Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

“Барометр” гезитиндеги макаласында Композиторлор союзунун төрагасы Т. Чокиев маданият кантип талкаланып жаткандыгын жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Барометр” гезити аркылуу маданияттын азыркы абалына жаны кашайган Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев жеке менчик радио менен телеберүүлөр эбактан бери эле кирди-чыкты, жеңил-желпи чыгармалардын "үгүт жашигине" айланып келатканын, мамлекетте жана коомдо ушуга окшогон аракеттер, иштер жаш муундардын рухий келечегин, жан дүйнөсүн шал кылып кыйратып жатканын, мецанаттык биздин өлкөдө өнүкпөгөнүн, маданият 20 жылдан бери талкалануунун гана үстүндө келатканын айтты.

Көрүнүктүү кен адиси, профессор Шергазы Мамбетов акыркы 20 жылдан бери өлкөнүн геология кендердин өндүрүштүк запасын арбытууну унутканын, инвесторлор алтын кенине гана келип атканын белгилеп, проблемаларды чечүү боюнча баалуу сунуштарын берди.

“Барометр” гезитинин жаңы санынан изилдөөчү, журналист Темирбек Токтогазиевдин “Айкөл Манас – тарыхый инсан же Алтайдагы, Ала-Тоодогу издер” аттуу китеби туурасында автордун өзү менен маекти, "Себат" билим берүү мекемесинин Кыргызстандагы орду тууралуу Орхан Инандын баянын, журналист Сүйүн Курманованын чет өлкөгө кетип жаткан кыргыз кыздарынын ачуу тагдыры тууралуу макаласын, кара жаак Калык ырчы тууралуу эскерүүнү окуйсуздар.

“Кереге” гезити Айдар Сарматовдун “Оппозициянын акыркы силкинүүсү” деген макаласынын алдында “Учурда оппозиция өз максаттарына жетеби?” деген суроо койду.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков: – Биринчиден, оппозициянын өкүлдөрү бири-бири менен бириге алышпайт, экинчиден, финансы жагы начар, үчүнчүдөн, Кумтөр маселесин көтөргөндөн эч пайда жок. Камактагы 3 депутатты бошоткула деген талабы туура,–деп,

Журналист Жыргалбек Касаболотов: –Азыркы оппозиция оппозиция эмес. Улутчулар бириккенде гана чоң оппозиция болот,–деп,

Коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов:– Бизде оппозиция калыптана элек. Азыркы оппозициямын дегендер аймактык принциптерге таянып гана иш кылып жатат. Бирок өкмөттүн отставкасын талап кылганы туура. Өкмөт экономиканы көтөрмөк тургай күндөн күнгө начарлоодо. Кадр саясатында калыстык жок. Мамлекет кадр тандай албаса, андай мамлекетте өнүгүү болбойт. Партиялар бийликке келгени башаламандык күчөдү,–деп,

Депутат Назарали Арипов:– Оппозициянын эң башкы максаты - камактагы депутаттарды чыгаруу, калган талаптарынын аткарылышы күмөн. Оппозиция кайсы жерде митинг уюштурса, ошол жерде маалыматтар апыртылып, атайылап эл көңүлүн буруш үчүн аракет жасалат,–деп айтты.

“Алиби” гезити бул санын Адилет Айтикеевдин “Таластыктар мина болуп жарылабы?” деген Жерүй алтын кенинин айланасындагы маселеге арналган макаласы менен ачты. Макалада 22-апрелде Таластын стадионунда “Талас эл ынтымагы” коомдук уюму тарабынан уюштурулган митинг болуп өткөнүн кабарлап, айрым адамдардын ойлоруна орун берген.

“Талас эл ынтымагы” коомдук уюмунун башчысы Серен Шейшенов: –Таласта кен чыккан жерлерге 50 жылдык мораторий жарыялансын,–деп,

Таластын губернатору Койсун Курманалиева: – Жерүй эгер элдин ден соолугуна, жаратылышка зыяны тие турган болсо, аны ачууга эч кимдин акысы жок. Кокус мындай зыяны болбосо, эл үчүн иштеши керек,–деп,

Таластын тургуну Орозбек Курамаев:–Биз таранчыдай чырылдап таза суубузду, таза абаны сактайлы деп келдик. Бийлик башындагылар ант бергенде “мамлекеттин байлыгы – эл” деп ант беришет, эмне үчүн элдин камын ойлобой, жер алдындагы алтынды казганга кызыгат? – деп,

“Коомдук парламент” коомдук кыймылынын башчысы Касымбек Райымкул уулу:– 50 жыл мурда Миң-Кушта так биздин Жерүйдөй болуп, уулуу калдыктарды сактоочу жай курулган. Азыр ал жер зилзала, жер көчкү коркунучунун алдында турат. Ошон үчүн Жерүй, Талды-Булак, Андаш кенедерин иштетүүгө жол бербешибиз керек,–деп айтты.

Автор Таластагы митингдин катышуучулары бүгүн Бишкекте өтө турган митингге 12 адамды шайлаганын, Жерүй кенин ишетүүгө 50 жылдык мораторий жарыялоо маселеси менен өкмөткө кат жолдонгонун, эгер бул талап 10 күндүн ичинде аткарылбаса, өкмөттүн оставкага кетирүү жана мөөнөтсүз ачкачылыкка чыгуу акциялары башталарын жазды.

“Көк асаба” гезити бүгүнкү санын “Алсыз аскер күчү, ириген ички иштер органы жана андагы коррупция” деген баштема менен ачып: “Эмне үчүн “дедовщинадан” биздин коргоочулар курман болушу керек, биз ансыз деле азбыз го? Эмне үчүн милиция тармагы ириген жана чириген, жүрөктүн үшүн алган системага айланды? Эмне үчүн эл тынчтыгын сактоочу ИИМ менен УКМК өздөрүнчө тирешип, мушташып келет?” деген суроолорго жооп издеди.
XS
SM
MD
LG