Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Башкы тема - Батукаев


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошоп кетишин жазып чыкты.

“Жаңы агым” буга байланыштуу “Президент Атамбаевдин уюшкан кылмыштуулук боюнча 18-мартта кол койгон мыйзамы эмне үчүн бир ай өтпөй бузулду?” деген ат менен макала тартуулап, өткөн жылдын күзүндө Кыргызстандын гезиттери Чеченстандагы таасирдүү кишилер Батукаевди бошотуп берсе кыргыз бийлигине ири суммадагы акча берерин жазып, бирок ал такталбаган маалымат бойдон калганын, эми болсо: “өлүм алдында жатат деп медиктер айтты” деп бошотуп жибергенин, мынча болду Батукаевге саноторийге путевка берсе болмок экен" деп какшыктады.

“Жаңы агым” гезити ошондой эле компромат “согушу” деген рубриканын алдында “Текебаев-Бабановдун кезектеги кармашы же ортодо айланган миллиондор” деген теманын алдында алардын “талашын” талдоого алган макаланы жарыя кылды. “Түркия да бизге ГЭС, “Манас” аэропортуна эл аралык хаб курууга кызыкдар экен” деген жана “ИИМди реформалап келатканыбызга 20 жыл толду, бирок майнап жок” деген макала жарык көрдү.

“Алиби” гезити “Батукаевди ким качырды?” деген баш тема менен жаңы санын ачып, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Кубанычбек Жолдошевдин иликтөө макаласын көчүрүп басты.

Журналист Дайырбек Мейманов өзүнүн көлөмдүү макаласында “Үчүнчү революция болобу?” деген суроого жооп издеди. Макаланы жыйынтыктап баратып автор Кыргызстанда айрым саясатчылар сөөмөй кезеп коркутуп жаткан “3-революциянын” карааны көрүнбөгөнүн, бийликтин күчтүүлүгүнөн эмес, тескерисинче утуру алмаша берген бийликтен эч нерсе өзгөрбөгөндүктөн, алмашса, кайра эле баягылар келип, өлкөнүн байпагы манат болуп кетерине көздөрү жетпегендиктен жана эл ишенгидей оппозициянын жоктугунан, “оппозициямын” деп жүргөндөр баягы эле бийликтен “кресло” тийбей калып, жарма таарыныч менен жүргөндөр болгондуктан экендигин, эл мындайларга эбак ишенбей калганын жазды.
Атамбаев менен Сатыбалдиевге багышталган, 18 киши кол койгон кат “Элди бөлгөндөр жазалансын!” деген ат менен тартууланды.

“Фабула” гезити Айбек Шамшыкеевдин “Ушундай болмок” деген рубриканын алдында “Азиз Батукаевди Чеченстанга жөнөткөндөр 2,5 млн. доллар алганбы?” деген макаласы менен жаңы санын ачып, ошентип Батукаев өз мекенине аман-эсен учуп барып, Кудайга жана өзүн түрмөдөн сууруп алгандарга, чыга элек жатканда паспортун даярдап, самолетко салып койгондорго ыраазы болуп, шашпай чай ичип атканда Кыргызстандын эл өкүлдөрү адатынча комиссия дегенин көтөрө чуркап чуу түшүп калганын баяндады.

Депутат Болот Шер: “Азиз Батукаев деген ким эле? 2013-жылы 16 кыргыздын кулагын кесип, олтурган жерине чечен байрагын илип алганда мен кылмыш ишин козготкон элем. Эгер күч органдары Батукаев тарабынан өлтүрүлгөн Болот Төлөновду сыйлабаса, биз депутаттар, депутат кезинде өлтүрүлгөн Тынычбек Акматбаевди сыйлабасак, анда иш жаман жагына айланып баратканы белгилүү болуп турат. Бул алдын ала даярдалган акция. Күч органдары, баары билишет. Бул жерде мыйзам тебеленген жок, кыргыздын ар-намысы, абийири тебеленип жатат” деп айткан сөзүн мисалга тартты.

“Де-факто” гезити саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун маегине орун берди. Жекшенкулов бийликтин жүргүзүп жаткан ишин талдоого алды. Парламентти сынга алуу менен 2 жылдан кийин азыркы беш партиянын ордуна админстративдик ресурс аркылуу 1 гана партия келиши мүмкүндүгүн, буга элдин бийликке болгон ишениминин жоголушу түрткү болорун, Кыргызстанда оппозиция ар дайым эл болгонун, калган саясатчылардын баары ошол элди өз кызыкчылыктарына пайдаланып алган саясий топтор экенин айтиты.

Ушул эле гезит Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мурдагы Ички иштер министри болгон Кубатбек Байболовго кайрылуу жолдоду. Кайрылууда “Жөн эле фактысы жок, далили жок “абаны" аркы-терки силке бербеңизчи? Кызматыңыздагы бардык ийгиликтериңиз үчүн Сиз ошол кездеги өлкө башында турган Роза Отунбаева менен Алмаз Атамбаевге ыраазы болуп ыракмат айтасаңыз жарашмак. Кайра аларга жалаа жаап шыбагындын ордуна, аларды шыбайм деп атып өзүңүз аябай булгандыңыз” деп жазды.
XS
SM
MD
LG