Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Жаман атка миң камчы...


“Алиби” гезити Жалал-Абаддагы окуяларды баяндаган өз кабарчынын макаласын басты.

“Алиби” гезитинин Жалал-Абад боюнча өз кабарчысы Майрамбек Адылбековдун макаласын тартуулады.

Автор алгач ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматов, облустук ички иштер башкармасынын башчысы Малик Нурдинов, шаар башчысы Муктар Арапбаев жолугуп, сүйлөшүүлөр жүргөнүн, эки тарап тең кеп-кеңешке келип, митингчилердин талабын президентке жеткирүү үчүн Курсан Асанов, Жусубалы Төрөмаматов, Жеңиш Токторбаев жана камактагы депутат Талант Мамытовдун атасы Бишкекке бийлик менен сүйлөшүүгө жөнөгөнүн, бирок аларды президент да, Жантөрө Сатыбалдиев да кабыл албай койгонун, бирок бийлик мыкчыгерлери тарабынан убадалар кабелтең берилгенин, бирок 2-июнда окуялар теңирден тескери кеткенин баяндады.

Өз кабарчы андан ары Улуттук коопсуздук комитети “Эгемен Кыргызстан” партиясынын төрагасынын орун басары, оппозиционер, митингдин алып баруучусу Медер Үсөновду “уурдап” кеткенден кийин нааразылык күчөп, элдин саны 700дөн ашып, топтолгондор УКМКнын имаратын басып алууга белсенип, “Молотов коктейлинен” 10-15 бөтөлкө ыргытылып, чыккан өрттү Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери өчүрүп калганын жазды.

Ошентип нааразы тарап Бишкек-Ош жолун бууп салганын, элдин саны 2000ге жетип, жолдун чок ортосуна боз үй тигишкенин, ары-бери өткөн машинелердин жол сапары токтогонун кеп кылды.

Автор акыркы күндөрү өлкөдөгү болуп жаткан окуялар азыркы бийликтин мурдагыдай башкара албай, ал эми эл азыркыдай башкарууну каалабай калгандыгын билдиргендей абалга жеткенин, андыктан бүгүнкү бийлик мунусун түшүнүп, ээрден кыйшайып бараткан көчүгүн оңдоп, обу жок тоңмоюндук кыла бербей, чындап акыл калчабай турган болсо абал кыйын болуп турганын белгилеп, “же бул бийликтегилердин да мурдагыларга окшоп “качкылары” келип калганбы?” деп суроо койду.

Журналист Майрамбек Адылбеков сөзүн андан ары улантып, дагы бир өкүнүчтүүсү биздин мамлекетте маселе чечүү үчүн сөзсүз митинг-пикетке чыгуу адатка айланып баратканын, эл дүрбөп көчөгө чыгып, ызы-чуу салмайын бийликтин көзү көрбөй, кулагы укпай калганын, качан гана алар отурган “креслолорун” тартып ала баштаганда эстерине келип, ошондо араң кыймылдай баштаарын, буга кечээги эле Жети-Өгүздөгү окуяны мисал тартса болорун, “жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы” кылдырган бул кандай бийлик, же баспаган өгүздү камчылагандай такай эле митинг-пикет өткөрүп камчылап туруш керекпи деп жазып чыкты.

“Алибинин” ушул эле санына “Демократиялык альянс” саясий партиясынын Кумтөр алтын кенинин айланасындагы жана Жалал-Абаддагы окуяларга байланыштуу токтоосуз аткарууга тийиш болгон 8 талаптан турган билдирүүсүн да жарыяланды.

Айрымдарын атай кетели: Коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар менен президенттин ортосунда мамлекеттик кызмат орундарын бөлүштүрүү практикасын токтотууну, саясий куугунтуктоого байланыштуу соттук иштерди кайрадан карап чыгууну, саясий кризисти ооздуктоо үчүн күч колдонууну токтотуп, сүйлөшүп чечүү практикасына өтүүнү, сот системасына толук реформа жүргүзүүнү, сот адилеттигин камсыз кылууну талап кылган.

Гезит булардан тышкары “Ата Мекенди” тазалоо керек!” кайрылуу басты. Кайрылуу партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевге багышталды.

Кайрылууга колдорун койгондор “Ата Мекен” партиясынын кезексиз курултайын чакырууну, антпесе партияда саясий кризис улам тереңдеп баратканына, карапайым адамдар саясатчылардын айдаган жагына баса берген караңгы масса эместигине, алардын арасында мамлекеттин, элдин тагдырына сөз эмес, иш жүзүндө күйгөндөр бар экендигине партия төбөлдөрүнүн көңүлүн бурган.
Журналист Канышай Мамыркулованын макаласы “Кыргызстанда кылмыш иши козголбогон адам калабы?” деген ат менен жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG