Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Эл үчүн иштечү ким бар?


2-майда жарыкка чыккан кыргыз гезиттерине сереп.

“ПолитКлиника” гезити жаңы санын “ Май келди. Митингдер токтоду. Жашоо башталды” деген баштема менен ачты.

Депутат Кожобек Рысбаев “Жириновский Көлдү сураса эле бере коймок белек” деп айтса, Айпери Ганыжан кызынын макаласы “Учкунбек Ташбаев менен дагы 11 аткаминерге кылмыш иши козголду” деп аталып, алардын тизмеси жарыяланды.
Белгилүү кинорежиссер Актан Арым маек куруп, Кыргызстандын саясат майданында бийлик талашмай гана болуп жатканын, оппозицияда жүргөнү деле, бийликте жүргөнү деле бийликке жеткенче элге оңбогондой убадаларды берерин, бийликке жетери менен баарын унутуп, башка адамга айланып чыга келерин, бийликке жетпей калгандар чыдамдуу болуп, эл үчүн иштеп берсе эл шайлоодо ошолорду өзү эле шайлап аларын, ал эми азыркы көчө демократиясы деген демократия болбой калганын белгиледи.

“ПолитКлиника” гезити ошондой эле “Калбыры бар депутаттар” деген теманын алдында учурда кылмыш иши козголгон 7 депутаттын бешөө коррупция боюнча айыпталып атканын себептерин көрсөтүп, атайын бетке сүрөттөрү менен шардана кылды.

Гезит Бишкектин түнкү клубдарында “күлдүргүч газды” жашыруун сатып атканын, аталган газ шарларга толтурулуп сатылып, жаштарды убактылуу мас кылып, маанайын көтөрөрүн кабарлоо менен буга байланыштуу врач Жусуп Бошкоевдин түшүндүрмөсүн басты. Врачтын айтымында “Күлдүргүч газдан” мээге кан куюлуп кетерин, дозасынан ашып кетсе тили артка кетип, дем алалбай жан таслим болорун айтып берди.

“Айат” гезити эл депутаты Карганбек Самаков сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон, кыргыз мамлекетин түптөгөн Жусуп Абдрахманов менен бирге иштеген акталаалык Нуркан Кулназаровдун элесин түбөлүккө калтыруу үчүн демилгечи топко айкелине жетчү акчаны атайылап барып тапшырганын, Ак-Талаадагы Жогорку Май айлынын эли менен жолугуп, китепканасына китеп сатып алуу үчүн 50 миң сом бергенин, эл депутаты Самаковдун кийинки учурда жасап келаткан мыкты иштеринен жакшы кабардар эл ага алкыш айтып, ыраазылык билдиргенин маалымдады.

Журналист Бурул Мусабекованын макаласы “Бала баатыр” Бабановдун рейдерлиги” деген ат менен тартууланып, банкир Шарипа Садыбакасова, Максим Бакиев жана банк чатагы жөнүндө кеп болду.

“Алтын кендерине бай Кыргызстан эмне кылышы керек?” Ушул суроонун жандырмагын издеген журналист Балбак Түлөбаев өкмөт деги эле бардык кендерди иштетүү боюнча улуттук программа иштеп чыгуусу керектигин, мораторий менен, тыюу салуу менен жакшы нерселерге жете албасыбызды, бири-бирибизди коркутуп, басып алуудан майнап чыкса анда ушуга дейре небак чыкмагын, ошондуктан алтын баштаган кендерди иштетип, бала-чаканы, аны менен Кыргызстанды багуу зарылдыгын айтты.

Аман Акматов аттуу автордун “Бечара” Бекназаровдун бет кабы” деген какшык макаласы “жыгылган күрөшкө тойбойт” деген рубрика менен тартууланды.
Улуттук университеттин 80 жылдыгына карата, ошол окуу жайдын 80-жылкы бүтүрүүчүсү, жазуучу Бермет Түмөнбаеванын “Портретке штрихтер” деген баяны педагогика илимдеринин доктору, Улуттук университеттин ректору, профессор Искендер Исамидиновго арналды.

Чубак ажы макаласын “Кимиңер Абсаматсыңар?” деп атап, Абсамат Масалиевдин көңүлүнүн токпейилдиги, көр-дүйнөгө байланбагандыгы, эл-журтуна кызмат кылгандан башка нерсени капарына албагандыгы, жөнөкөйлүгү жөнүндө сөз кылды.
“Эки элди бириктирген Курсан Асановдун эрдиги” деген макалада Ички иштер министринин орунбасары, генерал-майор Курсан Асанов Баткендеги кыргыз-тажик чатагына байланыштуу чегарага топтолгон эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн, ал ушундай кыл чайнашкан кыйын кырдаалдарда элден качпай, элдин жанында болорун топтолгондор өздөрү белгилеп, ыраазы болгонун жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG