Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

“ПолитКлиника “ гезити депутат Феликс Кулов менен маек курду. Кулов Р. Акматбаев, Т.Акматбаев, А. Батукаев. Ү. Кудайбергенов тууралуу айтып берди.

“ПолитКлиника” гезити депутат Феликс Куловдун “Рыспек Акматбаевди ким өлтүргөнүн билбейм, Үсөн Кудайбергеновду Рыспек өлтүргөн” деген аталыштагы интервьюсун басты.

Кулов Жогорку Кеңештин абакты кыдырып барган кезде өлтүрүлгөн депутаты Тынычбек Акматбаевди ал баралекте эле түрмөчүлөр өлтүрүп салышканы тууралуу, Батукаев, Рыспек жана ошондогу окуянын кандай болгонун, досу Үсөн Кудайбергеновду Рыспек өлтүргөнүн айтты. Кулов Рыспек кылгылыкты кылып коюп Максим Бакиевдин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйүнө түнөгөнүн, бул оперативдүү топ тарабынан аныкталган факт экенин, муну 1-жолу айтып атканын билдирди. Ал ошондой эле Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетишине бирөө жардам бергени боюнча шек азыр иликтенип жатканын билдирди.

Гезиттер Батукаевге байланыштуу кыңыр ишке кайрадан кайрыла баштады. “Асман press” гезити акыйкатчы Турсунбек Акундун “Батукаевдин кетишине абдан чоң кишилер кийлигишкен” деген аталыштагы маегине орун берди. Турсунбек Акун Батукаевдин коркунучтуу оорусу барын врачтардын койгон диагнозунан кийин айтканын, андай оорусу бар адамды дароо ооруканага жаткырып дарылайт деп ойлогонун, бирок самолет менен качырып жиберет деген ой такыр башына келбегенин, муну угуп алып өзү да таң калганын кеп кылды.

Кабарчынын: –Батукаев өлбөй калды. Эми эмне болот?–деген суроосуна:

–Эми ит болот. Ак кан деген диагноз коюлган адам 3 жумадан кийин өлүш керек эле 3 жума эмес, андан бери канча жума өттү. Эми ушуга кол койгон 12 врач комиссия иликтегенден кийин жазасын алсын,–деди.

–Атамбаев бул ишке 3-4 күн өткөндөн кийин гана күч органдарын чакырып чара көрө баштады, эртеси эле чара көрүш керек эле да?–деген суроого Турсунбек Акун:

–Эртеси эмес, ошол күнү эле реакция кылыш керек болчу. Бирок эмнегедир президент анткен жок,–деп жооп берди.

Ушул эле гезит Жантөрө Сатыбалдиев жөнүндө “Тажрыйбалуу, алсыз, туруксуз саясатчы” деген ат менен айрым жарандардын ойлорун жарыялады.

Депутат Ахматбек Келдибековдун өткөн санда жарыяланган түз байланышынын уландысы “Парламентке эл ишенбесе таркаш керек” деген ат менен басылып чыкты.

“Параграф” гезити журналист Азизбек Келдибековдун “КСДП – чирип бараткан партиябы?”деген макаласын окурмандарга сунуш кылды. Макала “КСДП– кечээ, КСДП–бүгүн”, “КСДП–эртең” деген бөлүмдөрдөн турат.

Бүгүн деген бөлүмүндө автор анын катарында жүргөндөрдү көбү орто саар, мурунку бийликке да жагынып иштеп келгендер экенин тизмелеп, айрымдарынын ишмердүүлүгүн элдин эсине салды. Бүгүн КСДПга мансап үчүн жулунгандар кирип, партиянын кадырын ушулар кетирип жатканын, Акаев менен Бакиевдин учурунда да ал экөөн жакшы көргөн партиялары жайрап түшкөнүн, эл дегендер бул партиядан кача баштаганынын себептерин, андыктан КСДП тазаланбаса болбой баратканын сөз кылды.

Макаланын алдында 2009-жылы президенттик шайлоодо Алмаз Атамбаевдин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон Турдалы Көлбаевдин “КСДП үчүн жандалбастап, бычактын мизинде жүргөнүмө карабай, аңга түртүп кете беришти” деген интервьюсу жарык көрдү. Азизбек Келдибековдун дагы бир макаласы “Текебаев эмнеге “кыймылсыз мүлккө” айланып баратат?” деп аталып, бул күчтүү саясатчы эмне үчүн мурдагыдай активдүү боло албай жатканына ойлорун билдирген.

“Айат” гезитине берген маегин “Жолдорду оңдоо үчүн депутаттар Германиядан тажырыйба алууга кетип жатышат” деп атаган “Республика” фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков, өнүккөн Европа өлкөлөрүндө чоң жолдун баары таш менен куруларын, биринчиден, таш жол арзан, экинчиден, бекем болорун, ушул долбоор менен Ала-Буканын бир айылына таш жол куруу башталганы турганын, эки депутат Германия менен Латвияга барып таш жолдорду куруу тажырыйбасын көрүп келгени жөнөп жатышканын айтып берди.

“Айат” гезитине маек берген депутат Дастан Жумабеков Таластын Кара-Буурасына караштуу Кайнар, Шекер, Арчагул айылдарынын 2600 гектар үлүш жерлер Казакстанга өтүп кетүү абалында турганын айтып, коңгуроо какты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG