Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:12

Журналист Баратбай Аракеев кыргыздын аты кыйлага таанымал аталары балдарына кандай таалим-тарбия бергендигин “Фабула” гезити аркылуу сөз кылды.

24-апрелде Ак үйдүн алдында кайрадан митинг болорун жар салган “Назар пресс” гезити митингде провокация болушу ыктымалдыгын, анткени бийлик тарабынан “кара кепкачандар” даярдалып жатыптыр деген маалыматты “Ата Журт” партиясынын өкүлдөрү айтып атканын, бийликке нааразы болгондор, бүгүн Нарындан жана Жалал-Абаддан Бишкекке аттанмакчы болуп атканын маалымат катары таратты. Гезит Батукаевге байланыштуу эки макала жарыялады.

Жириновскийге жини келген гезит ага каяша катары журналист Жолдошбек Токоевдун ачык катын арнады.

“Назар пресс” гезитинен сиздер ошондой эле акын Акбар Рыскуловдун Малайзия өңдүү өлкөлөрдө өскөн дүрүйан деген жемиш тууралуу жазган макаласын да окуйсуздар.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин ата менен баланын мамилеси тууралуу макаласына окурман көңүлүн буруп, кыргыздын илгерки нарк-насилине токтолуп, Тейитбек чал баласы Курманбекке Телтору атты бербей койгонун эске бир салып өттү. Анан атасы Аскар Акаевден көрүнгөндүн баары меники дегенди үйрөнгөн баласы Айдардын ачкөздүгүн эске салды.

Андан өтүп Курманбек Бакиевдин уулу Максим Айдардан алда канча ашып түшкөнүн, бул зөөкүр кыргызга кыянаттык кылуу жагынан накта душман болуп чыкканын, ошентип эки президенттин уулу таалим-тарбия берген аталары менен кошо куулса, революциядан кийин талоончулук же мародерчулук деген жаман “дартка” кабылган депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар далай мүлктү басып алып соттолгону турганын, Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат ичип алып кишилерди сүзүп өлтүргөнүн, Жаныш Бакиевдин баласы да киши коюп кетип, “уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат болуп”, “Де-факто” гезитинин кожоюндарын Кыргызстандан кууп чыкканын, айтор атанын тарбиясын алып кылмыш кылып, бирок андан ак тооктун тукумундай аппак болуп чыккандар толтура экендигин, кыргызда “уядан эмне көрсөң, учканда ошону аласың” деген накыл кеп барын, балдарды адам кылып тарбиялагандын ордуна, аталары өзүбүз ач көз, алдамчы, ушакчы, алдым-жуттум, таш боор болуп, ошого тарбиялап жатканыбызды жаны кашайып жазды.

“Алиби” гезити бул санын “Бийликтин түшүнө кирген Мелис Мырзакматов”, “Атынып өлөм” деп Атамбаевди коркуткан губернатор ким?” деген баштемалар менен бүгүнкү санын ачып, журналист Темирбек Алымбековдун “Жумгалдагы жулунган “чечекти” баса алабызбы?” деген макаласын тартуулады. Анда малдын чечек ылаңы жана Кыргызстандагы ветеринардык көйгөй жөнүндө сөз кылды.

Гезиттин Жалал-Абад обулусу боюнча өз кабарчысы Майрамбек Адылбеков макаласын “БШК “быкшып” кетти" деп атап, Боршайкомдун ишин сынга алды.
Үй талаш маселесин соттор кандай чечип аткандыгын журналист Канышай Мамыркулованын “Сот Машанын үйүн Сашанын пайдасына чечсе боло береби?” деген ат менен жарык көрдү.

Журналист Адилет Айтикеев 20-апрель күнү Бишкектин тарых музейинде “Улуттар биримдиги” элдик саясий партиясынын 3-курултайы болгонун, курултай жакканын, партиянын төрагасы Мелис Мырзакматов азыркы бийликтин ашмалтайын чыгара сындаганын, сый тамак “Египет” кафесинде өтүп, илгерки аткаминер Кемел Ашыралиев “Үкөйдү” ырдаганын, акырында сөз алган Мелис Мырзакматов: “Белдин тиги тарабынан келгендерди “сарт эле сарт” дей берип, жүрөгүнүн үшүн алып коюпсуңар, биз ал жерден сарттар эмес, кыргыздар жашайт” деп бул жакка тууган издеп келдик. Бир ай Сохко, бир ай Лейлекке, бир ай Ошко жашап келгилечи. Ошондо: “Аа, бул туугандарыбыз бекеринен бул жакка келбейт турбайбы” дейсиңер, ошондуктан бир журт, бир эл гана болбостон, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошолу” деп айтканын шилтеме кылды.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Таштанбек Акматов – мээнеткечтиктин, мекенчилдиктин үлгүсү” деген баштема менен ачты.

“Элдин үнү” деген рубриканын алдында жарыяланган каттардын биринде шаар мэрине Жибек жолун улап берүү тууралуу жазылса, Базар-Коргондун Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Могол айылдарынын жана Көк-Алма токой чарбасынын тургундары ”Дашман” деп аталган жаратылыш коругу түзүлгөн менен проблема чачтан көп болуп атканын, жайыт талашуу чатагы чыгып кетүү коркунучу барын, корукта иштеген 4-5 адамдын кызыкчылыгы 40 миңге жакын адамдын ой-пикирине каршы келип турганын жазып кайрылды.

Кетментөбөлүктөр өкмөткө Бишкек-Өтмөк-Талас-Каракүңгөй, Токтогул-Саргата-Базар-Коргон автожолун Бишкек–Ош автожолуна теңдеш катары сунуштаган катын жолдоду. Бул жолдун келечектеги артыкчылыгын далилдерге таянуу менен кеп кылды.
XS
SM
MD
LG