Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

“Барометр” гезити ырчы Дарика Жалгасынова жөнүндө макала жарыялады.

Бүгүн жарык көргөн “Барометр” гезити Турсунбек Акундун өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар деген сөзү калп экенин белгилеген өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн нааразылыгын шилтеме кылып, коомчулук алдында акыйкатчы Акун Жантөрө Сатыбалдиевден кечирим сурабаса, премьер-министр сотко бериши мүмкүндүгүн кабарлады.

Гезит дагы бир кабарында: “Парламент АКШнын “Манас” аэропортундагы транзиттик борборун Кыргызстандан чыгаруу үчүн добуш берди” деген ат менен ошол мыйзамдын беренелерин жарыялады.

Ушул күндө пенсионерлердин жалпы саны республика калкынын 10-11 процентин түзөрүн, акыркы беш жыл ичинде пенсионерлердин саны 42 миң кишиге көбөйгөнүн кабарлаган гезит экономист Гурас Жапаровдун миграция маселесин талдоого алган макаласынын акыркы бөлүгүнө окурман көңүлүн бурду.

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстандан жыл сайын 70 миң адам акча таап, жан багуу үчүн чет өлкөлөргө чыгып кетет. Мисалы, мигрант Орусияга барып, ишке орношуу үчүн уруксат кагазын алгыча орто эсеп менен 3 ай өтөт. Документ даярдоо үчүн эле тиешелүү органдарга, анын ичинде “орус тилин билет” деген кагаз да бар, 25 миң рубль пара берет.

Орун-очок алып, иштеп калган мигранттардын 40 проценти эмгек маянасынын жарымын кичи Мекенине жөнөтүп турат. Бул акчанын көлөмү 200дөн 500 долларга чейинки АКШ акчасына барабар. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча эмгек мигранттары ай сайын Орусиядан 160 миллионго жакын доллар которот. Эгер кыргыз бийлиги, Кыргызстандын жаштарын өз өлкөсүнүн аймагынан иш менен камсыз кылуу аракетин көрүүгө шашылбаса, анда жаштар менен кошо жаңы идеялар да чет өлкөлөрдү көздөй кетип каларын дагы бир ирет эскертти экономист аталган макаласында.

“Барометр” гезити ошондой эле бүгүнкү санына ырчы, Кыргыз Эл артисти Дарика Жалгасынова тууралуу баянын басты. Кыргыздын ырлары менен дүйнөнүн кыйла жерин кыдырган Дарика Жалгасынова кадимки эле чийден куурчак да жасарын, ал гастролдо жүргөндө дүйнө элдеринин ар түркүн куурчактарын көргөнүн, бирок бала кезде кыргыз кыздары жасап алып ойноп жүргөн чий куурчактарды эч бир жерден көрбөгөнүн, анан ошондой куурчак жасагысы келип, чийден куурчак жасай баштаганын, ошентип Манас, Алманбет, Каныкей, Айчүрөк деп жасай берип, ушул күндө куурчактарынын саны 500дөн ашып кеткенин, көбү белекке берилип, көбү чет өлкөлүктөргө жакшы акчага сатылып кеткенин кеп кылды.

Дарика Жалгасынова атүгүл 2005-жылы Жапонияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө өзүнүн 40ка жакын чий куурчактары менен катышып, диплом менен сыйланган.

“Барометр” гезити “Тилиңе - тибиртке!” деген рубриканын алдында Жогорку Кеңештеги депутаттардын сессиядагы сүйлөгөн сөзүнө окурмандардын көңүлүн буруп келатат.

Депутат Мурадил Мадеминовдүн сүйлөгөнү: – Эми ушул кишиге, ушул кызматты доверяйт этип атып, сиз ошол өкмөттүн структурасына "вице-премьер тире глава пограничной службы” деп киргизсеңиз болбойтпу? ГСН системасындагы кардинальный реформа жасабасаңыздар последний МВДнын эмнесин алып көрсөңүздөр, аябай преступность өсүп кетип атат да, ошол жакка кардинальный реформа керек”.

Депутат Акматбек Келдибековдун сүйлөгөнү: –Өкмөт токтом чыгарыптыр, МВДнын сотрудниктери будан башка соттон утуп келсе, ишке восстанавливать этилбейт деп. Бул эмне деген токтом? Исмаил Исакович айтып аткан “в контрактном основе” деп турат.

Депутат Жылдызкан Жолдошеванын сүйлөгөнү: – Азыр Соцфонд жакшы бир иштерди алып барып атат да. Российский федерация менен ошол жерге силердин дагы жакшы бир поддержкаңар керек болуп атат. Баягы Соцфондго зачислениялар боюнчачы. Мен кыргызча сүйлөсөм түшүнүп атасызбы, чынын айтыңыз, түшүнбөсөңүз, мен орусча айтайын.

Гезитте булардан тышкары жазуучу Ысмайыл Кадыровдун улут тарыхы тууралуу жазган баяндамасы, акын Кыялбек Урмамбетовдун сандан санга жарыяланып келаткан детективи да “Барометрдин” бүгүнкү санында.
XS
SM
MD
LG