Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Тебеленген мыйзам


Шейшембиде жарык көргөн гезиттер Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошоп, Чеченстанга чыгып кеткенин сындап жазышты.

Эрнис Балбаковдун “Чуулгандуу жума” деген макаласы менен жаңы санын ачкан “Фабула” гезити “Мындай Акыйкатчынын барынан жогу” деген макала басып, Турсунбек Акун жалаң кылмышкерлердин, киши өлтүргүчтөрдүн, мамлекеттин абийрин кетиргендердин Акыйкатчысы болуп алганын, эгер ал чындап эле Мамлекеттин ишине күйгөн адам болсо мындай жүзү каралыкка бармак эместигин жаны кашайып жазды.
Эл акыны Анатай Өмүрканов “Батукаевди качыргандарга ода” деген ырында:

Булар,
Пара алган сайын дардаңдайт,
Кармалып калса нан кармайт.
Айбан да кээде арданат,
А булар такыр арданбайт.

Эмгеги жок элге бир,
Элди жеп жатат эл жегир.
Өз камын гана ойлогон,
Өкмөтүң менен жерге кир!
– деген ыры менен бүгүнкү өкмөттү, анын күч органдарын безге сайды.

“Фабулага” ошондой эле чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытовдун “Батукаевдин ишин дыкаттык менен иликтесе бир нерсе чыгат” деген аталыштагы маегин тартуулады. Токон Мамытов өз сөзүндө Азиз Батукаевди кимдер кандай кызыкчылыктар менен чыгарганын убакыт көрсөтөрүн, бул маселеге жакында чекит коюлбастыгын, далайга чейин барарын, жакшылап иликтесе бир нерсе чыгарын белгиледи. Генерал ошону менен бирге эле, “Батукаев сырттан туруп алып бул жактагы баш кесер жигиттери менен криминалдык чөйрөдөгү саясатын жүргүзө берерине ишенесизиби? “ деген суроого: “Буга ишенем деп да, ишенбейм деп да айталбайм” деп жооп берди.

“Алиби” гезити “Укук коргоо органдары Азиз Батукаевдин “лезгинкасына” бийлеп беришти” деген баштема менен бүгүнкү санын ачып, журналист Адилет Айтикеевдин “Ташиевден колуңарды тарткыла!” деген макаласына окурман көңүлүн бурду.
Батукаевдин бошоп кетиши боюнча айрым жарандардын пикири менен тааныштыра кетели.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: Бул саясий чечим экени көрүнүп эле турат. Мыйзамды уруп да ойнобойбуз деген бийлик төбөлдөрүнүн кылгандары. Батукаевди бошотуу менен чоң акча алышканын элдин баары эле билип турат. Акча үчүн мамлекеттин абийирин тебелеп жатышат.

Генерал Артур Медетбеков: Батукаевдин бир күндүн ичинде чыгып кетиши сот системасынын, укук коргоо органдарынын, деги эле бийликтегилердин коррупциялык схемага аралашканын, экинчиден мыйзамды тебелеп-тепсеп өз каалаганын жасоонун үлгүсү.

Журналист Болотбек Таштаналиев макаласын “Кыргызстан Батукаевдин барымтасында” деп атап: “Криминалга каршы күрөш жарыялаган Кыргызстанда–кылмыш дүйнөсүнүн башкы авторитеттеринин бири болгон Батукаевдин ден соолугуна байланыштуу аны бошотуу тууралуу сот чечими чыгып, ошол эле күнү чартердик рейс менен Кыргызстандан учуп кетиши, бул кыргыз бийлигинин башындагылардын унчукпаган макулдугу менен гана эмес, түздөн-түз катышуусу менен жасалганы талашсыз чындык” деп жазды.

Журналист Темирбек Алымбеков макаласын “Кайда баратабыз?” деп атап, ансыз да тыягынан абийирибизди ачып салып баса берген Батукаевдин чуусу чубалып бүтпөй жатса, биягынан элди коргой турган милийса менен УКМК жигиттеринин мушташы чыкканын, анын артынан эле Сокулуктун милийсасы менен наркозаттарга каршы күрөшкөн жигиттердин мушташканы тууралуу кабар тараганын, ушинтип күч органдары бири-бири менен кимисинин муштуму катуу экендигин сынап аткан учурда, Аксынын акими Медетбек Айдаралиевдин уулу Жылдызбек Айдаралиев “Газпромдун” май куючу бекетине кирип барып, 830 миң сом накталай акчаны зордук менен тоноп баса бергенин, ушуларды карап туруп “деги Кыргызстанды башкарып жаткан бирөө барбы, же жокпу?” деген ой келерине жаны кейиди.
XS
SM
MD
LG