Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:27

Бүгүн жарык көргөн кыргыз гезиттери Улуу Жеңиштин 68 жылдыгы тууралуу кеп кылып, аталардын эрдигин эскерүүлөргө орун берди.

Улуу Жеңиш Күнүнө бүгүн 68 жыл толду. Фашизмди жер менен жексен кылып, бүтүндөй адамзатты апааттан сактап калган советтик каарман жоокерлерибиздин саны күн өткөн сайын азайып барат. Жеңиш күнү төрөлгөн Жеңишгүлдөр менен Жеңишбектер бүгүн өзүлөрү Чоң Эне, Чоң Ата болуп, неберелерин жетелеп жүрөт. Кыргыз эл баатырлары, Кыргыз эл акындары Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуев ыйык Ата Мекенин коргоп, 5 жыл бою гитлердик баскынчылар менен согушуп, кандуу кармаштын өртүн кечип келгендерден. Улуу урматтуу аксакалдарыбыз азыр да төрүбүздө, сыйыбызда.

Анда Сүкөбүздүн “Согушта” деген ырынан үзүндү окуй кетели:

Уктадык, уктасак да курал алып,
Ок аттык, кулап кайра тура калып.
Кыргында жараланып жатып дагы,
“Ата журт, сен үчүн!” деп урааладык.

Биз анда бар да болдук, жок да болдук,
Биз анда ач да болдук, ток да болдук.
А бирок акыл эсте-кала берди,
Кыргында төрт катар тарткан кордук!

Согуш отун кечпеген, бирок балалыгы согуш мезгилинде өткөн дагы бир Кыргыз эл акыны Төлөгөн Мамеев:

Биз турмушка аталардан кеч келип,
Тээ батыштан согуш отун кечпедик.
Гүл ордуна сундум ушул ырымды,
Аталарды, агаларды эскерип...” деп жазгандай, биз кийинки муундар Улуу Жеңиш күнүн Жер үстүнө апкелген каарман Аталарыбыз менен Апаларыбыздын ыйык эрдигине ар дайым таазим кылып, башыбызды ийебиз! Сиздерге Кудай күч-кубат, кайрат берсин!

“Айат” гезити 500 миллиондон куру калдык” деген кабарында Бишкек эркин экономикалык соода аймагындагы мыйзам бузуулардан улам мамлекеттин казынасына 528 млн. сом салык түшпөй калганын кечээ маалымат жыйынында башкы деректири Орозбек Нусувалиев билдиргенин кабарлады. Башкы деректирдин айтуусу боюнча: “2005-жылдан тарта көрсөткүчтөр төмөндөй баштаган. 2012-жылы кошумча нарк салыгынан 157 млн. сом казынага түшкөн эмес.

Ушу тапта Бишкек эркин экономикалык аймагы үч башка жерде, жалпы аянты 346 гектар жерди ээлейт. 3 миңден ашуун адам эмгектенип, 20дан ашуун чет өлкөлүк инвесторлор иш алып барат. Анын продукциялары Ооганстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Түркия жана Орусияга экспорттолот. Өткөн жылы 4 млрд. 233 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, мамлекетке 520 млн. сомдон ашуун салык төлөнгөнүн жазып чыкты бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити.

Республиканын туш тарабын кыдырып, кайрымдуулук иш жасап келаткан депутат Карганбек Самаков Нарын жергесине барганда былтыр ушул райондун 8-март айылынын сел алып кеткен 3 көпүрөсүн куруп берүүгө өз каражатын бергенин, азыр ошол көпүрөлөр курулуп бүтүп, эл каттап, Карганбекке алкышын айтып, батасын берип жатканын, депутат мындан тышкары айылдагы үч мектепке 30 компьютер тартуулап, бала бакчанын балдар жатчу керебеттерин да толугу менен сатып берип келгенин кабарлады.

“Мекен инфо” гезити да бул санын Улуу Жеңиш күнүнө арналган макала менен ачып, Кыргызстандык Советтер Союзунун баатырлары баатыр панфиловчулардын, Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбеков, Исмайылбек Таранчиев, Анварбек Чортековдордун эрдиктерин эске салды.

“Айат” гезити айрым жарандарга кайрылып: “Азыр согуш маалындагыдай патриоттуулук барбы?” – деген суроо койду.

Коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев: Согуш маалында дал ошол патриоттуулук менен фашизмди жеңгенбиз. Азыр патриоттуулук жок. Бүгүн өлкөдө 200дөн ашуун партия бар, алар элди эки жүз тарапка тартып атса, ар бир партия өз кызыкчылыгына үндөп, бөлүп-жарып, жаатташтырып, эптеп эле элдин жонун тепсеп бийликке жетүүнүн амалын кылып атса кайдагы патриоттуулук болсун?

Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев: Азыркы патриоттуулук согуш убагындагыдан ашса ашат, кем калбайт. Себеби Кыргызстан Акаев менен Бакиевдин огуна тик турду. Мына 7-апрелдеги революцияда аны өз көзүбүз менен көрдүк. Мекенге деген патриоттук сезим кыргыз элинде абдан күчтүү, өзгөчө жаштардын арасында күчтүү, –деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG