук бирикмеси бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити аркылуу “Мамлекет чет өлкөлүк жарандарга көзөмөлдү күчөтүшү зарыл” деген маселени койду.

“Кереге” гезити Өмүрбек Бабановдун “Текебаев, Болот Шер мага душман эмес” деген темада маегин жарыялады.

Академик Жамин Акималиевдин интервьюсу “Ушундай да өкмөт болобу?” деп аталды.

Каражат маселесин кеп кылган Акималиев, өткөндө Тайырбек Сарпашев “Айыл чарбасына 1 млрд. сом келди” деп мактанганын, бул акча айыл чарбасы үчүн 1 тыйынга татыбастыгын, былтыр дыйкандар 167 млрд. сомдук продукция өндүргөнүн, өткөн жылы дыйкандарга деген насыяны 5 миң киши алганын, бирок аны да колунда барлар, карызы жоктор, банк менен ымала кылгандар алып, карапайым адамдар эч нерсе албай калганын, себеби насыя алыш үчүн “эч жерде карызым жок” деген справкаң болушу керектигин, бирок бүгүнкү күндө кыргыз айылдарынан карызы жок кишини табуу да кыйын экендигин, андыктан өкмөт карапайым дыйкандарга акча эмес, сапаттуу үрөн, күйүүчү май, техника, жер семирткич жагынан жардам берсе болмогун айтты.

"Анда эмне үчүн ушуларды өкмөткө айтып, кеңешиңизди бербейсиз?", - деген суроого Академик Акималиев: – Акыркы жолу декабрдын этегинде өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев илимпоздорду чогултуп жыйын өткөрдү. 4 саат сүйлөштүк. Оюмда жүргөндүн баарын айттым. “Үрөн дегенди сорттон баштайт. Сортту биз түзөбүз. Ал үчүн акча керек. Үрөндү көбөйтүү зарыл. Жерди которуштуруп айдамайынча аны канчалык тытмалаган менен пайда бербейт” –десем Сатыбалдиев: “Мыкты турбайбы. Мен ушул окумуштууларды чогултуп, өкмөттүн алдында кеңеш берүүчү топ түзөм” дегенинен сүйүнүп кетип кол чапканбыз. Андан бери 4 айдын жүзү болду. Жантөрө Сатыбалдиевдин айтканынан дайын жок. Ушундай да өкмөт болобу? Азыр коалицияга кирген партиялар гана баарын бөлүп алып, өз кишилерин дайындап жатат.

Дайындоолор тааныш-билиш, коррупциялык схема менен уланууда. Илгери биздин убакта туугандарын кызматка койсо жазаланчу. Азырчы? Үч бир тууган үч чоң жерде кызматта иштеп жаткан учурлар бар. Кадрдык саясат мамлекеттин эң талуу, өзөктүү маселеси. Бирок бул эстен чыкты. Азыр көчөдө же базарда жүрүп эле депутат, мэр, министр болуп алууда. Мындай башаламандык токтомоюн, оңолуу жолуна түшпөйбүз,–деп айтты.

Дагы бир кызыгы, академик Акималиев 1 жылда жок дегенде 10 жолу чет өлкөлөргө барып, айыл чарба адиси катары лекцияларды окуп, кеңеш берип келерин, анын айткандарын чет өлкөлүктөр жерге таштабай пайдаланып келатканын, анын арты менен Бүткүл дүйнөлүк банктан акча да аларын, ал эми Кыргызстанда айыл чарбасынын көйгөйлөрүн күн сайын айтып, какшап отурсаң да бийликтеги тиешелүү адамдардын кылы кыйшайып койбой, угуп койбой, былк этип койбой отурганына жаны кашайды.
XS
SM
MD
LG