Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

10-майдагы кыргыз гезиттерине баяндама.

“Де-факто” гезити Бакиевдин эң жакын адамдарынын бири Пайзуллабек Рахмановду кадимки Үсөн Сыдыков бошотуп алууга жан үрөп, чоңдорго кадырын сала баштаганын, демек Пайзуллабек кесилсе да, бир аз жыл кесилимиш болуп, түрмөнүн “коррупционерлерге" гана ачыла турган эшигинен боштондукка чыгып кетерин жазды.

Ушул эле гезиттен “Прокуратура системасы үй-бүлөнүн жетегинде калдыбы?” деген макаланы окууга болот.

Гезиттеги “Жамандыктан жакшылык издеген лөктөр же мансап үчүн элди экиге бөлгөндү качан токтотобуз?” деген макалада саясатчылар: Алтынбек Сулайманов, Төрөбай Зулпукаров, Мелис Мырзакматов, Ахматбек Келдибеков тууралуу сөз болду. Келдибеков–Сулайманов тандеми тар чөйрөдө “түшпөс хан” аталган Мелис Мырзакматовду тактан түшүргөнү жатабы?”деп суроо койду. Ошто нааразылык митинг өтөрү, анда баягы эле “Бийлик түштүккө көңүл бурбай койду” деген “эски обон” созулары, митингдин көшөгө артындагы авторлору Келдибеков менен Сулайманов экендиги, кыргыз саясатчылары кызматтан жылмышарда же кылмыш иши козголордо ушинтип бийликке “Ормон опуза” кылмайды адатка айлантып алышарын айтты. Дагы бир обужок бөтөнзордук, “түштүккө жардам берилбей келатат” деген сөз жакасын колуна кармап туруп айтса Кудайга жакпай тургандыгын, эгемендиктин 20 жылы ичинде кайсыл бийлик келбесин түндүккө караганда түштүккө айрыкча жардам берип келатканын, инвестициянын баары түштүккө тартылганын, муну эки аймактагы облус борборлорунун, шаарларынын азыркы ал-абалын көздү жуумп алып салыштырып эле байкоого болорун белгиледи.

Дагы бир макала “Азыркы бийлик криминалды эмес, криминал кыргыз бийлигин жеңдиби?” деп аталат.

“Алиби” гезити Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун “Бишкекте 1400 чакырым жол бар, анын 600 чакырымы оңдоого муктаж” деген ат менен “түз байланышка” чыкканда телефон чалгандардын суроолоруна берген жообун жарыя кылды. Мэр Арча-Бешикке бала бакча куруларын, талапка жооп бербеген маршруттук таксилер каттамдан алынарын айтты. Суроонун эң көбү жолго байланыштуу болду.

Темирбек Алымбековдун макаласы Улуу Жеңиш менен Сталин тууралуу болсо, Адилет Айтикеевдин макаласы, согуш учурунда айылдашын туткундан бошоткон эр жүрөк жоокер Кожоке Мамбеталиевдин эрдигин баяндады.

“Жаңы агым” гезити эл тынчыган менен Үсөн Сыдыков тынчыбай жатканын белгилеп: “Үсөн акени жандаган киши соо калчу эмес эле, мисалы ал жандаган Бакиев Лукашенконун этегине кире качкан бойдон чыкпай жатса, Исках Масалиев соттолуп кете жаздап, Апсамат акенин арбагынын аркасы менен “аман” калганын, азыр республикалык масштабдагы саясатчыга айлансам деп аракет жасап, бирок Үсөн акесин жандооч кылып аткан Мелис Мырзакматов да ушул жагын ойлоп койсо жакшы болот эле” деп эскертти. Гезит андан ары кыргыз адабиятынын классиги, ааламды аңтара ырдаган Барпы акынга Сузакта эстелик тургузулбай атса, бийликти Чыңгызханча басып алчумун деп Акүйдүн шиш кашаасына алаасын алдырып алган Камчыбек Ташиевге эстелик тургузуларын сүйүнчүлөп жатышат деп жазды.

Гезит муну менен бирге эле “Комиссия ишин жыйынтыктай электе Батукаев Орусиянын жарандыгын алды” деп кабарлады.

“Прокурор сага айтам, сот сен ук” деген рубрика менен жарык көргөн Коомдук иликтөөлөр институтунун деректири Рита Карасартованын маеги “Сот реформасынан үмүт үзүп, Текебаевдерди жазалаш керек” деп аталды.
“Манас-Мурас” коомдук фонддун жетекчиси Баткен Шерниязовдун, Манас изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин “Манас” кыргыздын коду, муну эч ким жок кыла албайт” деген аталыштагы маектери жарыяланды.

Кармышак Ташбаев Аликтегиндин Кыргыз поэзиясынын классиги Турар Кожомбердиевди эскерүү баяны окурмандарга тартууланды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG